Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Өз ажалынан эмес, бирөө тарабынан өлүм табуу, өлтүрүп коюу. Мунун киши колдуу болуп өлгөнун же өз ажалынан мурт кеткенин кийин аныктарбыз (Бектенов). - Осоке, Жоодар киши колдуу болуптур! -деди (Өгөбаев). Алымкул аталыктын киши колдуу болушу булардын ортосун ого бетер суутуп кетти (Касымбеков). 2. Уурдалуу. Саап турган ую киши колдуу болду. Жылкы жоголбой эле киши колдуу болгону билинди (Ш. Үмөталиев). Акынды менден жакын билген киши жок, дептери киши колдуу болуп кетиптир (Абдукаимов). Билип коюңуз, дептер киши колдуу болгон жок, биз да бирдемени түшүнөбүз (Абдукаимов).