КУШ УЙКУ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Бир аз тук этип алма, көз илинип ала коймо, кыска, сергек уйку. Кален ушул күнү кичине куш уйку салып алды (Укаев). Нинанын сөзүнөн улам, куш уйкудан чочуп ойгонгон эмедей селт этти (Саатов). Чыканактап калды эле, куш уйкуну салды эле («Манас»).