Мамлекеттик түзүлүш
Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)МАМЛЕКЕТТИК ТҮЗҮЛҮШ – бир катар чет мамлекеттерде мамлекеттик бийлик органдарынын биригүүчү ченемдерин, тутумдарын белгилөөчү, алардын максат-милдеттерин, ичара мамилелерин, түзүлүш тартибин жана айрым убактарда административдик-аймактык түзүлүшүнүн ченемдерин аныктоочу конституциялык-укуктук институттун аталышы. Эреже катары, тийиштүү ченемдер Конституциялардын окшош аталыштагы бөлүктөрүндө аныкталат. КРде андай институт «Мамлекеттин түзүлүшү жана иши», Бразилияда – «Мамлекеттин уюштурулушу», Өзбекстанда – «Мамлекеттик бийликтин уюштурулушу» деп аталат.