Толковый словарь кыргызского языка (1969)
такт. 1. Келерки, кийинки күнкү. Чыдабай күтөт кыз, келин Эртеңки таңдын атканын («Мендирман»).
2. Эртең мененки. Эртеңки салкын жел. Калыбек эртеңки кеткен бойдон кеч бешимде үйгө жалгыз келди (Сыдыкбеков).
3. Жакынкы келечектеги, жакын арадагы, жакынкы күндөрдүн ичиндеги. Кубанчы мол, үмүт зор Эртеңки болор жеңиштен («Мендирман»).