Иштеген ишине, мойнундагы милдетине жооп берүүчүлүк, жооптуулук, милдеттүүлүк. Шыгай жоопкерчиликти сезет (Сасыкбаев). Сайкал өзүнө жүктөлгөн милдетин жоопкерчилик менен орундатуучу («Кыргызстан аялдары»).
1. Жооптуулугу, милдеттүүлүгү бар, маанилүү (иш). Бул жоопкерчиликтүү иш. 2. Жоопкерчиликти сезе билген, ишенимдүү, уяттуу. Эки үйдүн бел байлар жигити деп корсоюп, мен өзүмдү жоопкерчиликтүү сезем (Айтматов).