КИШИЛИК I
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Кишичилик, адамгерчилик. Колунда малың турганда, Кишиликти унуттуң (Осмонкул). Кишилиги жок наадан тура («Чалкан»). 2. Канча кишиге тете экендигин же нерсенин көлөмү, өлчөмү канча кишиге таандык болорун, туура келерин билдирүү үчүн колдонулат. Деги сенин канча кишилик алың бар! («Ала-Тоо»). Зубайда өзүнө бир кишилик башка төшөк жайлап алды. (Убукеев). Үйдүн сол жаккы капталында эки кишилик чоң кровать (Жантөшев).