1. человек; ургаачы киши женщина; эркек киши мужчина; көп кишинин бири ничем не примечательный человек; мелкая сошка; киши-кара собир. люди; киши-кара келип калды какие-то люди прибыли; киши-кара келип калбасын как бы кто вдруг не пришёл; киши-кара көрүнбөйт не видно ни единой живой души (ни одного человека); киши-кара көрбөдүм, эч кандай кабар укпадым фольк. никаких людей я не видел, никаких вестей я не слышал; киши кийик дикарь, дикий человек; киши-миши кое-какие люди; 2. настоящий человек; киши бол- 1) стать человеком; 2) (о больном) поправиться, оправиться; ал киши болбойт 1) из него человека не выйдет; ничего путного из него не выйдет; 2) (о больном) он не выздоровеет; 3. (в старом быту) мужчина; үйдө киши барбы? дома кто (из мужчин) есть? 4. другой, посторонний; кишиге айтпа никому не говори; посторонним не говори; кишиники принадлежащий другому человеку; чужой.
зат. Ойлоого, аң-сезимге, тилге жана эмгек куралдарын өңдүрүүгө, аларды коомдук процессте пайдалануу жөндөмдүүлүгүнө ээ болгон тирүү жан; адам. Эркек киши. Аял киши. Чоң киши. Кадырлуу киши. Киши жаманы кирип чыкканча билинет, өз жамандыгын өлгөнчө билбейт (макал).
¨ Киши-кара — адам, кимдир бирөө, жалпы эле киши. ..Чачыкей.. отун алган жериңден киши-кара көрдүңбү, кандай кабар уктуң? («Эр Табылды»).
киши киши болбоо киши болуу киши бою киши-кара киши катарына кошуу киши кийик киши колдуу болуу киши көзүн карабоо киши өлтүрүү (ук.) киши санынан чыгуу киши сымал маймыл дар кишиге жугуму жок
1. Ойлоо, сүйлөө жөндөмдүүлүгү бар, акыл-эстүү жан, адам. Эркек киши. Аял киши. Чоң киши. Төмөнкү имерилиштен бир киши көрүндү (Жантөшев). Шамбет кары кишиге артык тамаша айтпай, ажарлуу гана күлүп койду (Сыдыкбеков). Миң кишинин атын билгенче, бир кишинин сырын бил (макал). Кишиден башка эч ким жогото албайт муну, кишиден башкага кереги жок мунуңдун... (Усубалиев). 2. Аң-сезимдүүлүгү, жөндөмдүүлүгү, кишилик сапаты бар адам. Бул сага караганда киши экен, айткандарын аткарды («Чалкан»).
1. Чоңоюу, эс тартып, өз оокатын өзү жасагыдай болуп калуу. Аман жүрсө киши болор. Жаман чүрпөлөрү киши болуп калды («Ала-Тоо»). 2. Оорудан жакшы болуу, айыга баштоо, баш көтөрүп калуу. Кагылайын ачык айтып, ак сүйлөчү, абалы кандай, киши болчудайбы? (Бердикеев).
1. Чоңоюу, эс тартып, өз оокатын өзү жасагыдай болуп калуу. Аман жүрсө киши болор. Жаман чүрпөлөрү киши болуп калды («Ала-Тоо»). 2. Оорудан жакшы болуу, айыга баштоо, баш көтөрүп калуу. Кагылайын ачык айтып, ак сүйлөчү, абалы кандай, киши болчудайбы? (Бердикеев).
КИШИДАШ — мифтик кейипкер. «Таш киши» деген мааниге ээ. Перилердин балбаны.
Кишидаш жайын сурасаң
Сайса найза теше албайт.
Чапкан кылыч кесе албайт.
Жаракка адам ишенсе
Адам уулу бет албайт (Сагымбай Орозбаков, 3. 99),
— деп Бокмурун Көкөтөйдүн ашына чакырат.
КИШИ ЖАШАБАГАН ЖАЙ – имараттын жалпы менчик болуп эсептелген бөлүгүнөн тышкаркы, жашоодон башка максаттар үчүн колдонулуучу өзүнчө жай (б. а, дүкөн, кафе, өнөркана ж. б.).
Бул сөздүн мааниси К.К.Юдахиндин сөздүгүндө собир. люди (Юдахин 1965: 390) деп чечмеленип, көп маанилүү кара компонентинин төмөнкүдөй тарыхый маанилери бар экени белгиленген: кара 11. ист. простолюдин; 14. ист. распространенный эпитет раба, рабыни (Юдахин 1965:346).
Тарбия-таалим берүү, адам кылуу, кам көрүү, элге аралаштыруу. Андай ооруйт экен, өзүн эле окутуп-чокутуп, киши катарына кошсоңор болбодубу кагылайын (Өмүрбаев).
Тарбия-таалим берүү, адам кылуу, кам көрүү, элге аралаштыруу. Андай ооруйт экен өзүн эле окутуп-чокутуп, киши катарына кошсоңор болбодубу кагылайын (Өмүрбаев).
1. Өз ажалынан эмес, бирөө тарабынан өлүм табуу, өлтүрүп коюу. Мунун киши колдуу болуп өлгөнун же өз ажалынан мурт кеткенин кийин аныктарбыз (Бектенов). - Осоке, Жоодар киши колдуу болуптур! -деди (Өгөбаев). Алымкул аталыктын киши колдуу болушу булардын ортосун ого бетер суутуп кетти (Касымбеков). 2. Уурдалуу. Саап турган ую киши колдуу болду. Жылкы жоголбой эле киши колдуу болгону билинди (Ш. Үмөталиев). Акынды менден жакын билген киши жок, дептери киши колдуу болуп кетиптир (Абдукаимов). Билип коюңуз, дептер киши колдуу болгон жок, биз да бирдемени түшүнөбүз (Абдукаимов).
1. Өз ажалынан эмес, бирөө тарабынан өлүм табуу, өлтүрүп коюу. Мунун киши колдуу болуп өлгөнүн же өз ажалынан мүрт кеткенин кийин аныктарбыз (Бектенов). – Осоке, Жоодар киши колдуу болуптур! – деди (Өгөбаев). Алымкул аталыктын киши колдуу болушу булардын ортосун ого бетер суутуп кетти (Касымбеков). 2. Уурдалуу. Саап турган ую киши колдуу болду. Жылкы жоголбой эле киши колдуу болгону билинди (Ш. Үмөталиев). Акынды менден жакын билген киши жок, дептери киши колдуу болуп кетиптир (Абдукаимов). Билип коюңуз, дептер киши колдуу болгон жок, биз да бирдемени түшүнөбүз (Абдукаимов). В.: Душман колдуу болуу. Жөнөкөй кишилер эмес, кадимки даңазалуу баатырлар да капилет басканда душман колдуу болушкан (Абдукаимов). Ал душман колдуу болуп, майып кылынышы айдан ачык («Ала-Тоо»).
кишилик I 1. человечность; то, что относится к человеку или характеризует его; кишиликтен чыккан адам конченый человек; үч жүз кишилик клуб клуб на триста человек; беш кишилик аш количество пищи на пять человек; 2. вежливость, воспитанность; 3. отзывчивость, гуманность. кишилик II сиденье седла.
1. Кишичилик, адамгерчилик. Колунда малың турганда, Кишиликти унуттуң (Осмонкул). Кишилиги жок наадан тура («Чалкан»). 2. Канча кишиге тете экендигин же нерсенин көлөмү, өлчөмү канча кишиге таандык болорун, туура келерин билдирүү үчүн колдонулат. Деги сенин канча кишилик алың бар! («Ала-Тоо»). Зубайда өзүнө бир кишилик башка төшөк жайлап алды. (Убукеев). Үйдүн сол жаккы капталында эки кишилик чоң кровать (Жантөшев).
Адамгерчиликтүү, кичи пейил, адептүү, тартиптүү, сылык. Кичи пейил, ак көңүл Кишиликтүү зайыбы (Осмонкул). Токтогул тамашакөй, шайыр, кишиликтүү акы н болгон (Бөкөнбаев).
КИШИМЖАН — эпизоддук кейипкер, Ысмайылдын кызы. Ысмайыл багып алган балтыр бешик Семетейди көтөрүп чоңойтот. Семетей он экиге келип, Сарытаздан ата-тегин угуп, аны жашырган Каныкейге тарынып жатканда келип, жалынып-жалбарып тургуза албай коёт (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 135).
то же, чтокишисин-; кегимди мыктап албасам, кишимсип кантип жер басам? фольк. если я по-настоящему не отомщу, как же я буду ходить по земле и считать себя человеком?
этиш. Киши сыяктануу, адамсынуу, киши сапатында болуу. Кишисинип сый көрсөтүүгө жарыган жок («Ала-Тоо»). Кел, балам, чайың муздап калды! — деп, атам да мага жаны ачыган кишисинди (Жантөшев).
Кандайдыр бир киши абалында болуу, ошондой абалдагы кишиге окшоп көрүнүү, колунан бирдеме келген, бирдемеге жарагыдай, арзыгыдай киши сыяктануу, кишилик сапаты бар өңдөнүү. – Кел, балам, чайың муздап калды! – деп, атам да мага жаны ачыган кишисинди (Жантөшев). Элге кур кетүүнү ылайык көрбөй жүргөн элем,– дедим кишисинип («Ала-Тоо»).
Кимдир бирөөнү кишилик сапаты, идиреги бар, колунан иш келет, аркы-беркини түшүнөт деп баалоо, киши катарында саноо. Сени кишисинтип ишенип жүргөнүм бекеринен эмес эле, иничегим! («Ала-Тоо»).
Кишиге кол салма, качырып тийме адаты бар, киши жегич (бука, буура сыяктуу үй айбандарына жана жырткычтарына карата айтылат). Кишичил бука. Кишичил жолборс. Сопу бийдин кишичил кара буурасы кубалап келип, Токтогулду жарга камады (Токомбаев).