Киргизско-русский словарь Юдахина
1. завтра;
эсте болсун келер күнүң, эртеңиң стих. ты помни свой будущий день, своё завтра;
күнү эртең именно завтра;
бүгүн же эртең сегодня или завтра;
же эртең эмес, же эрте эмес не вовремя, не ко времени, в неудобное время;
2. утро;
эртең менен болуптур, тура калса жапжарык фольк. настало утро, встал он - (уже) светлым-светло;
эртең менентен кечке чейин с утра до вечера;
бая эртеңден бери с самого утра;
бүгүн-эртеңден келип калышар не сегодня - завтра они явятся;
эртең менен утром, поутру; завтра утром;
таң эртең рано утром;
эртең-мертең южн. утром;
эртең мененки утренний;
эртең мененки программаны угуң уздар радио слушайте утреннюю программу на завтра;
эртең мененкиче южн. до утра, до завтрашнего утра.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
такт. 1. Өтүп жаткан күндүн соңку күнү, бүгүнкүнүн эртеси. Бүгүн көргөн эртең жок, Ушундай болот дүйнө шок («Манас»). Эртең майрам, күн жетинчи ноябрь (Осмонов).
2. Жакынкы келечекте, жакын арада, жакын күндө. Ооба, эжекелер, аман болсок, эртең эле көрүшөрүбүз чын (Сыдыкбеков).
Эртең менен — күн чыгардын алдынан тарта күн бир аз көтөрүлгөнгө чейинки убакыт аралыгы. Берерге бешимде кымыз, бербеске эртең менен саамал (макал). Таң эртең — абдан эрте, таң атканда, таң сүргөндө, таң алды менен, таң ата. Таң эртең менен Дүйшөнкул келди (Бөкөнбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Өтүп жаткан күндүн соңку күнү, бүгүнкүнүн эртеси. Бүгүн көргөн эртең жок, Ушундай болот дүйнө шок («Манас»). Эртең майрам, күн жетинчи ноябрь (Осмонов). 2. Жакынкы келечекте, жакын арада, жакын күндө. Ооба, эжекелер, аман болсок, эртең эле көрүшөрүбүз чын (Сыдыкбеков).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. завтрашний; утренний;
эртеңки саат алтыда в шесть часов утра;
эртеңким эмне болот? что будет со мной завтра?
эртеңки күнү завтра; на следующий день;
2. будущий;
эртеңкиси его будущее;
3. былое, прошлое;
эртеңкимди сурасаң, не бир кызык бар эле! фольк. если спросишь о моём прошлом (о том, кем я был, что со мной было), что за интересные вещи были!

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
такт. 1. Келерки, кийинки күнкү. Чыдабай күтөт кыз, келин Эртеңки таңдын атканын («Мендирман»).
2. Эртең мененки. Эртеңки салкын жел. Калыбек эртеңки кеткен бойдон кеч бешимде үйгө жалгыз келди (Сыдыкбеков).
3. Жакынкы келечектеги, жакын арадагы, жакынкы күндөрдүн ичиндеги. Кубанчы мол, үмүт зор Эртеңки болор жеңиштен («Мендирман»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Келерки, кийинки күнкү. Чыдабай күтөт кыз, келин Эртеңки таңдын атканын («Мендирман»). 2. Жакынкы келечектеги, жакын арадагы, жакынкы күндөрдүн ичиндеги. Кубанчы мол, үмүт зор Эртеңки болор жеңиштен («Мендирман»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Күн чыгардын алдынан тарта күн бир аз көтөрүлгөнгө чейинки убакыт аралыгы. Берерге бешимде кымыз, бербеске эртең менен саамал (макал). Таң эртең менен Дүйшөнкул келди (Бөкөнбаев). Адатынча, көк эшегинин канжыгасына орогун кыстарып, адырга жөнөдү эртең менен (Мырзаев).