(о жеребце, о верблюжьем жеребце) свирепый, набрасывающийся на человека;
кишичил айгыр свирепый жеребец (бросающийся на людей, бьющий задом, кусающийся);
кишичил буура свирепый верблюд (жеребец).
сын. Кишини качыргыч, кишиге тиш салгыч, кол салгыч. Сопубийдин кишичил кара буурасы кубалап келип [Токтогулду] жарга камады (Аалы).
Кишиге кол салма, качырып тийме адаты бар, киши жегич (бука, буура сыяктуу үй айбандарына жана жырткычтарына карата айтылат). Кишичил бука. Кишичил жолборс. Сопу бийдин кишичил кара буурасы кубалап келип, Токтогулду жарга камады (Токомбаев).
зат. Адамгерчилик, кишиликтүүлүк, адептүүлүк, кичи пейилдик. Лайлыкан кара торунун сулуусу, акыл, эси келишкен, кишичилиги артык кыз (Жантөшев).
кишилик менен бирдей. Лайлыкан кара торунун эң сулуусу, өңүнө жараша акыл-эси келишкен, кишичилиги артык кыз (Жантөшев).
кишиликтүү менен бирдей. Бүбүш өзбү, жатпы – баарына бирдей караган, келим-кетимге түшүнгөн кишичиликтүү неме (Таштемиров).