эртең
Толковый словарь кыргызского языка (1969)такт. 1. Өтүп жаткан күндүн соңку күнү, бүгүнкүнүн эртеси. Бүгүн көргөн эртең жок, Ушундай болот дүйнө шок («Манас»). Эртең майрам, күн жетинчи ноябрь (Осмонов).
2. Жакынкы келечекте, жакын арада, жакын күндө. Ооба, эжекелер, аман болсок, эртең эле көрүшөрүбүз чын (Сыдыкбеков).
♦Эртең менен — күн чыгардын алдынан тарта күн бир аз көтөрүлгөнгө чейинки убакыт аралыгы. Берерге бешимде кымыз, бербеске эртең менен саамал (макал). Таң эртең — абдан эрте, таң атканда, таң сүргөндө, таң алды менен, таң ата. Таң эртең менен Дүйшөнкул келди (Бөкөнбаев).