зат. 1. Белгилүү бир ишке милдеттүү түрдө жооп бере турган, жооптуу киши.
2. Сот аркылуу жоопко тартылган адам. Чыр-чатагы болучу, Довогерге жоопкер, Тогуз берип коюучу («Жазгыч акындар»).
ЖООПКЕР – сотто каралуучу жарандык иштин же арбитраждык сотто карала турган экономикалык талаш-тартыштын бир тарабы. Ж. көрсөтүлгөн доо талабына байланыштуу сот ишине тартылат. Жеке жак да, юридикалык жак да Ж. болушу мүмкүн.
ЖООПКЕР САКТООНУН МЕТАЛЛДЫК ЭСЕПТЕРИ – кардарлардын баалуу металлдарды эсепке алууга арналган, алардын жеке белгилерин (аталышын, баалуулуктардын санын, сынамыгын, өндүрүүчүсүн, сериялык номерин ж. б. ) сактоо менен банкта кармоого берилген эсептери. Эреже катары, бул эсептерди кардарлар баалуу металлдарды банктарда сактоо үчүн пайдаланышат жана алар банкка белгилүү акы төлөп турушат.
ЖООПКЕР САКТООЧУ – менчик түрүнө карабастан, Мамлекеттик материалдык корлор фонду тарабынан белгиленип, КР Өкмөтүнүн чечиминин негизинде белгилене турган мамлекеттик материалдык корлордун материалдык баалуулуктарын сактоону ишке ашыруучу чарбачылык уюму.
безответственность; ишке жоопкерсиздик мамиле безответственное отношение к делу; макала өтө жоопкерсиздик менен жазылган статья написана очень безответственно.
limited liability company (noun)
A business entity allowed for by state statutes in the United States that protects each owner (member) from personal liabilities but is not taxed since it passes all profits and losses to each member who is taxed accordingly.
ЖООПКЕРЧИЛИГИ ЧЕКТЕЛГЕН КООМ – уставдык капиталы уюмдаштыруучу документтерде аныкталгандай өлчөмдөрдө үлүштөргө бөлүнгөн, коомдун 1 же бирнече жактары тарабынан уюштурулган мекеме; жоопкерчилиги чектелген коомдун катышуучулары анын милдеттенмелери боюнча жооп беришпейт жана коомдун ишмердигине байланыштуу алар тарабынан кошулган салымдардын чегинде чыгым тартуу тобокелчилигин тартышат. Коомдун үлүштөрүн толук кошпогон катышуучулары анын милдеттенмелери боюнча ар катышуучунун төлөнбөгөн салымдарынын бааларынын чегинде тилектеш жоопкерчилик тартышат. Ж. ч. к-дун аталышы коомдун аталышын, ошондой эле «жоопкерчилиги чектелген» деген сөздөрдү өзүнө камтуусу тийиш. Ж. ч. к-дун укук жобосу менен анын катышуучуларынын укуктары менен милдеттенмелери жарандык мыйзамдар мыйзам аркылуу аныкталат. Юридикалык жактын укуктук-уюштуруу тариздеринин бири.
Иштеген ишине, мойнундагы милдетине жооп берүүчүлүк, жооптуулук, милдеттүүлүк. Шыгай жоопкерчиликти сезет (Сасыкбаев). Сайкал өзүнө жүктөлгөн милдетин жоопкерчилик менен орундатуучу («Кыргызстан аялдары»).
1. Жооптуулугу, милдеттүүлүгү бар, маанилүү (иш). Бул жоопкерчиликтүү иш. 2. Жоопкерчиликти сезе билген, ишенимдүү, уяттуу. Эки үйдүн бел байлар жигити деп корсоюп, мен өзүмдү жоопкерчиликтүү сезем (Айтматов).