ЭРТЕҢ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Өтүп жаткан күндүн соңку күнү, бүгүнкүнүн эртеси. Бүгүн көргөн эртең жок, Ушундай болот дүйнө шок («Манас»). Эртең майрам, күн жетинчи ноябрь (Осмонов). 2. Жакынкы келечекте, жакын арада, жакын күндө. Ооба, эжекелер, аман болсок, эртең эле көрүшөрүбүз чын (Сыдыкбеков).