Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Каардуу, ырайымсыз, мээримсиз, орой, ачуусу чукул. Асты мындай катаалды көргөн эмесмин (Элебаев). Эмилакун бизге мурункудай көп катаал болбой калды (Жантөшев). Мүнөзү да катаал, өзүмчүл адам экен («Ала-Тоо»). 2. Тиричиликке шарты оор, кыйын, кыйынчылык тарттырган. Карайлап көз көрбөй, Кайырсыз катаал түн беле (Абдыраманов). Жылдын катаал мезгилинде да өндүрүмдүү иштей берүүгө дыйкандар үйрөнүшкөн