ЖООП
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Бир нерсе жөнүндө кайрылганда же суроо берилгенде ага карата кайтарылган ой, пикир, айтылган сөз. Дарыяхандын суроосуна Анархан жооп берген жок (Жантөшев). // Сабак боюнча коюлган суроолорго окуучулар, студенттер ж. б. тарабынан берилген баяндама. Билиш, талаш, суроо, жооптор башталат. Тыңшайт кана, жаңы окуучу көнбөгөн (Токомбаев). 2. мат. Математикалык маселелердин, мисалдардын чыгарылышындагы тыянак, жыйынтык, корутунду. 3. Өзүнүн иштеген ишине, жүрүш-турушуна, кылган күнөөсүнө ж. б. карата адамдын моюнундагы жоопкерчилик, милдет. Кишимжанды өзүңө ал, Өзүң жооп бересиң («Олжобай менен Кишимжан»). Ушул сөзүңүздү далилдей албасаңыз жоопко тартыласыз (Каимов). 2. Ээси тарабынан анын бир нерсесин алууга, пайдаланууга берилген мүмкүнчүлүк, уруксат. Бирөөнүн атын жообу жок минбе, алба (Токомбаев). || Каалоосу, ниети билдирилген ой, макулдук. Үйлөнүүгө кыздан жооп сурады (Токомбаев).