Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МАМЛЕКЕТ – 1) укук теориясында коомду уюштуруунун белгилүү ыкмасы, баардык коомго таралуучу, анын ырасмий өкүлү катары чыгуучу жана аргасыз кылуу каражаттары менен чараларына таянган саясий тутумдун, жалпы саясий бийликти уюштуруунун негизги катышы. Коомду башкаруучу тутум катары ички түзүмгө, өзүнүн ыйгарым укуктарын ишке ашыруучу атайын органдарга – М. механизмдерине жана аппаратка ээ; 2) конституциялык укукта бийликтин ырасмий органдарынын (өкмөт, парламент, соттор ж. б.) жыйындысы, бир өлкөнүн же башка аймактык-саясий бирдикте ошол органдардын (префектери, комиссарлары ж. б.) жергиликтүү агенттери (өкүлдөрү) менен аракеттенүү; 3) эларалык укукта эларалык мамилелердин негизги субъекти. Өзүнө уюмдашкан саясий бийликти жана белгилүү аймактагы калкты камтыйт. Негизги аныктоочу белгиси эгемендүүлүк болуп саналат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МАМЛЕКЕТ АЛДЫНДА МИЛДЕТТЕНМЕСИ БАР ЗАЙЫМ АЛУУЧУ – баардык карыз милдеттенмелери боюнча, КР Өкмөтү менен түзүлгөн кредиттик келишим менен зайым алып, алынган зайымды пайдалануу жана кайтаруу талаптарына шайкеш келген мамлекет алдында милдеттенмеси бар резидент.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МАМЛЕКЕТ БАШЧЫСЫ – мамлекеттин жогорку өкүлү эсептелген жогорку кызмат (кыйла сейрек – коллегиалдуу орган) адамы, эреже катары, аткаруу бийлигинин алып жүрүүчүсү. Монархиялык мамлекеттерде (Улуу Британия, Швеция, Испания, Япония) М. б. монарх (король, император) болуп саналат, адатта анын бийлиги мыйзамда белгиленген тартипте падышачылык кылуучу бүлөнүн улам бир өкүлүнөн экинчисине мурасталып отурат. Башкаруу республикалык тариздеги өлкөлөрдө: түздөнтүз эл тарабынан (КР, РФ, Мексика), болбосо кыйыр тартипте (АКШ, Аргентина) же көп тепкичтүү шайлоолордо (Италия, ГФР, Индия) шайланган президент М. б. болуп саналат. Президенттик өлкөлөрдө (АКШ, Мексика) бир эле мезгилде аткаруу бийлигинин башчысы болуп саналат. Иш жүзүндө баардык конституциялар М. б-на кеңири укуктарды берет: ал өкмөт башчысын жана министрлерди дайындайт, куралдуу күчтөрдүн жогорку башкы командачысы болуп саналат, мунапыс берүү, вето (тыюу) коюу укугуна ээ, ордендер жана медалдар менен сыйлайт, парламенттин сессияларын чакырат, парламентти (же анын төмөнкү палатасын) таркатуу (президенттик республикалардан башкаларда) укугуна ээ, мыйзам чыгаруу демилгеси менен чыгуу (баардык жерде эмес) укугун пайдаланат ж. б. Дээрлик баардык парламентардык мамлекеттерде М. б-нын ыйгарым укуктары анын атынан өкмөт тарабынан иш-ке ашырылат. КР Президенти М. б., КР жогорку кызмат адамы болуп саналат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МАМЛЕКЕТ ЖАНА УКУК ТЕОРИЯСЫ – мамлекеттин жана укуктун келип чыгышынын, калыптанышынын жана өнүгүшүнүн жалпы мыйзам ченемдүүлүктөрүн, ошондой эле айрым алынган коомдук-экономикалык формациялардын жана цивилизациялардын алкактарында жашоочу аркыл түрдөгү мамлекеттердин жана укуктардын келип чыгышынын, калыптануусунун жана өнүгүшүнүн өзгөчө мыйзам ченемдүүлүктөрүн изилдөөчү коомдук-саясий илим жана окуу сабагы.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МАМЛЕКЕТ ИММУНИТЕТИ – жалпы маанисинен алганда, бир мамлекеттин башка бир мамлекет сотунун алдында башийбестиги (кара:Мамлекеттердин эгемендүү теңчилиги). Иммунитетти чет өлкөлөр, анын органдары менен мүлкү пайдаланат. Эларалык жарыя укук теориясында (эларалык жеке укуктан айырмаланып) жана эларалык тажрыйбада М. и-нин бирнече түрү бар. Соттук М. и. боюнча, ага түз макулдук бергенден башка учурларда, бир мамлекеттин соту башка бир мамлекеттин сотуна доо койо албайт, сот ишине жоопкер же үчүнчү жак катарында катышууга тартылбайт. Доону алдынала камсыз кылуунун М. и-нде мамлекеттик мүлк доону камсыз кылуу предметине жатпайт. Аткаруу М. и-нде мамлекеттик мүлккө карата сот же арбитраждык чечимди мажбурлап аткартуу тартибиндеги чаралар таркатылбайт. Так ошондой тартипте мамлекеттик деңиз кемелерине карата да мажбурлоо чаралары (анын ичинде, доону камсыз кылуу тартибиндеги же мурда чыгарылган сот чечимдерин мажбурлап аткартуу тартибиндеги камакка алуулар) колдонулбайт.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МАМЛЕКЕТ ОРГАНЫ – мамлекеттин коомду башкаруудагы жетекчилигинин конкреттүү участогунун алдында турган милдеттерди ишке ашыруусу үчүн зарыл болгон компетенциялар менен каражаттар, бийликтик ыйгарым укуктар менен камсыз болунган мамлекеттик механизмдин уюмдашкан бөлүгү. Бир кызмат адамы же белгилүү ыңгайда уюштурулган кызмат адамдарынын тобу М. о. боло алат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МАМЛЕКЕТ ПАЙДАСЫ ҮЧҮН ТОВАРДАН БАШТАРТУУ – товар ээси бажы алымдарын, бажы салыктарын алуусуз эле жана экономикалык жөнгө салуу чараларын көрүүсүз эле товардан баштарткандагы бажы тартиби. Мындай баштартууга КР бажы органдарынын улуксаты менен гана жол берилет.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МАМЛЕКЕТ СЫМАЛ ТҮЗҮЛҮШТӨР (квазимамлекеттер) – мамлекеттин айрым белгилерине ээ, бирок жалпы кабыл алынган мааниде андай болбогон эларалык укук субъектеринин өзгөчө түрү. М.: М. с. т-гө Ватикан шаары – мамлекети кирет.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МАМЛЕКЕТ ТАРИЗИ – конституциялык укуктун теориясында мамлекеттик жогорку бийлик органдарын, бийликтин аймактык түзүлүштөрүн жана аны ишке ашыруунун усулдарын уюштуруу ыкмасы. М. т. төмөнкү 3 элементтен: башкаруу таризи , мамлекеттик түзүлүштүн таризи жана саясий бийлик болуп түзүлөт.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МАМЛЕКЕТТЕН АЖЫРАТУУ – мамлекеттештирүүгө карама-каршы жүрүм: мамлекеттик мүлктү (өнөржай ишканаларын, банктарды, жер участокторун, акцияларды ж. б.) жеке жактын менчигине берүү. Ал көбүнчө сатык жолу аркылуу жүргүзүлөт. Ошону менен бирге, анын мурдагы ээлерине сатып алууга мүлктүк укук берилиши мүмкүн (кара:Менчиктештирүү).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МАМЛЕКЕТТЕР АРАЛЫК ЭКОНОМИКАЛЫК КОМИТЕТ (МЭК) – КМШга мүчө-мамлекеттердин Экономикалык бирлигинин туруктуу иштей турган кординациялоочу жана аткаруу органы. Ал катышуучу-мамлекеттер тарабынан берилген ыйгарым укуктарынын чегинде көзөмөлдөө жана тескөө милдетин аткарат. Экономикалык бирликтин натыйжалуу иштөөсүн жана КМШ чегиндеги өзара мамилелердин талаптагыдай өнүгүшүн камсыз кылуу МЭКтин негизги максаты болуп саналат. МЭК КМШ мамлекет башчыларынын кеңеши менен өкмөт башчыларынын кеңешине баш ийет жана КМШ Уставын, Экономикалык бирликти түзүү жөнүндөгү келишимди, КМШ мамлекет башчыларынын кеңеши менен өкмөт башчыларынын кеңешинин чечимдерин, мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык макулдашууларды жетекчиликке алат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МАМЛЕКЕТТЕРДИН АЙМАКТЫК БҮТҮНДҮК ПРИНЦИБИ – эларалык укуктун мамлекеттик мамилелерде туруктуулукту камсыз кылууга багытталган негизги принциптеринин бири. 1945-жылы БУУнун Уставынын кабыл алынышы менен белгиленген бул принциптин маани-маңызы мамлекеттин аймагын кандай гана болбосун кол салуудан коргоодо турат. БУУнун Уставы кандай гана болбосун мамлекеттин саясий көз карандысыздыгына жана аймактык бүтүндүгүнө (кол тийбестигине) каршы күч менен коркутууга же аны колдонууга тыюу салган.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МАМЛЕКЕТТЕРДИН УКУК УЛАНУУЧУЛУГУ – укуктардын жана милдеттердин бир мамлекеттен экинчисине өтүүсү же кайсы бир аймак үчүн жооптуу мамлекеттин алмашуусу. М. у. у. менен байланышкан укук мамилелери биринчиден, аймактын бир бөлүгүнүн экинчи мамлекетке өткөн учурда жана экинчиден, жаңы мамлекет пайда болгонунан улам келип чыгат, ал төмөнкү учурларда болуусу мүмкүн: а) мурда метрополийге көзкаранды мамлекеттин аймагында жаңы эгемендүү мамлекет түзүлгөндө; б) 2 же андан көп мамлекеттер бириккенде; в) бирдиктүү мамлекет бөлүнүп, 2 же андан көп жаңы мамлекет уюшулганда; г) жашап жаткан мамлекеттин бөлүнүп чыккан (бөлүнүшкөн) аймактарынын бир бөлүгүндө же бөлүктөрүндө мамлекет уюштурулганда. М. у. у-нун ар түрдүү юридикалык натыйжалары жаңы пайда болгон эларалык укук субъектиси мурдагысынын милдеттенмелери менен байланышпаганда «таза такта» принцибине (лат. «tabula rasa ») туура келет; мураскорго карата мурдакынын милдеттенмелеринин жана укуктарынын аракеттеринин үзгүлтүксүздүгүн билдирген континуитет принцибине (лат. сontinuum – үзгүлтүксүз, туташ) туура келет. Континуитет принциби мамлекеттин кыймылсыз мүлк менчиктерине карата М. у. у-на толук өлчөмдө колдонулат, ал эми кыймылдуу объекттер жаңы субъекттин андай менчикти түзүүдөгү салымын эске алуу менен адилеттүү үлүштө мураскорго өтөт. Ушул эле вариант колониалдык көзкарандылыкта тургандардан сырткары, мамлекеттик карыздарга карата да колдонулат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МАМЛЕКЕТТЕРДИН ЭГЕМЕНДҮҮ ТЕҢЧИЛИГИ – азыркы эларалык мамилелерин түзүүчү өтө маанилүү эларалык укук ынанымдарынын бири. 1970-жылкы БУУ Уставына ылайык, мамлекеттер ортосундагы достук мамилелер менен кызматташтыкка тийиштүү эларалык укук принциптери жөнүндөгү Декларациясында М. э. т-нин принциптери кыйла толук чагылдырылган. Бул Декларацияга караганда, эгемендүү теңчилик деген түшүнүк өзүнө төмөнкүлөрдү камтып турат: а) мамлекеттер юридикалык жактан тең; б) ар мамлекет толук эгемендүүлүккө мүнөздүү болгон укуктарды колдонот; в) ар мамлекет башка мамлекеттердин укук субъектүүлүгүн сыйлоого тийиш; г) мамлекеттердин аймактык бүтүндүүлүгү, саясий көзкарандысыздыгы кол тийгис; д) ар мамлекет өзүнүн саясий, социалдык, экономикалык, маданий тутумун эркин тандап алууга жана өнүктүрүүгө акылуу; е) ар мамлекет өзүнүн эларалык милдеттенмелерин толук жана акниеттүү аткарып, башка мамлекеттер менен тынчтыкта жашоого тийиш. Эларалык мамилелерде эске алынуучу мамлекеттердин юридикалык теңчилиги иш жүзүндөгү теңчиликти түшүндүрбөйт. БУУ Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөлөрүнүн өзгөчө абалы мунун бир мисалы болуп саналат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МАМЛЕКЕТТИ БАШКАРУУ ИШТЕРИНЕ КАТЫШУУ УКУГУ – бир катар конституцияларда (м.: Испания, РФ, Монголия, Словакия, КР) адатта мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына шайлоо жана шайлануу укугун, референдумга катышуу укугун, мамлекеттик жана муниципалдык кызматка кирүүгө, сот адилеттигин ишке ашырууга тең укуктуулугун өз ичине камтыган жарандардын саясий укуктарынын комплексинин жалпыланган аталышы.

Киргизско-русский словарь Юдахина
государственный;
мамлекеттик басма государственное издательство;
мамлекеттик мааниси бар иш дело государственной важности;
мамлекеттик чек ара государственная граница;
мамлекеттик түзүлүш государственный строй.

Орфографический словарь кыргызского языка (Карасаев)
мамлекеттик
мамлекеттик автомо биль инспекциясы
(МАИ)
мамлекеттик аймак
мамлекеттик айыптоо чу
мамлекеттик акционер дик коом (МАК)
мамлекеттик алым (гос пошлина)
мамлекеттик аң уулоо
фондусу
мамлекеттик аппарат
мамлекеттик ардакта малар (госнаграды)
мамлекеттик архив
мамлекеттик баалуу
кагаз
мамлекеттик банк
мамлекеттик басма
мамлекеттик башкаруу
мамлекеттик белги
мамлекеттик бийлик
мамлекеттик бюджет
мамлекеттик герб
мамлекеттик гимн
мамлекеттик даража
мамлекеттик департа мент
мамлекеттик дума
мамлекеттик желек
мамлекеттик жөнгө са луу (экон.)
мамлекеттик зайым
мамлекеттик инновация лык саясат
мамлекеттик ишкер дик (экон.)
мамлекеттик казына
мамлекеттик камсыз дандыруу
мамлекеттик камсыз доо
мамлекеттик карыз
мамлекеттик катчы
мамлекеттик келишим
мамлекеттик кеңеш
мамлекеттик кеңешме
мамлекеттик кеңешчи
мамлекеттик киреше лер
мамлекеттик комитет
мамлекеттик контроль
мамлекеттик коопсуз дук
мамлекеттик көзөмөл
мамлекеттик кредит
мамлекеттик кызмат
мамлекеттик кызмат
орду
мамлекеттик кызмат кер
мамлекеттик кызыкчы лык
мамлекеттик кылмыш
мамлекеттик мектеп
мамлекеттик монопо лия
мамлекеттик орган
мамлекеттик рантье
(экон.)
мамлекеттик сапат бел гиси
мамлекеттик сатып ал малар
мамлекеттик саясий
башкарма
мамлекеттик стандарт
мамлекеттик статус
мамлекеттик сыйлык тар
мамлекеттик сыр
мамлекеттик тапшы рык, заказ
мамлекеттик тартип
мамлекеттик тейлөө
мамлекеттик телеком паниялар
мамлекеттик тизим
мамлекеттик тил
мамлекеттик токой
фондусу
мамлекеттик тышкы
карыз (экон.)
мамлекеттик укук
мамлекеттик финансы
мамлекеттик фонд
мамлекеттик чек ара
мамлекеттик чогулуш
мамлекеттик чыгымдар
мамлекеттик чыккын чылык
мамлекеттин аба айма гы
мамлекеттин киреше
саясаты

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МАМЛЕКЕТТИК АЙМАК – жер мейкиндигинин кандайдыр бир мамлекеттин бийлигинде турган, анын эгемендүүлүгүнө баш ийген бөлүгү. М. а-тын тутумуна: а) материктик (континенталдык) жана аралдык кургак жерлер кен-байлыктары менен; б) ички сууларды (өзөн сууларын, көлдөрдү, жасалма суу объекттерин) камтыган суу мейкиндиктери, ички деңиз суулары (деңиз бекеттеринин, деңиздеги булуңдардын, куйма, чыккан суулардын, куйма булуңдардын, эстуарилердин суулары) жана аймактык суулар (аймактык деңиздер); г) жер атмосферасынын бир бөлүгү болгон кургак жер жана суунун үстүндө жайгашкан аба мейкиндиктери кирет. М. а-тардын тышкы чектери чектеш мамлекеттердин ортосунда түзүлгөн макулдашууларга ылайык, болбосо тарыхий калыптанган каада-салттардын негизинде аныкталган мамлекеттик чегара тилкеси менен белгиленет. Мамлекет өзүнө таандык аймакка карата үстөмдүккө ээ болот (кара:Аймактык үстөмдүк); М. а-ты ошол аймактык эгемендүүлүктүн макулдугусуз чет жактардын пайдалануусу мүмкүн эмес.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МАМЛЕКЕТТИК АЙЫПТООЧУ – сот алдында кылмыш-жаза иши боюнча айыптоону ишке ашыруучу прокурор. М. а-нун ыйгарым укуктары КР процесстик мыйзамдары менен аныкталат. М. а-нун соттук тергөөгө катышуусу – сот өндүрүшүнүн ачыктыгынын белгиси.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МАМЛЕКЕТТИК АЛЫМДАР – мамлекет тарабынан белгиленген акчалай төлөмдөр, юридикалык мааниге ээ иш-аракеттерди жасаган же болбосо документтерди берген ыйгарым укуктуу органдардан жана кызмат адамдарынан алынат. М. а.: сотторго берилүүчү доо жана башка арыз – даттануулардан, нотариустар ишке ашырган нотариалдык аракеттеринен; жарандык абалды жазуучу органдардын жарандык абалды каттоо актыларынан жана башка юридикалык мааниге ээ иш-аракеттеринен; соттор, мекемелер жана органдар көрсөткөн документтерди берүүдөн; КР жарандыгын алууга жана КР жарандыгынан чыгууга байланыштуу документтерди берүүдөн жана кароодон, ошондой эле мыйзам тарабынан аныкталган юридикалык мааниге ээ иш-аракеттерди жасоодон алынат. М. а-дын 2: жөнөкөй жана теңдештик түрү бар. Жөнөкөй М. а. туруктуу өлчөмдө алынат. Теңдештик М. а. тийиштүү суммага пайыздык катышта алынат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МАМЛЕКЕТТИК АҢЧЫЛЫК ФОНДУ – КР мыйзамдары боюнча баардык жапайы айбанаттар, канаттуулар, табигый шарттарда сойлоочулар жана жерде-сууда жашоочулар, ошондой эле алар жашаган аймак кимдин пайдалануусунда экенине карабастан, аң жайыттарына көбөйтүү максатында коё берилген жаныбарлар. М. а. ф-н пайдалануу аңчылык эрежелерин сактоо менен ишке ашырылат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МАМЛЕКЕТТИК АППАРАТ – конституциялык укук илиминдеги мамлекет милдеттерин иш жүзүндө жүзөгө ашыруучу органдар тутуму. Тар маанисинен алганда, мамлекеттик башкарууну жүргүзө турган аткаруу (административдик) бийлик органдарынын жыйындысы.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МАМЛЕКЕТТИК АСЫЛ-ТУКУМ КЫЗМАТЫ – өз ишмердигин мамлекеттин атынан жүргүзүп, малчарбачылыгында асыл-тукум иштерин уюштуруу жана жүргүзүү боюнча адистештирилген тутумду түзүүчү бирикмелердин, илимий мекемелердин, асыл-тукум ишканаларынын, асыл-тукум заводдорунун, асыл-тукум чарбаларынын, асыл-тукум фермаларынын, мамлекеттик атканалардын, атмайдандардын ж. б. уюмдардын жыйындысы.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МАМЛЕКЕТТИК АСЫЛ-ТУКУМ РЕГИСТРИ – асыл-тукум үйүрлөр тууралуу маалыматтардын жыйнагы. М. а.-т. р. кымбат баалуу жаныбарларды жана канаттууларды идентификациялоо максатында мамлекеттик асыл-тукум кызматы тарабынан жүргүзүлөт. КРде асыл-тукум иштери менен мамлекеттик ишканалар, кооперативдик, фермердик, дыйкан чарбалары жана мамлекеттик асыл-тукум кызматы тарабынан берилүүчү лицензия алган башка асыл-тукум иштеринин субъекттери алектенүүгө укуктуу. Асыл-тукум малдары бар юридикалык жактар жана жарандар КР Айыл чарба министрлиги бекиткен Асыл-тукум чарбаларды аттестациялоо жөнүндө жобого ылайык аттестацияланууга тийиш.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МАМЛЕКЕТТИК АТАЙЫН ТАБИГЫЙ КОРУКТАР – жаратылыш комплекстерин же алардын компоненттерин сактоо же калыбына келтирүү жана экологиялык теңдештикти кармоо үчүн өзгөчө мааниси бар аймак (акватория). КР мыйзамдары боюнча М. а. т. к-ды түзүү негизги жер пайдалануучудан тийешелүү жер участкасын (суу объектисин) алып коюуга алып келбейт. Жер пайдалануучулар чарбалык иштерди жүргүзүүдө М. а. т. к-дын тартибин сактоого милдеттүү. Максаттык арналышы боюнча М. а. т. к. төмөнкүлөргө бөлүнөт: комплекстүү, зоологиялык, ботаникалык, токой жана гидрогеологиялык. М. а. т. к. КР Өкмөтү жана облраймамадминистрациялар тарабынан түзүлөт жана тийешелүү түрдө (10 жана андан көп жылдык мөөнөткө түзүлүүчү) республикалык жана (5 жылга чейинки мөөнөткө түзүлүүчү) жергиликтүү маанидеги болуп бөлүнөт.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МАМЛЕКЕТТИК БААЛУУ КАГАЗ – бийликтин өкмөттүк борбордук, жергиликтүү органдары тарабынан карыздарды жайгаштыруу жана акча каражаттарын багыттоо максатында чыгарылган облигациялар, казына векселдери ж. б. мамлекеттик милдеттенмелер.

Кыргызско-русский словарь банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Параметры аукциона государственных ценных бумаг (Parameters of auction government securities) —Информация об аукционе государственных ценных бумаг, содержащая дату проведения аукциона, выставляемый на продажу объем государственных ценных бумаг, номер и дату эмиссии, а также дату погашения государственных ценных бумаг.  

Кыргызско-русский словарь банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Обратный выкуп государственных ценных бумаг (Backward redemption of government securities) —Операция по покупке эмитентом государственных ценных бумаг, находящихся в обращении.  

Кыргызско-русский словарь банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Прямой участник на рынке государственных ценных бумаг (Primary dealer on Government securities market) —Коммерческие банки и институциональные инвесторы, осуществляющие деятельность на рынке государственных ценных бумаг и заключивший договор с Национальным банком Кыргызской Республики о работе в качестве прямого участника.  

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МАМЛЕКЕТТИК БААРАКЫ – социалдык камсыздоонун мамлекеттик фондунан жарандарга төлөнүүчү бааракы. КРда камсыздандырылган жарандар, республика аймагында жашаган, ошондой эле мыйзамдарда каралган шартта жана негизде мамлекеттик бааракы боюнча социалдык фондуга төгүмдөрдү төлөп турган чет өлкө жарандары менен жарандыгы жок жактар бааракы алууга акылуу. Жалпы эмгек жылдарына кире турган эмгектик ж. б. коомго пайдалуу ишмердүүлүгүнө байланыштуу М. б. чектелет: карылыгына, майыптыгына, багуучу адамын жоготкондугуна, иштеген жылдарына, эмгектик ж. б. коомго пайдалуу ишмердүүлүгүнө байланышкан шарттар боюнча же кандайдыр бир себептерден улам бааракы алууга укугу жок жарандарга социалдык бааракы төлөнөт.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МАМЛЕКЕТТИК БААРАКЫ КАМСЫЗДАНДЫРУУСУ – жарандарды карылыгына, майыптыгына, багуучудан айрылганына байланыштуу жана иштеген жылдары үчүн бааракы менен камсыз кылуу максатында жумуш берүүчүлөрдүн жана жарандардын милдеттүү камсыздандыруу мүчөлүк акыларынын эсебинен ишке ашырылуучу камсыздандыруунун түрү.

Кыргызско-русский словарь банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Органы государственного управления (Public Authorities) —Юридические субъекты, как правило, образованные согласно конституции страны и обладающие законодательной, судебной или исполнительной властью, которая распространяется на другие институциональные единицы, расположенные в пределах той или иной территории.  

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МАМЛЕКЕТТИК БИЙЛИККЕ КАРШЫ КЫЛМЫШТАР – КР кылмыш-жаза мыйзамдары боюнча конституциялык түзүлүштүн негиздерин, мамлекеттин коопсуздугун, мамлекеттик бийлик органдарынын ойдогудай иштөөсүн, кызмат кызыкчылыктарын, сот адилеттигин жана башкаруунун белгиленген тартибин ойдогудай ишке ашырууга каршы багытталган кылмыштардын түрлөрүнүн бири.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МАМЛЕКЕТТИК БИЙЛИК ОРГАНДАРЫ – мыйзамдарга ылайык түзүлгөн жана бийликтин ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруучу органдар. М. б. о.өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде мамлекеттин атынан чыгышат жана өздөрүнүн аракеттери менен мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарды жана милдеттенмелерди ишке ашырышат жана өздөрүнө алышат, ошондой эле сотто доочу же жоопкер катары чыгышат.

Кыргызско-русский словарь банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Бюджет государственный (State budget) —Имеющая официальную силу смета доходов и расходов государства на определенный период времени, чаще всего на год, составленная с указанием источников поступления государственных доходов и направлений расходования средств. Государственный бюджет составляется правительством, утверждается и принимается высшими законодательными органами.  

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МАМЛЕКЕТТИК БЮДЖЕТ (фр. budget ) – мамлекеттик бийлик органдарынын ишмердүүлүгүн жана мамлекеттик иштин аткарылышын камсыз кылуу үчүн акча каражатын түзүү менен чыгымдоонун бир таризи. М. б. республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден туруп, мамлекеттин баардык киреше менен чыгашаларын өзүнө камтыйт.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МАМЛЕКЕТТИК ВАЛЮТА ЖЕКЕБАСАРЛЫГЫ – валюта баалуулуктары менен иш жүргүзүүгө же мындай аткарымдарды белгилүү бир органдар менен уюмдардын жүргүзүүсүнө улуксат берүүгө, валюта каражаттарын колдонуу тартибин аныктоого мамлекеттин өзгөчө укугу. М. в. ж. валюталык аткарымдарды жөнгө салууну, валюта каражаттарын пайдаланууга көзөмөл кылууну, анын натыйжалуулугун арттыруу чараларын ишке ашырууну көздөйт.

Словарь переводов пользователей Эл-Создук

мамлекеттик визит - мамлекет башчынын башка өлкөгө болгон жогорку категориядагы иш визити.
----
Чет мамлекет менен жетишилген эки тараптуу мамилелердин жогорку саясий деңгээлин белгилөө максатында Кыргыз Республикасына жүргүзүлүүчү визиттин жогорку түрү, ал чет мамлекет башчысынын бийликтеги ыйгарым укуктарын үзгүлтүксүз аткарып жаткан мезгилинде бир жолу гана жүзөгө ашырылышы мүмкүн. Ушул Мыйзамда каралган аземдик сый көрсөтүүнүн көлөмү боюнча мамлекеттик визит кыйла толук болуп эсептелет. (Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу)

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МАМЛЕКЕТТИК ГЕРБ (поляк. herb , нем. Erbe – мурас) – мамлекеттин ырасмий символдорунун бири болуп эсептелүүчү айырмалоочу белги; желектерге жана тууларга, акча белгилерине, имараттардын маңдайына, жыйын жайларына, жумушчу бөлмөлөргө, чегара белгилерине (мамыларына), мөөрлөргө, бланктарга, ырасмий документтерге жана мамлекеттик сыйлыктарга түшүрүлөт. КР мыйзамдары боюнча КР М. г-и КР мамлекеттик символу болуп эсептелет жана КР М. г-и мамлекеттик органдардын же жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан, айрым мамлекеттик-бийликтик ыйгарым укуктар берилген уюмдардын мөөрлөрүнө жана бланктарына жайгаштырылат. КР М. г-и КР жаранынын инсандыгын ырастоочу документтерге жана КР мамлекеттик органдары берүүчү жалпы мамлекеттик үлгүдөгү башка документтерге түшүрүлөт. Бланктарды, мөөрлөрдү жана КР М. г-и түшүрүлгөн башка булактарды даярдоо, пайдалануу, сактоо жана жок кылуу тартиби КР Өкмөтү тарабынан аныкталат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МАМЛЕКЕТТИК ГИМН (гр. hymnos – салтанаттуу ыр) – атамекенди, тарыхый окуяларды, алардын каармандарын даңктоочу музыкалык-поэтикалык чыгарма; мамлекеттин ырасмий символдорунун бири. КР М. г-и – КР мамлекеттик символу, мыйзамда каралган учурларда аткарылуучу музыкалык-поэтикалык чыгарма түрүндө болот. КР М. г-и бекитилген музыкалык редакцияга жана текстке так ылайыкта аткарылууга тийиш. КР М. г-ин так аткарууга байкоо жүргүзүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине, ошондой эле КР уюмдарына жүктөлөт.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МАМЛЕКЕТТИК ДЕҢИЗ СООДА КЕМЕЛЕРИНИН ИММУНИТЕТИ – мамлекет иммунитетинин билдирүүсүнүн бири, анын мааниси мындай кемелерге карата же андай кемелерге байланыштуу (анын колдонуу түрлөрүнө карабастан) чет өлкөлүк сот мекемелерине доо коюлушуна, ошондой эле чет өлкөлүк суубекеттер менен сууда доону камсыздандыруу да, ал кеме менчигинде турган мамлекеттердин макулдугусуз чыгарылган сот чечимдерин мажбурлап аткартуу максатында да, мажбурлап кармоого, камоого же төлөтүүгө жол берилбегендигинде турат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МАМЛЕКЕТТИК ЖАНА МАМЛЕКЕТТИК ЭМЕС ЖЫЙЫНДЫ КАРЫЗ – өлкөнүн кредиттик макулдашуу же башка карыз милдеттенмеси боюнча алынган өздөштүрүлгөн жана төлөнө элек мамлекеттик жана мамлекеттик эмес карыздарынын белгилүү бир убакытка карата кошундусу.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МАМЛЕКЕТТИК ЖАРАТЫЛЫШ ЭСТЕЛИКТЕРИ – экологиялык, илимий, тарыхый-маданий жана эстетикалык жактан сейрек кездешүүчү, өтө баалуу объекттер. Жаратылыш объекттери атайын ыйгарым укуктуу органдардын сунушу боюнча КР Өкмөтү тарабынан М. ж. э. катары жарыяланат жана ага тийешелүү жерлер (суу объекттери) анын ээлери менен пайдаланып жүргөн тараптардан тартылып алынбайт.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МАМЛЕКЕТТИК ЗАЙЫМ КЕЛИШИМИ – зайым келишиминин КР жарандык мыйзамдарында каралган өзгөчө түрү. М. з. к. боюнча зайым алуучу КР болот, ал эми зайым берүүчү катары жаран же юридикалык жак чыгат. Мамлекеттик карыздар ыктыярдуу болуп саналат. М. з. к. зайым берүүчүнүн мамлекет тарабынан чыгарылган, зайым берүүчүнүн карыз алуучудан ага карыз берилген акча каражаттарын же (зайымдын шарттарына байланыштуу) башка мүлктөрүн, белгиленген үстөк пайыздары менен же мүлккө ээлик кылуу укуктарын зайымдарды чыгаруу шарттарында көрсөтүлгөн мөөнөттө алуу укугун күбөлөгөн облигацияларды же башка баалуу кагаздарды сатып алуу жолу менен түзүлөт. Жүгүртүүгө чыгарылган зайымдардын шарттарын өзгөртүүгө жол берилбейт.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МАМЛЕКЕТТИК ИЧКИ КАРЫЗДЫ ЖОЮУ – мамлекеттин карыз боюнча милдеттенмелеринен толук баш тартуусу. Ал адатта, саясий бийликтин алмашуусу шарттаган кескин чара болуп эсептелет.

Кыргызско-русский словарь банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Государственное предприятие (Public Enterprise) —Определяется как нефинансовое или финансовое предприятие, которое находится под контролем со стороны органов государственного управления, при этом контроль над предприятием определяется как способность устанавливать общую политику предприятия путем выбора, при необходимости, соответствующих директоров.  

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МАМЛЕКЕТТИК КАЗЫНАЛЫК БИЛЕТ – мамлекеттин милдеттенмеси, эл арасына таратылган, ээлери акча каражаттарын чегеришкенин күбөлөгөн жана аларга милдеттенмеге ээлик кылуу мөөнөтү ичинде киреше алууга укук берген баалуу кагаздар. 5 жылдан 25 жылга чейинки узак мөөнөттүү милдеттенмелердин купондору болот жана аларга жыл сайын киреше төлөнүп турат. Кыска мөөнөттүү милдеттенмелердин купону болбойт, ал эми киреше милдеттенмени сатып алганда жана жойгондо төлөнөт.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МАМЛЕКЕТТИК КАЗЫНАЛЫК МИЛДЕТТЕНМЕЛЕР (МКМ) – ыктыярдуу негизде жайгаштырылуучу (калк жана юридикалык жактар арасында) мамлекеттик баалуу кагаздардын түрү, аларды кармоочулардын мамлекеттик бюджетке акча каражаттарын төлөшкөнүн жана ал баалуу кагаздарга ээлик кылган баардык мөөнөттө белгилүү киреше алууга укуктуулугун күбөлөө. Бюджеттин аткарылышын жакшыртуу жана инфляциянын темпин төмөндөтүү максатында чыгарылат. КРде КР Каржы министрлиги МКМ эмитенти болуп саналат. МКМ документтик эмес таризде чыгарылат жана ыйгарым укуктуу банк эсептерине каттоо менен жүгүртүлөт.

Кыргызско-русский словарь банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Государственные казначейские облигации (Treasury Obligations) —Долгосрочные государственные ценные бумаги Правительства Кыргызской Республики и других государств с процентным доходом (купоном), выпускаемые как в бездокументарной, так и документарной (бумажной) формах.  

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МАМЛЕКЕТТИК КАМСЫЗДАНДЫРУУ – камсыздандыруучу катары мамлекеттик уюм чыккан камсыздандыруунун уюштуруу тариздеринин бири. Өнүккөн өлкөлөрдө М. к. өзгөчө коркунучтуу жана айрыкча тобокелчиликтерди (өзгөчө согуш мезгилиндеги аскердик, атомдук жана космостук тобокелчиликтерди, кредиттик камсыздандырууларды) камтыйт.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МАМЛЕКЕТТИК КАРЫЗ – мамлекеттин кредиттик макулдашуулары жана башка карыздык милдеттенмелери боюнча белгилүү күнгө карата өздөштүрүлгөн жана жоюлбаган ички жана тышкы карыздарынын жалпы кошундусу. КРде М. к. КР Өкмөтүнүн карамагындагы баардык активдер менен камсыз кылынат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МАМЛЕКЕТТИК КАРЫЗДАРДЫ БАШКАРУУ – мамлекеттин зайымдарды жоюу, алар боюнча кирешелерди төлөөнү уюштуруу, мурда чыгарылган зайымдардын шарттарын жана мөөнөттөрүн өзгөртүү, ошондой эле жаңы карыздардын милдеттенмелерин жайгаштыруу боюнча каржылык ишчараларынын жыйындысы. Мындай ишчараларга кайра каржылоо, зайымды конверсиялоо, зайымдарды топтоштуруу, жоюу жана турпатташтыруу кирет.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МАМЛЕКЕТТИК КАТЧЫ – КР мыйзамы боюнча түздөнтүз КР Президентине баш ийген жана мамлекет башчысынын конституциялык ыйгарым укуктарын ишке ашыруу, КРдин ички жана тышкы саясаттарын иштеп чыгуу жана ишке ашыруудагы аракеттерди координациялоо боюнча анын тапшырмаларын аткаруучу кызмат адамы. М. к-нын негизги кызматтык милдети: ага КР Президенти ыйгарган өкүлчүлүк милдетин аткаруу; КР мамлекеттик саясатын маалыматтык-талдоо жана идеологиялык жактан камсыз кылуу жумуштарын координациялоо; саясий партиялар, коомдук уюмдар жана диний конфессиялар менен байланыштарды кармап туруу; бирдиктүү кадр саясатын ишке ашыруу; КР Президентинин башка тапшырмаларын аткаруу болуп саналат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МАМЛЕКЕТТИК КОНТРАКТ – мамлекеттик керектөөлөр үчүн товар берүүчү (аткаруучу) өзү чыгарган товарды мамлекеттик тапшырыкчыга же анын көрсөтмөсү боюнча башка адамга берүүчү, ал эми тапшырыкчы берилген товарлардын акысын төлөөнү камсыз кылууга милдеттенген келишим. М. к. берүүчү (аткаруучу) кабыл алган мамлекеттик тапшырыктын негизинде түзүлөт. Мамлекеттик тапшырыкчы үчүн М. к. түзүү дайыма сөзсүз шарт болуп саналат, ал эми аткаруучу үчүн мыйзамда белгиленген учурларда жана тапшырыкчы берүүчүнүн (аткаруучунун) М. к. аткарууга байланыштуу тарткан чыгымдарынын баарын төлөп берген шарттарда гана керек.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МАМЛЕКЕТТИК КОР – КР мыйзамдары боюнча КР мобилизациялык муктаждыктарын камсыз кылууга багытталган материалдык баалуулуктардын мамлекеттик өзгөчө жыйымы; табигый кырсыктардын жана өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуда биринчи кезектеги иштерди камсыз кылуу; ички базарда сунуш менен суроо-талаптардын ортосундагы дал келбестиктердин шарттарында, азык-түлүктөр, жылуулук-энергетикалык ресурстар жана маанилүү чийки заттар менен жабдуу убактылуу бузулганда экономиканы турукташтыруу максатында уюмдарга экономиканын аркыл тармактарына мамлекеттик колдоо көрсөтүү; гуманитардык жардамдарды ишке ашыруу. М. р. мамлекеттик менчиктин өзгөчө колтийгис объектиси болуп саналат жана КР Президентинин жардыгы жана буйругу, КР Өкмөтүнүн токтому жана буйругу менен гана пайдаланылышы мүмкүн.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МАМЛЕКЕТТИК КОРГОО ТАПШЫРЫГЫ – мамлекеттик муктаждыктар үчүн мамлекеттин коргонуу жөндөмдүүлүгүн жана коопсуздугун зарыл болгон деңгээлде кармап туруу максаттарында тийиштүү продукцияларды: курал жарактарды, ок-дарыларды, аскер техникаларын, аскердик жабдууларды, жабдуучу бөлүктөрдү, материалдарды берүү, жумуштарды аткаруу, кызмат көрсөтүү, ошондой эле эларалык келишимдерге ылайык чет мамлекеттер менен аскердик-техникалык кызматташуу жаатындагы экспорттук-импорттук алмашууларды алдынала караган укуктук акт.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МАМЛЕКЕТТИК КӨЗӨМӨЛ – мамлекеттик бийликти ишке ашыруучу, мамлекеттик органдар тарабынан чыгарылган мыйзамдардын ж. б. укуктук актылардын сакталышын камсыз кылуучу тариздердин бири. М. к. аркыл органдар: парламент, эсеп палаталары, конституциялык сот, шайлоо комиссиялары ж. б. тарабынан ишке ашырылат. Ошого жараша парламенттик көзөмөл, каржы көзөмөлү, конституциялык көзөмөл ж. б. болуп бөлүнөт

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МАМЛЕКЕТТИК КРЕДИТ – берүүчүсү мамлекет, алуучусу жеке же юридикалык жактар болгон кредит. Ал негизинен калкка сатылуучу мамлекеттик зайымдар, облигациялар аркылуу ишке ашырылат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ – 1) мамлекеттик органдардагы мамлекеттик кызматчылардын КР Конституциясында ж. б. ченемдик укуктук актыларында аныкталган милдеттерин, иш-милдеттерин жана бийлик ыйгарым укуктарын кесиптик негизде жүзөгө ашыруу боюнча иши; 2) административдик укуктун борбордук институттарынын бири.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТКЕР – КР мыйзамдары боюнча мамлекеттик кызматта турган, туруктуу негизде белгилүү акчалай акы үчүн өз кызматына ылайык берилген ыйгарым укуктарын аткарууда кесиптик ишмердикти аркалап жүргөн жана алардын орундалышына жооптуу КР жараны.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ ОРУНУ – КР мыйзамдарында каралган кызмат оруну, болбосо мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттик органдын штаттык бирдиги катары аны ээлеген адам үчүн бул мамлекеттик органдын ыйгарым укуктарын аткаруу жана камсыз кылуу боюнча милдеттердин чөйрөсүн аныктоо менен уюмдаштырылган кызмат оруну. Мамлекеттик кызмат орундары саясий мамлекеттик кызмат оруну жана административдик мамлекеттик кызмат оруну болуп бөлүнөт.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МАМЛЕКЕТТИК КЫЛМЫШ – мамлекеттин коомдук жана саясий түзүлүшүнө, ошондой эле мамлекеттин коопсуздугуна каршы багытталган кылмыш жосундары. КРде мындай М. к-тар кылмыш-жаза мыйзамдарында (мамлекеттик чыккынчылык , куралдуу козголоң , диверсия , шпионаж ж. б.) каралган.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МАМЛЕКЕТТИК МЕНЧИК – мамлекетке менчик укугунда таандык мүлктөр. Мамлекет өз ишмилдетин аткарууда зарыл болгон каалагандай мүлккө ээ боло алат. М. м. республикалык жана жергиликтүү казынадан, ошондой эле мыйзам актыларына ылайык мамлекеттик юридикалык тараптарга бекитилип берилген мүлктөрдөн турат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МАМЛЕКЕТТИК МУКТАЖДЫКТАР ҮЧҮН ТОВАРЛАРДЫ ЖЕТКИРИП БЕРҮҮ – алып келип берүү келишиминин бир түрү; мамлекеттик контракттын, ошондой эле ага ылайык түзүлгөн алып келип берүү келишимдери боюнча мамлекеттик муктаждыктар үчүн товарларды алып келип берүү (белгиленген тартипте аныкталган КР керектөөлөрүн бюджеттик жана бюджеттен тышкаркы каражат булактарынын эсебинен камсыз кылуу) менен жүзөгө ашырылат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МАМЛЕКЕТТИК ОРГАН – КРде КР Конституциясына, КР конституциялык жана башка мыйзамдарына, КР Президентинин жарлыктарына ылайык туруктуу негизде уюмдаштырылган, мыйзам чыгаруу, аткаруу же соттук мамлекеттик бийликтин, ошондой эле КР Президентинин Администрациясынын ишмилдеттерин жүзөгө ашырууга, милдеттүү түрдө аткаруу үчүн чечимдерди кабыл алууга жана алардын ишке ашырылышын камсыз кылууга ыйгарым укуктуу, мамлекеттик бюджеттен каржылануучу уюм. «М. о.» деген аталгы ошондой эле борбордук мамлекеттик органдын иш-милдеттерин же ишмилдеттеринин бир бөлүгүн жүзөгө ашыруучу кандай болбосун аймактык бөлүмчөнү же түзүмдүк бирдикти билдирет.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МАМЛЕКЕТТИК САНИТАРДЫК-ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК КӨЗӨМӨЛГӨ АЛУУ – министрликтердин, ведомстволордун ж. б. уюмдардын, ошондой эле жарандардын санитардык ченемдер менен эрежелерди сактоолоруна көзөмөл жүргүзүү; санитардык-эпидемиологиялык кызмат тарабынан ишке ашырылат. М. с.-э. к. а.: КР мамлекеттик чегаралары аркылуу өткөрүү пункттарындагы санитардык-карантиндик көзөмөлдү; санитардык мыйзамдарды бузууга бөгөт коюу чараларын; мамлекеттик деңгээлде калктын санитардык-эпидемиологиялык жыргалчылыгын камсыз кылуу жаатында статистикалык байкоо жүргүзүүнү; мамлекеттик маалымат ресурстарын жана башка иш-чараларды калыптандыруу максатында калктын санитардык-эпидемиологиялык саламаттыгын камсыздоо тармагынын , жашаган чөйрөлөрүнүн зыяндуу таасирлерине байланыштуу жугуштуу илдеттердин, кесиптик оорулардын, жугуштуу эмес (уулануу) жапырт оорулардын статистикасын мамлекеттик эсепке алууну камтыйт.

Кыргызско-русский словарь банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Государственный сектор (Public Sector) —Включает сектор государственного управления, центральный банк и те структуры в составе сектора депозитных учреждений и других секторов, которые являются государственными предприятиями и организациями.  

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МАМЛЕКЕТТИК СИМВОЛДОР (гр. symbolon – белги) – айкын мамлекеттин улуттук эгемендүүлүгүнүн жана өзалдынчалыгынын жүзүн көрсөтүүчү мыйзамда белгиленген айырмалоо белгилери. Негизги М. с-го төмөнкүлөр кирет: мамлекеттик туу, мамлекеттик герб, мамлекеттик гимн, мамлекеттик түстөр, мамлекет башчысынын штандарты, мамлекеттик мөөр, мамлекеттик ураан. КРде М. с. болуп КР Мамлекеттик туусу, КР Мамлекеттик герби, КР Мамлекеттик гимни эсептелет.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МАМЛЕКЕТТИК СТАНДАРТ (МАМСТ) – продукциянын, өндүрүш жүрүмүнүн (усулдарынын), сактоону, ташууну, сатып өткөрүүнү, пайдаланууну жана таштандыларды иштетүүнү, жумуштарды же кызмат көрсөтүүлөрдү ыктыярдуу түрдө көп жолу пайдалануунун эрежелери, жалпы принциптери, мүнөздөмөлөрү белгиленүүчү консенсуска негизделип иштелип чыккан стандартташтыруу боюнча мамлекеттик органдар тарабынан ка-был алынган документ. М. с. аталгыга, символикага, таңгактоого, маркирлөөгө жана/же этикеттөөгө карата талаптарды камтышы мүмкүн.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МАМЛЕКЕТТИК СЫЙЛЫК – мамлекеттин көрүнүктүү өндүрүштүк натыйжалары үчүн, илимди жана техниканы, адабиятты жана искусствону өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн жарандарды сыйлоо.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МАМЛЕКЕТТИК СЫЙЛЫКТАР – КР мыйзамдарына ылайык белгиленген ордендер, медалдар, ардак наамдар, ардак грамоталар. КРде М. с. КР жарандарын сыйлоонун жана алардын мамлекетти жана демократиялык коомду, эл биримдигин, өлкөнүн экономикалык, интеллектуалдык жана руханий мүмкүнчүлүктөрүн чыңдоого жана коргоого кошкон салымдарын, ошондой эле мамлекет жана эл алдында коомдук, гуманитардык, кайрымдуулук ж. б. иштерде сиңирген эмгектерин таануунун жогорку таризи болуп саналат. М. с. менен КРге эмгек сиңирген чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар да сыйланышы мүмкүн. КР «Кыргыз Республикасынын Баатыры» жогорку артыкчылык даражасы, ордендер, медалдар, ардак наамдар, КР Ардак Грамотасы КРдин М. с-ы болуп эсептелет. М. с. КР ЖК тарабынан белгиленет. М. с-дын аталышы мамлекеттик жана ырасмий тилдерде бекитилет.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МАМЛЕКЕТТИК СЫР – аскердик, тышкы саясий, экономикалык, чалгындоо, контрчалгындоо жана ыкчам-иликтөө ишмердиги жаатындагы мамлекет тарабынан коргоого алынган маалыматтар; анын таркап кетүүсү мамлекеттин коопсуздугуна залака келтириши мүмкүн.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МАМЛЕКЕТТИК СЫРДЫ ЖАРЫЯЛОО – КР кылмыш-жаза мыйзамдары боюнча конституциялык түзүлүштүн негиздери менен мамлекеттин коопсуздугуна каршы жасалган кылмыштын бир түрү. Мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтарды ачыкка чыгаруу менен, чоочун адамдардын ээ болушуна жол ачуу жосуну М. с. ж. катары түшүндүрүлөт. Аткарган ишинин же кызмат милдетинин мүнөзү боюнча ошол маалыматтарды алууга мүмкүн болбогон жак чоочун адам катары таанылат. Мамлекеттик сырга жаткан маалыматтардын чет өлкөлүк чалгынчылардын колуна тийип, андан улам мамлекеттик иш-чаралардын үзгүлтүккө учуроосу, келечектүү илимий изилдөөлөрдүн токтоп калуусу, өзгөчө тартиптеги объектилердин орун которушу ж. б. М. с. ж-нун оор кесепети болуп саналат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МАМЛЕКЕТТИК СЫРЛАРДЫ КОРГОО ТУТУМУ – мамлекеттик жашыруун сырлардын сакталышын жана корголушун камсыз кылуунун КР мыйзамдары жана мамлекеттик бийлик органдарынын башка ченемдик актылары менен белгиленген бирдиктүү тартиби.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МАМЛЕКЕТТИК ТАПШЫРЫК – ыйгарым укуктуу мамлекеттик уюмдун башка бир уюмга мамлекеттик керектөөлөр үчүн товар берүү, жумуш жасоо, кызмат көрсөтүү тууралуу жиберген сунушу. Мамлекеттик керектөөлөр үчүн продукцияларды сатып алуучулар мыйзам менен аныкталат. Юридикалык жак статусуна ээ мамлекеттик органдар, бюджеттик уюмдар, мамлекеттик каражаттарга уюштурулган фонддор, мамлекет 51 пайыздан кем эмес акциясына ээ акционердик коомдор ошондой аткаруучу боло алат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МАМЛЕКЕТТИК ТӨҢКӨРҮШ – конституциялык укук илиминде – күч колдонуу жана конституцияны бузуу же конституциялык (мамлекеттик) түзүлүштү кулатуу аркылуу ишке ашырылган, же мамлекеттик бийликти ким тарабынан болбосун басып алуу. Эгер М. т. аскердин катышуусу менен ишке ашырылса, ал аскердик төңкөрүш деп да аталат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МАМЛЕКЕТТИК ТУРАКЖАЙ ФОНДУ – 1) мамлекетке тийешелүү турак үйлөр менен башка курулмалардагы туракжайлар; 2) мамлекеттин менчигинде турган жана мамлекеттик ишканалардын чарбалык керектөөлөрүндө же мамлекеттик мекемелердин ыкчам башкаруусундагы ведомстволук туракжай фонду.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МАМЛЕКЕТТИК ТУУ – мамлекеттин негизги символдорунун бири, анын ырасмий айырмалоочу белгиси, эмблемасы; мамлекеттин эгемендүүлүгүн көрсөтөт. Ошол өлкөнүн коомдук-саясий жана мамлекеттик түзүлүшүн чагылыдырышы мүмкүн. М. т-нун баяндалышы конституция же атайын мыйзам менен аныкталат; мамлекеттик герб же башка эмблема түшүрүлгөн же андайы жок бир түстүү же көп түстүү кездеме түрүндө болот. М. т. баардык мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарынын; чет өлкөлөрдөгү, ачык деңизде сүзүүчү кемелердеги жана чет мамлекеттердин суу аймактарындагы элчиликтеринин, соода өкүлчүлүктөрүнүн, консулдуктарынын имараттарында көтөрүлөт ж. б. КР мыйзамы боюнча КР М. т-су. КРдин мамлекеттик символу. КР М. т-су КР Өкмөтүнүн тийиштүү улуксаты бар юридикалык жактар тарабынан даярдалат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МАМЛЕКЕТТИК ТҮЗҮЛҮШ – конституциялык укук ченемдеринде белгиленген жана бекитилген социалдык, экономикалык жана саясий-укуктук мамилелердин тутуму. М. т. конституциялык түзүлүш дегенге караганда бир кыйла кеңири түшүнүк болуп саналат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МАМЛЕКЕТТИК ТҮЗҮЛҮШ – бир катар чет мамлекеттерде мамлекеттик бийлик органдарынын биригүүчү ченемдерин, тутумдарын белгилөөчү, алардын максат-милдеттерин, ичара мамилелерин, түзүлүш тартибин жана айрым убактарда административдик-аймактык түзүлүшүнүн ченемдерин аныктоочу конституциялык-укуктук институттун аталышы. Эреже катары, тийиштүү ченемдер Конституциялардын окшош аталыштагы бөлүктөрүндө аныкталат. КРде андай институт «Мамлекеттин түзүлүшү жана иши», Бразилияда – «Мамлекеттин уюштурулушу», Өзбекстанда – «Мамлекеттик бийликтин уюштурулушу» деп аталат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МАМЛЕКЕТТИК ТҮЗҮЛҮШТҮН ТАРИЗИ – конституциялык укук теориясында союз түзүүчү мамлекеттердин же мамлекеттин аймактык уюштуруу ыкмасы. Үч М. т. т. айырмаланат: федеративдик (биримдик), конфедеративдик (кошунду) жана унитардык (бирөңчөй) мамлекет. Калкынын курамы көп улуттуу өлкөлөргө карата кээде «улуттук-мамлекеттик түзүлүш таризи» деген түшүнүк колдонулат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МАМЛЕКЕТТИК ТҮЗҮМҮ ӨЗГӨРТҮЛГӨН ЗАЙЫМДАРДЫН ОБЛИГАЦИЯСЫ – карыздардын түзүмүн өзгөртүү максатында чыгарылган мамлекеттик баалуу кагаздар. Мамлекеттик баалуу кагаздарга жолжоболоштурулган КРУБдун алдындагы кредит жана карыз боюнча КР Өкмөтүнүн негизги карыздарын кайра түзүү М. т. ө. з. о-н чыгарып, аны КРУБка өткөрүп берүү жолу аркылуу жүргүзүлөт. М. т. ө. з. о. жүгүртүү мөөнөтү менен пайыз чени чектелбеген мамлекеттик баалуу кагаз болуп саналат. Күндөлүк базар чени боюнча акча-кредит саясатынын максаты үчүн КРУБ М.т. ө. з. о-н кыска мөөнөттүү (6 айга чейин) РЕПО аткарымдарына пайдаланууга укугу бар.

Кыргызско-русский словарь банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Государственный внешний долг (Public External Debt) —Остаток непогашенных фактических обязательств по ссудам и займам сектора государственного управления и органов денежно-кредитного регулирования страны.  

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МАМЛЕКЕТТИК ТЫШКЫ КАРЫЗ – белгилүү бир мөөнөткө карата, мамлекеттин резидент эмес кредиторлордун алдындагы өз багытында жумшалып, бирок жоюла элек мамлекеттик тышкы зайым ж. б. мамлекеттик карыздардын милдеттенмелеринин курамдык бөлүгү.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МАМЛЕКЕТТИК ТЫШКЫ КАРЫЗДАР – мамлекеттин жоюлбаган тышкы карыздары жана алар боюнча төлөнбөгөн пайыздар боюнча карыздары. М. т. к. мамлекеттин эларалык жана мамлекеттик банктарга, өкмөттөргө, чет өлкөлүк жеке менчик банктарга ж. б. карыздарынан куралат. Учурдагы М. т. к. төлөө мөөнөтү үстүбүздөгү же жакынкы бюджеттик жылы келүүчү карыздар; капиталдык карыздарга төлөө мөөнөтү али келе элек карыздар жатат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МАМЛЕКЕТТИК УКУК – укуктун бир тармагы, ал ошол мамлекеттин коомдук түзүлүштүн жана саясаттын негиздерин бекемдөөчү мамлекеттик-укуктук ченемдерди, жарандардын укуктук абалын, алардын укугун, эркиндигин, милдеттерин, улуттук-мамлекеттик түзүлүштү жана мамлекеттик ж. б. органдардын тутумун түзөт. Аталган мамилелер конституциялык жөнгө салуунун объектиси болуп эсептелгендиктен М. у-ту конституциялык укук деп да аташат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МАМЛЕКЕТТИК (УЛУТТУК) КООПСУЗДУК ОРГАНДАРЫ – негизги ишмердиктери мамлекеттик (конституциялык) түзүлүшкө каршы кылмыштарды ашкерелөөгө жана болтурбоого, мамлекеттин тышкы жана ички коопсуздугун камсыз кылууга багытталган мамлекеттик органдар. М. (у.) к. о-нын компетенциясына ошондой эле чалгындоо-маалыматтык мүнөздөгү, жогорку мамлекеттик органдарды кайтаруу, мамлекеттик байланышты камсыз кылуу, мамлекеттик чегараны кайтаруу милдеттери да кирет. Демократиялык мамлекеттерде М. (у.) к. о. кылмыш-жаза кылмыштары, террорчулук , мамлекеттик чыккынчылык, шпиондук, диверсиялык, мамлекеттик ишмерлердин өмүрүнө кол салуу, бийликти күч колдонуу менен ээлеп алуу жана куралдуу көтөрүлүш деген сыяктуу кылмыштарга да каршы күрөш жүргүзүшөт. Демократиялык эмес (төбөлдүк, жеке башкаруучулук) мамлекеттерде М. (у.) к. о-нын ишмердиктери жогоруда көрсөтүлгөн кылмыш-жаза кылмыштарына (көп учурларда «саясатташтырылган» мүнөзгө ээ) да, ошондой эле бийликтин саясий оппоненттеринин, диссиденттердин тынч эле коомдук активдүүлүктөрүнө да каршы багытталат. КРде М. (у.) к. о. КРдин коопсуздугун камсыз кылуучу жана инсандын, коомдун жана мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуучу күчтөрдүн ажырагыс бөлүгү болуп саналат, чет өлкөлүк атайын кызматтардын жана уюмдардын чалгынчылык-бузукулук иштерине, ошондой эле КР аймактык бүтүндүгүнө жана эгемендүүлүгүнө, конституциялык түзүлүшүнө кол салуулар боюнча укукка каршы аракеттерди алдыналуу жана болтурбоо боюнча иштерди жүргүзөт.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МАМЛЕКЕТТИК (ФИСКАЛДЫК ) ЖЕКЕБАСАРЛЫК – кеңири керектелүүчү товарларды (тамеки, туз ж. б.) өндүрүүгө жана сатууга мамлекеттин жекебасарлыгы. Эгер мамлекет кайсы бир товарды өндүрүүгө да, сатууга да жеке ээлик кылса, ал толук, эгер өндүрүүгө же сатууга гана жеке ээлик кылса жарым-жартылай болушу мүмкүн. Италияда (тамеки, ширеңке, сыра, спиртке), Японияда (туз, тамеки, спирт, апийимге), ГФРде (шарапка) ж. б. өлкөлөрдө жекебасарлыгы бар.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МАМЛЕКЕТТИК ЧЕГАРАНЫН КОЛТИЙГИСТИК ПРИНЦИБИ – жеринде чегара сызыгын кандай гана болбосун бир тараптуу өзгөртүүгө, ошондой эле эларалык келишимдерди жан мамлекеттин ички эрежелерин бузуу менен чегарадан өтүүгө тыюу салган эларалык укуктун жалпы таанылган принциби. Чегара сызыгынын кандай гана болбосун өзгөрүүсү чектеш мамлекеттердин макулдашуулары боюнча жана эларалык укукка ылайык жүргүзүлөт. Өз эгемендүүлүгүнүн, алып айтканда, аймактык артыкчылыгынан улам арбир мамлекет өз чегарасынан жарандардын унаа жана жүк менен өтүү тартибин өзалдынча аныктайт же андай тартип кызыкдар тараптардын макулдашуулары боюнча эларалык укук ченемдерин жана принциптерин эсепке алуу менен аныкталат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МАМЛЕКЕТТИК ЧЕГАРА ТИЛКЕСИ – эларалык келишимдер менен аныкталуучу жана улуттук ченем актылары менен бекитилген, эгемендүү мамлекеттин аракеттеринин мейкиндиктик чектерин белгилөөчү, жердин үстүнө перпендикулярдуу өткөн тик тилке. Ал тилкесинин техникалык-экономикалык милдети конкреттүү мамлекеттин кургактагы, суудагы жана аба мейкиндигиндеги аймактарын, ошондой эле анын байлыктарын, ачык деңиздеги акваториясын жана анын үстүндөгү аба мейкиндигин чектеш мамлекеттерден ажыратып чектөөдө турат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МАМЛЕКЕТТИК ЧЫККЫНЧЫЛЫК – КР кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык мамлекеттин коопсуздугуна каршы иштелген бир кыйла оор кылмыш. КР жаранынын чет мамлекетке же чет өлкөлүк уюмга КРдин тышкы коопсуздугуна зыян келтирүүчү кастык иштерин жүргүзүүгө жардамдашуусу же болбосо мамлекеттик сырды берүүсү катары аныкталат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МАМЛЕКЕТТИК ШААРКУРУУ НАРККАТТАМЫ – шаар куруу ишинде зарыл болуучу маалыматтардын, анын ичинде кыймылсыз мүлк объекттерин өзгөртүү үчүн керек болуучу маалыматтардын жыйнагы. М. ш. н. КР мамлекеттик маалыматтык-укуктук нарккаттамдар тармагына кирет жана кыймылсыз мүлктөрдүн мурдагы жана азыркы учурдагы юридикалык жана нарктык абалдары тууралуу маалыматтарды, ошондой эле аймактарды жана калктуу конуштарды куруунун жана өнүктүрүүнүн шааркуруу пландоосу, аймактардын жана объекттердин тийешелүү иштөө чөлкөмдөрүнө алардын учурдагы жана келечектеги ылайык келүү багыты жөнүндө, экологиялык, инженердик-геологиялык, суугеологиялык жана сейсмикалык кырдаалдары, инженердик камсыз болуусу тууралуу маалыматтарды камтыйт.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МАМЛЕКЕТТИК ЭМЕС БААРАКЫ – бааракы келишимдеринин шарттарына ылайык, мамлекеттик эмес бааракы фондунан жарандарга төлөнө турган бааракы. Адатта, ал мамлекеттик бааракыга кошумча төлөм иретиндеги мүнөздө болот

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МАМЛЕКЕТТИК ЭМЕС БААРАКЫ ФОНДУ – ыктыярдуу негизде жарандарды бааракы менен камсыз кылуучу коммерциялык эмес уюмдун өзгөчө уюмдаштырылган-укуктук таризи. М. э. б. ф. мамлекеттик бааракы менен камсыздандыруу тутумуна көзкарандысыз жана ага толуктооч катары иштейт. Бааракылык келишимдердин негизинде жеке адамдарды бааракы менен мамлекеттик эмес ыктыярдуу камсыз кылуу М. э. б. ф. ишмердүүлүгүн өзгөчө түрү болуп саналат. М. э. б. ф. ишмердүүлүгү бааракылык мүчөлүк акыларды бир жерге топтоодо, бааракылык милдеттенмелерди эсепке алууда, аларды арбытуу максатында бааракылык активдерди жайгаштырууда жана алуучуларга мамлекеттик эмес бааракыларды төлөп берүүдө турат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МАМЛЕКЕТТИК ЭМЕС БААРАКЫ ФОНДУ – ыктыярдуу негизде жарандарды бааракы менен камсыз кылуучу коммерциялык эмес уюмдун өзгөчө уюштуруу-укуктук таризи. М. э. б. ф. мамлекеттик бааракы менен камсыз кылуу тутумуна көзкарандысыз жана аларды толуктоо иретинде иш жүргүзөт. Бааракы келишиминин негизинде ыктыярдуу мамлекеттик эмес бааракы менен камсыз кылуу кордун адаттан тыш иш-аракетинин түрү болуп саналат. М. э. б. ф-нун иши бааракы төгүмүн бекемдөөдө, бааракы милдеттенмелерин эсептөөдө, көбөйтүү максатында бааракы активдерин жайгаштырууда жана алуучуларга мамлекеттик эмес бааракыны төлөп берүүдө турат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МАМЛЕКЕТТИК ЭМЕС ЗАЙЫМДАР – резиденттер ички же чет өлкөлүк кредиторлордун кредиттик келишимдер же башка карызкор милдеттенмелер боюнча алышкан акча каражаттары, баалуулуктар же кызмат көрсөтүүлөр.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МАМЛЕКЕТТИК ЭМЕС ИШКАНАЛАРДАГЫ ЖАНА УЮМДАРДАГЫ КЫЗМАТ КЫЗЫКЧЫЛЫГЫНА КАРШЫ КЫЛМЫШТАР – КР кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган, мамлекеттик орган, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органы, мамлекеттик мекеме болуп эсептелбеген коммерциялык жана башка уюмдардын талаптагыдай башкаруучулук ишмердигине кол салуучу, зыян келтирүүчү, же жарандардын же уюмдардын укуктарына жана мыйзамдуу кызыкчылыктарына, болбосо коомдун же мамлекеттин мыйзам тарабынан корголгон кызыкчылыктарына олуттуу зыян келтирүүчү же коркунуч туудуруучу атайылап жасалган коомдук коркунучтуу жосун (аракет же аракетсиздик). Аларга: коммерциялык же башка уюмдардын кызматкерлеринин ыйгарым укуктарын кыянат пайдалануусу; коммерциялык сатып алуу; жеке нотариустардын жана аудиторлордун ыйгарым укуктарын кыянат пайдалануулары кирет.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МАМЛЕКЕТТИН АБА МЕЙКИНДИГИ – мамлекеттин кургак жана суу аймагынын үстүндө жайгашкан аба мейкиндиги; анын эгемендүүлүгү алдында турат жана мамлекеттик аймактын курамына кирет. Мамлекеттин кургактагы жана суудагы чегаралары аркылуу өткөн тике мейкиндик анын М. а. а-нин каптал чеги болуп саналат. М. а. м-нин бийиктиги эларалык укукта белгиленген эмес.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МАМЛЕКЕТТИН ИЧКИ КОМПЕТЕНЦИЯСЫ – мамлекеттин эларалык укуктук жөнгө салууга жатпаган укук жана милдеттеринин, ыйгарым укуктарынын жыйындысы. М. и. к. БУУ Уставында чагылдырылган кийлигишпөө принцибинин бир кошундусу болуп саналат. Ал «Бириккен Улуттар Уюмуна кандай гана мамлекеттин болбосун ички компетенциясындагы иштерге кийлигишүүсүнө жол бербейт» жана ал уюмдун мүчөлөрүнөн ушундай иштерди кароого берүүлөрүн талап кылбайт (БУУ Уставынын 2-ст., 7-п.). М. и. к. көлөмү жетиштүү кыймылда, анткени мамлекет эларалык келишимдер боюнча өзүнө анын ички жашоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктарын чектөөчү жаңы милдеттенмелерди ала алат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МАМЛЕКЕТТИН ЮРИСДИКЦИЯСЫ – мамлекеттин сот жана административдик органдарынын алардын компетенцияларына ылайык иштерди кароо жана чечүү укуктары. Эларалык укукта аймактык жана жеке (улуттук) юрисдикция айырмаланат. Биринчиси белгилүү аймактын чектеринде ишке ашырылат. Мамлекет өзүнүн аймагында, тийиштүү эларалык макулдашууларда каралган жагдайлардан башка да толук юрисдикцияга ээ болот. Жеке (улуттук) юрисдикция мамлекет тарабынан анын аймагынан сырткары турган, м.: ачык деңиздеги, Антарктикадагы, космос мейкиндигиндеги өзүнүн жарандарына карата ишке ашырылат. Улуттук мыйзамдарда каралган учурларда М. ю. ошол мамлекеттин тараптары чет мамлекеттин аймагында турган учурда да таралат, бирок, ал юрисдикция эгер эларалык келишимдерде башка жагдайлар каралбаса гана өз мамлекетинин аймагында ишке ашырылат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МАМЛЕКЕТ ЭГЕМЕНДҮҮЛҮГҮН СЫЙЛОО ПРИНЦИБИ – мамлекеттердин көзкарандысыздыгын, анын аймактык үстөмдүүлүгү менен бүтүндүүлүгүн, башка мамлекеттер менен теңдигин, өз саясий, социалдык, экономикалык, маданий тутумун эркин тандап алуусун жана өркүндөтүүсүн сыйлоону камтый турган эларалык укук принциби. Ал БУУ Уставы жана биркатар башка эларалык укуктук актылар аркылуу бекитилген.