ЭРТЕҢ МЕНЕН
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Күн чыгардын алдынан тарта күн бир аз көтөрүлгөнгө чейинки убакыт аралыгы. Берерге бешимде кымыз, бербеске эртең менен саамал (макал). Таң эртең менен Дүйшөнкул келди (Бөкөнбаев). Адатынча, көк эшегинин канжыгасына орогун кыстарып, адырга жөнөдү эртең менен (Мырзаев).