Киргизско-русский словарь Юдахина
1. жестокий, свирепый;
мурункудай катаал болбой калды он уже не такой свирепый, как раньше;
катаал үн сердитый, свирепый голос;
2. трудный, тяжёлый;
катаал турмуш тяжёлая жизнь;
ашуулардын эң катаалы самый трудный из перевалов.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
сын. 1. Каардуу, мээримсиз. Эмилахун бизге мурункудай катаал болбой калды (Жантөшев).
  1. 2.                  өт. Оор, кыйын. Жылдын катаал мезгилинде да өндүрүмдүү иштей берүүгө колхозчулар үйрөнүшкөн («Советтик Кыргызстан»).
  2. 3.                  өт. Орой, катуу. Какшыкталган катаал сөздөрү менен кулагымды тындырышпады (Жантөшев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Каардуу, ырайымсыз, мээримсиз, орой, ачуусу чукул. Асты мындай катаалды көргөн эмесмин (Элебаев). Эмилакун бизге мурункудай көп катаал болбой калды (Жантөшев). Мүнөзү да катаал, өзүмчүл адам экен («Ала-Тоо»). 2. Тиричиликке шарты оор, кыйын, кыйынчылык тарттырган. Карайлап көз көрбөй, Кайырсыз катаал түн беле (Абдыраманов). Жылдын катаал мезгилинде да өндүрүмдүү иштей берүүгө дыйкандар үйрөнүшкөн

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Каардуулук, мээримсиздик, катуулук. Бул кезде катаалдыктан аты чыккан, Элимди сурап турган Кудаярхан (Абдыраманов). [Гүлзатты].. кайын ата, кайын энеси катаалдык кылып шорун кайнатып жүрүптүр («Ала-Тоо»).