КАТАРЛАШ I
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Бири-бирине удаа, жанаша, бир катарда. Жерлерибиз катарлаш, Атайын бирөө кургандай (Үмөталиев). Төр жакта катарлаш отурушкан Батый жана Осмон бирин-бири ызат менен жылмая карашты (Сасыкбаев). 2. Даражасы, деңгээли ж. б. жактары боюнча бири-бирине теңдеш, тең келерлик же чамалаш. Элеманга катарлаш Сараңбай деген бар экен («Эр Төштүк»). 3. Жашы жагынан курбу, улуу-кичүүлүк айырмасы жок, жашташ. Өзүм менен катарлаш абышкалардын кимисинен калыштым, мен да ошолордой эле эмгек үстүндө болуп келе жатпайымбы («Ала-Тоо»).