Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Бирөөнүн берген суроосуна карата кайтарылып айтылган ой, пикир. Асан жооп бергенче, Токтогул суроосун айтып да жиберди (Аалы). Чаргын ага жооп таап айта албай карс-карс күлдү (Сыдыкбеков). Сырттан эч кандай жооп же табыш болгон жок (Жантөшев).
  1. 2.           Математикалык маселелердин, мисалдардын эсептеп чыгарылган, чечилген жыйынтыгы, натыйжасы.
  2. 3.           Сабак боюнча коюлган суроолорго окуучулар, студенттер ж. б. тарабынан берилген баяндама.
  3. 4.           Кылмышы, күнөөсү үчүн болгон жоопкерчилик. Менин атымды сатып жүргөн болсо, ал киши өзү жооп берет (Байтемиров). Жоопко тартуу.