Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Ойлоо, сүйлөө жөндөмдүүлүгү бар, акыл-эстүү жан, адам. Эркек киши. Аял киши. Чоң киши. Төмөнкү имерилиштен бир киши көрүндү (Жантөшев). Шамбет кары кишиге артык тамаша айтпай, ажарлуу гана күлүп койду (Сыдыкбеков). Миң кишинин атын билгенче, бир кишинин сырын бил (макал). Кишиден башка эч ким жогото албайт муну, кишиден башкага кереги жок мунуңдун... (Усубалиев). 2. Аң-сезимдүүлүгү, жөндөмдүүлүгү, кишилик сапаты бар адам. Бул сага караганда киши экен, айткандарын аткарды («Чалкан»).