Мамлекеттик бюджет
Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)МАМЛЕКЕТТИК БЮДЖЕТ (фр. budget ) – мамлекеттик бийлик органдарынын ишмердүүлүгүн жана мамлекеттик иштин аткарылышын камсыз кылуу үчүн акча каражатын түзүү менен чыгымдоонун бир таризи. М. б. республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден туруп, мамлекеттин баардык киреше менен чыгашаларын өзүнө камтыйт.