Киргизско-русский словарь Юдахина
ката I
ар.
ошибка, погрешность;
адам катасыз болбос, көл бакасыз болбос погов. не бывает человека без ошибок, не бывает озера без лягушек;
ката кетирбей сүйло- говорить без ошибок;
менден кеткен ката моя ошибка;
катасынан бүткөн он зачат в грехе.
ката II
жолду ката всю дорогу, на протяжении всего пути;
жолду ката сүйлөшүп келдик мы всю дорогу разговаривали.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Туура эмес, натуура, жаңылыш, чеки. Ойлоп турса Татыбек чын эле чоң ката жибериптир (Байтемиров). Ошондо мен өз катамды сезе койдум да, дароо оңдоп жибердим («Жаш ленинчи»). Жаман көрбөй кечиргин Сөзүмдүн болсо катасы («Эр Табылды»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. жестокий, свирепый;
мурункудай катаал болбой калды он уже не такой свирепый, как раньше;
катаал үн сердитый, свирепый голос;
2. трудный, тяжёлый;
катаал турмуш тяжёлая жизнь;
ашуулардын эң катаалы самый трудный из перевалов.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
сын. 1. Каардуу, мээримсиз. Эмилахун бизге мурункудай катаал болбой калды (Жантөшев).
  1. 2.                  өт. Оор, кыйын. Жылдын катаал мезгилинде да өндүрүмдүү иштей берүүгө колхозчулар үйрөнүшкөн («Советтик Кыргызстан»).
  2. 3.                  өт. Орой, катуу. Какшыкталган катаал сөздөрү менен кулагымды тындырышпады (Жантөшев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Каардуу, ырайымсыз, мээримсиз, орой, ачуусу чукул. Асты мындай катаалды көргөн эмесмин (Элебаев). Эмилакун бизге мурункудай көп катаал болбой калды (Жантөшев). Мүнөзү да катаал, өзүмчүл адам экен («Ала-Тоо»). 2. Тиричиликке шарты оор, кыйын, кыйынчылык тарттырган. Карайлап көз көрбөй, Кайырсыз катаал түн беле (Абдыраманов). Жылдын катаал мезгилинде да өндүрүмдүү иштей берүүгө дыйкандар үйрөнүшкөн

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Каардуулук, мээримсиздик, катуулук. Бул кезде катаалдыктан аты чыккан, Элимди сурап турган Кудаярхан (Абдыраманов). [Гүлзатты].. кайын ата, кайын энеси катаалдык кылып шорун кайнатып жүрүптүр («Ала-Тоо»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. тар. Байыркы Римдеги жана Рим империясынын башка шаарларындагы христиан дининдеги адамдар сыйынуу, жашырынуу жана өлгөндөрдү көмүү үчүн жер астына жасалган кеңири жайлар. 2. Жер астындагы жолдору татаал, адаштырма галереялар.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КАТАЛ — топоним. Кытайга чалгынга бара жаткан Алмамбет: «Каталдын кара бели бар, Каңгайдын калың эли бар» (Сагымбай Орозбаков, 4. 217),— деп душман жерин Манаска тааныштырганда эскерилет.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
м.
каталог (нерселердин, китептердин ж.б. бир жерге бириктирилген тизмеси; бул - аларды оңой таба турган тартипте түзүлгөн болот);
алфавитный каталог алфавит тартиби менен түзүлгөн каталог.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жаңылыштык, туура эместик, ката кетирип коюучулук. Каталык болсо кечир деп Алтыбай салды оңуна («Эр Табылды»). Каталык менден кеттиби, сенден кеттиби – аны калыс адамдар карап көрөт («Ала-Тоо»).

Русско-кыргызский словарь Юдахина
ср.
1. отуруп (түшүп) жүрүү, отургузуп (түшүрүп) жүргүзүү (напр. в автомобиле, на лодке); минип жүрүү, мингизип жүргүзүү (напр. верхом на лошади, на велосипеде);
2. тебүү, жылгаяк тебүү, сыйгалануу;
катание на коньках коньки тебүү;
катание с гор тоодон төмөн карата сыйгалануу (жылгаяк тебүү);
3. (напр. мяча) тоголотуу, тегеретүү, тегеренүү;
не мытьём, так катаньем погов. ал болбосо, башка амал, жол менен.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Таштарды, күйүүчү май куюлган челектерди ж. б. душманды карай ыргытуу үчүн колдонулуп келген байыркы убактагы согуштук курал. 2. тех. Учактарды кемедеги же башка жердеги аянтчадан баштамга (стартка) чыгарып учурууга ылайыкталган механизм.

Киргизско-русский словарь Юдахина
катар I
ар.
1. ряд;
онунчу катар, төртүнчү орун ряд десятый, место четвёртое;
эки катар разг. двухэтажный;
алдынкы катардагы находящийся в первых рядах; передовой;
алдыңкы катардагы жумушчу передовой рабочий;
катардан катарга туруп выстроившись в ряды;
катар тарт- строиться в ряды;
катар тартып, жардангын! душман келди, камдангын! фольк. становитесь в ряды, стройтесь! пришёл враг, готовьтесь!;
катардагы мүчөлөр рядовые члены (напр. профсоюза);
2. ровня; сверстник;
катарын мерген - тийип ал, Карыпбайга келинсиң фольк. твой сверстник охотник - выходи (за него), будешь снохой Карыпбая;
"акын Током кайда" - деп, "арзычу эле катарым" стих. мои сверстники спрашивали: где, мол, мой Токо акын?
3. перен. очередь, черёд (смерть);
катарыңар келди го, өлгөнүң өзүм көрдүм го фольк. (видите же) ведь настал ваш черёд (умереть), ведь сам я видел, что вы умерли;
муну менен катар наряду с этим;
эркектер катары наряду с мужчинами, наравне с мужчинами;
катары менен или катарынан подряд, сряду;
катары менен үч күн три дня сряду;
эки оору катар келди обнаружились две болезни одновременно;
бир катар жерлерде в некоторых местах, в ряде мест; во многих местах;
бир катары некоторая (его, их) часть, некоторые из них; значительная (его, их) часть;
катарында в качестве;
күбө катарында в качестве свидетеля;
кулактарды тап катарында жоготуу ликвидация кулачества как класса;
бир катарында редко как-то раз, однажды;
бир катар үстү-баш южн. один комплект одежды;
жок катары можно считать, что нет;
өтмө катар см. өтмө.
катар II
жолду катар или жол катары то же, что жолду ката (см. ката II);
жол катары жалаң гана ошол кыз жөнүндө ойлонду всю дорогу он только и думал, что о той девушке.
катар III
ар.
1. страх, опасность;
катар кыл- бояться;
2. перен. то же, что мүчөл (по старым поверьям, наступление циклового года грозит опасностью для жизни);
катары келди его цикловой год каступил;
быйыл анын катары эле, коркуп жүрдүм эле в этом году его цикловой год, я (за него) боялся.
катар IV
ар.
(вместо кадар)
мүмкүн катары по мере возможности.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. мед. Организмдин илээшме, былжырлуу оболочкасынын оорушу.
КАТАР II зат. 1. Ирет, кабат. Он эки катар. Экинчи катар.
  1. 2.                  Кырка, удаа, жанаша. Жолбунов.. Итикеге катар отурду (Убукеев). [Сатай] Светлана экөө кол кармашып, катар келатышат (Сыдыкбеков). Олжобай менен Кишимжан экөө катар туулду («Олжобай менен Кишимжан»).
  2. 3.                  Ара, топ, сап. Кара ниет адамды Катарыңа кошпогун (Токтогул). Жолдош болбо жаттарга, Кошпойт өзүн катарга (Токтогул).
  3. 4.                  өт. Тең, курбу, теңтуш. Азыр элиң социалдык жарышта, Асыл эже, катарыңдан калышпа (Нуркамал).

¨ Бир катар бир канча, бир далай, бир топ. Темиров дагы бир катар суроолорду берди (Жантөшев). Өттү, кетти далай жыл Кыйынчылык бир катар (Осмонов). Ошолордой акынды Оюңа салдым бир катар (Токтогул). Өтмө катарынан өтүү — суу, жаан ж. б. абдан өтүп, сиңип кетүү. Ажар менен Каныбектин өтмө катарынан суу өттү (Жантөшев). Жок катары — жокко эсе, жок дээрлик.
КАТАР III жанд. 1. Карай, карата. [Абаз].. жолдо катар кыялдын терең дарыясына баткансыды (Таштемиров). Жолдо катар Нуркасым ой тилегин Жамыйлага баштан-аяк айтты («САЖИ»).
  1. 2.                  Бирге. Ошону менен катар.
  2. 3.                  Барабар, тете, сыяктуу, катары. Мунун да кызмат эмгеги ушуларга катар бар (Үсөнбаев).

Т. Абдиев. "Сөз башат". Этимологические этюды
катар I < арап. кэдэр «тагдыр, жазмыш, кудайдын буйругу»; Катары келсе, кан өлөт. катар II < арап. хэтар: Эл эки катар болуп турду. катар III < арап. хэтэр «коркунуч»; Татар бар жерде катар бар (монгол-татарлардын чабуулунан кийин ушундай ылакап калган). (Малаев 2011:89).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бирине бири жанаша, бирине бири катарлашкан тизмек. Сатай менен Светлана экөө кол кармашып катар келатышат (Сыдыкбеков). Жолбунов төр жакка басып, Итикеге катар отурду (Убукеев). Асыл экөөбүз чыпта алуу үчүн катарга турдук («Ала-Тоо»). 2. Биринен кийин бири келген же үстү-үстүнө катарлашкан кабат, ирет. Заңгырайт катар-катар миң сан үйлөр, Салынган ар жеринде эчен-эчен (Нуркамал). Жаткан кырдай турбина Бирөө эмес төрт катар (Үмөталиев). 3. Сап, сол, кырка. Кызылчаны кадимки катарга себишет («Советтик Кыргызстан»). 4. Ара, топ. Катарың кайда болсо, ордуң ошондо. Букара элди манаптар, Кошпойт экен катарга (Токтогул). 5. өт. Бири-бирине курбу, теңтуш, катарлаш адамдар. Карындашым Жамал жан Катарыңдан калбасын (Токомбаев). Азыр элиң социалдык жарышта, Асыл эже, катарыңдан калышпа (Нуркамал). 6. Барабар, тете, тең келерлик. Досбергенов Жапар бар, Мунун да кызмат, эмгеги, Ушуларга катар бар (Үсөнбаев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
катардаш I
1. стоящий рядом или в одном ряду;
2. перен. ровня (по общественному или имущественному положению).
катардаш- II
взаимн. от катарда-
1. становиться в ряд, равняться (в строю);
катардашып бастыр- ехать рядом;
2. перен. становиться ровней (по общественному или имущественному положению).

Киргизско-русский словарь Юдахина
наравне;
мамлекет малын уурдагандар катардуу жазага тартылып отурсун они должны подвергнуться наказанию как расхитители государственной казны;
аркек катардуу наравне с мужчинами;
алты катардуу шестирядный; шестирядка.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жашы же башка жактары боюнча бирдей, тең чамалуу. Өзү катардуу адамдарга караганда көптү билген адам («Ала-Тоо»). Мен катардуу адамдардан эч кимиси жок, улуусу эле өзүм экенмин, сакалымды сыйлай турган жөнүңөр бар («Ала-Тоо»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
катарлаш I
то же, что катардаш I;
калдая айыл конолу, катарлаш жатып калалы фольк. остановимся огромным аулом и расположимся рядом;
катарлаш өскөн биргелеш, сен эмес, балам эр Сейтек, кан атаң тилим алчу эле фольк. не (только) ты, дитя моё Семетей, а (даже) твой хан-отец, с которым мы росли, как ровни, и были едины, слушался меня.
катарлаш- II
то же, что катардаш- II;
катын алып, үй тигип, сага катарлашып калайын фольк. женюсь я, поставлю юрту и стану ровней тебе.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I сын. Удаалаш, жанаша, бир катар. Таяжеси Кишимге Катарлаш өстү Олжобай («Олжобай менен Кишимжан»). Эртеси Кочкорбайдын миңдеген койлору, жылкылары датканын малы менен катарлаш жайылды (Аалы).
КАТАРЛАШ II катарла этишинин кош мамилеси.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бири-бирине удаа, жанаша, бир катарда. Жерлерибиз катарлаш, Атайын бирөө кургандай (Үмөталиев). Төр жакта катарлаш отурушкан Батый жана Осмон бирин-бири ызат менен жылмая карашты (Сасыкбаев). 2. Даражасы, деңгээли ж. б. жактары боюнча бири-бирине теңдеш, тең келерлик же чамалаш. Элеманга катарлаш Сараңбай деген бар экен («Эр Төштүк»). 3. Жашы жагынан курбу, улуу-кичүүлүк айырмасы жок, жашташ. Өзүм менен катарлаш абышкалардын кимисинен калыштым, мен да ошолордой эле эмгек үстүндө болуп келе жатпайымбы («Ала-Тоо»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бирөөгө же бир нерсеге окшош, ошо сыяктуу же ошого тете, ошонун өзүндөй деген мааниде колдонулат. Кулактарды тап катары жоюу мезгилинде курула баштаган колхоз («Ала-Тоо»). Сенде адамгерчилик жок катары экен да («Ала-Тоо»).

Русско-кыргызский словарь Юдахина
несов.
1. кого-что отургузуп (түшүрүп) тамаша кылдырып жүргүзүү (напр. на автомобиле, на лодке); мингизип тамаша кылдырып жүргүзүү (напр. на лошади, на велосипеде);
2. что (напр. мяч) тоголотуу, тегеретүү;
3. что (напр. тесто) тоголоктоо, жаюу;
4. что таптоо;
катать бельё кир таптоо.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
несов.
1. отуруп (түшүп) тамаша кылып жүрүү (напр. на автомобиле, на лодке); минип тамаша кылып жүрүү (напр. на лошади, на велосипеде);
2. (напр. на коньках) тебүү, сыйгалануу, жылгаяк тебүү;
3. разг. ооноо, ооналактоо, жумалануу;
кататься по траве чөпкө ооналактоо;
кататься со смеху разг. боору катуу, аябай каткыруу;
как сыр в масле кататься жыргап жашоо, төрт жагы кыбыла болуу;
любишь кататься - люби и саночки возить посл. катын алсаң, отун ал.