Киргизско-русский словарь Юдахина
ар.
1. ответ;
жооп бер-
1) дать ответ;
2) нести ответственность;
жооп айт- или жооп кайтар- отвечать; реагировать;
ооз учунан жооп кайтарды он едва удостоил ответом;
жоопко тарт- привлекать к ответу, к ответственности;
жоопко тартыл- привлекаться к ответу, к ответственности;
кылмыш жообуна тартылган он привлечён к уголовной ответственности;
2. развод (жене);
жообумду бер дай мне развод;
жооп сураш сев. этн. один из свадебных обрядов: отец жениха приезжает в аул родителей невесты для сговора о размерах калыма.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Бирөөнүн берген суроосуна карата кайтарылып айтылган ой, пикир. Асан жооп бергенче, Токтогул суроосун айтып да жиберди (Аалы). Чаргын ага жооп таап айта албай карс-карс күлдү (Сыдыкбеков). Сырттан эч кандай жооп же табыш болгон жок (Жантөшев).
  1. 2.           Математикалык маселелердин, мисалдардын эсептеп чыгарылган, чечилген жыйынтыгы, натыйжасы.
  2. 3.           Сабак боюнча коюлган суроолорго окуучулар, студенттер ж. б. тарабынан берилген баяндама.
  3. 4.           Кылмышы, күнөөсү үчүн болгон жоопкерчилик. Менин атымды сатып жүргөн болсо, ал киши өзү жооп берет (Байтемиров). Жоопко тартуу.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бир нерсе жөнүндө кайрылганда же суроо берилгенде ага карата кайтарылган ой, пикир, айтылган сөз. Дарыяхандын суроосуна Анархан жооп берген жок (Жантөшев). // Сабак боюнча коюлган суроолорго окуучулар, студенттер ж. б. тарабынан берилген баяндама. Билиш, талаш, суроо, жооптор башталат. Тыңшайт кана, жаңы окуучу көнбөгөн (Токомбаев). 2. мат. Математикалык маселелердин, мисалдардын чыгарылышындагы тыянак, жыйынтык, корутунду. 3. Өзүнүн иштеген ишине, жүрүш-турушуна, кылган күнөөсүнө ж. б. карата адамдын моюнундагы жоопкерчилик, милдет. Кишимжанды өзүңө ал, Өзүң жооп бересиң («Олжобай менен Кишимжан»). Ушул сөзүңүздү далилдей албасаңыз жоопко тартыласыз (Каимов). 2. Ээси тарабынан анын бир нерсесин алууга, пайдаланууга берилген мүмкүнчүлүк, уруксат. Бирөөнүн атын жообу жок минбе, алба (Токомбаев). || Каалоосу, ниети билдирилген ой, макулдук. Үйлөнүүгө кыздан жооп сурады (Токомбаев).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖООП БЕРҮҮ УКУГУ – өзүнө карата жалпыга маалымдоо каражаттарында (ЖМК) чындыка төп келбеген, болбосо жарандын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын кемсинткен маалыматтар таратылганда жарандын же уюмдун ошол ЖМКда жооп (түшүндүрмө, каяша) берүү укугу. «Жоопко жооп» ЖМКнын кийинки чыгарылышынан кечиктирилбестен берилет. Бул эреже редакциялык түшүндүрмөлөргө таратылбайт.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖООПКЕР – сотто каралуучу жарандык иштин же арбитраждык сотто карала турган экономикалык талаш-тартыштын бир тарабы. Ж. көрсөтүлгөн доо талабына байланыштуу сот ишине тартылат. Жеке жак да, юридикалык жак да Ж. болушу мүмкүн.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖООПКЕР САКТООНУН МЕТАЛЛДЫК ЭСЕПТЕРИ – кардарлардын баалуу металлдарды эсепке алууга арналган, алардын жеке белгилерин (аталышын, баалуулуктардын санын, сынамыгын, өндүрүүчүсүн, сериялык номерин ж. б. ) сактоо менен банкта кармоого берилген эсептери. Эреже катары, бул эсептерди кардарлар баалуу металлдарды банктарда сактоо үчүн пайдаланышат жана алар банкка белгилүү акы төлөп турушат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖООПКЕР САКТООЧУ – менчик түрүнө карабастан, Мамлекеттик материалдык корлор фонду тарабынан белгиленип, КР Өкмөтүнүн чечиминин негизинде белгилене турган мамлекеттик материалдык корлордун материалдык баалуулуктарын сактоону ишке ашыруучу чарбачылык уюму.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖООПКЕРЧИЛИГИ ЧЕКТЕЛГЕН КООМ – уставдык капиталы уюмдаштыруучу документтерде аныкталгандай өлчөмдөрдө үлүштөргө бөлүнгөн, коомдун 1 же бирнече жактары тарабынан уюштурулган мекеме; жоопкерчилиги чектелген коомдун катышуучулары анын милдеттенмелери боюнча жооп беришпейт жана коомдун ишмердигине байланыштуу алар тарабынан кошулган салымдардын чегинде чыгым тартуу тобокелчилигин тартышат. Коомдун үлүштөрүн толук кошпогон катышуучулары анын милдеттенмелери боюнча ар катышуучунун төлөнбөгөн салымдарынын бааларынын чегинде тилектеш жоопкерчилик тартышат. Ж. ч. к-дун аталышы коомдун аталышын, ошондой эле «жоопкерчилиги чектелген» деген сөздөрдү өзүнө камтуусу тийиш. Ж. ч. к-дун укук жобосу менен анын катышуучуларынын укуктары менен милдеттенмелери жарандык мыйзамдар мыйзам аркылуу аныкталат. Юридикалык жактын укуктук-уюштуруу тариздеринин бири.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жоопкерсиздик, өзүн жооптуумун деп эсептебегендик. Өз милдетине жоопсуз мамиле кылуу. 2. Жооп кайтарылбастык, жооп берилбестен. Анын суроосу жоопсуз калды. 3. сүйл. Уруксатсыз. Директордон жоопсуз эч жакка кете албайт.

Киргизско-русский словарь Юдахина
ответственный;
жооптуу милдет ответственная задача;
жооптуу редактор ответственный редактор;
жооптуу кызматчылар ответственные работники;
жооптуу болосуң ты будешь в ответе.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Күнөөлүү, айыптуу, кылмыштуу. Сот алдында жооптуу болдум. 2. Кандайдыр бир ишти аткарууда жооп бере турган, ошол ишти аткаруунун негизги жоопкерчилиги жүктөлгөн. Мен ошол күнү жооптуу дежурный элем («Ала-Тоо»). //Жоопкерчилик милдети жүктөлүү менен бирге, ишти аткарууда жана башкаруу жагында белгилүү укуктары бар. Жооптуу кызматкер. Жооптуу редактор. Жооптуу секретарь. || Кантондук партия комитетинин жооптуу катчысы – Акбаев (Сыдыкбеков). 2. Аткарууда өтө татаал, өтө маанилүү, жоопкерчилиги көп. Малды ашуудан ашырып алып келүү жооптуу да (Убукеев). Мойнуна жүктөлгөн коомдук милдет Динарга баарыдан жооптуу сезилди (Сыдыкбеков).