Мамлекеттердин аймактык бүтүндүк принциби
Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)МАМЛЕКЕТТЕРДИН АЙМАКТЫК БҮТҮНДҮК ПРИНЦИБИ – эларалык укуктун мамлекеттик мамилелерде туруктуулукту камсыз кылууга багытталган негизги принциптеринин бири. 1945-жылы БУУнун Уставынын кабыл алынышы менен белгиленген бул принциптин маани-маңызы мамлекеттин аймагын кандай гана болбосун кол салуудан коргоодо турат. БУУнун Уставы кандай гана болбосун мамлекеттин саясий көз карандысыздыгына жана аймактык бүтүндүгүнө (кол тийбестигине) каршы күч менен коркутууга же аны колдонууга тыюу салган.