государственный; мамлекеттик басма государственное издательство; мамлекеттик мааниси бар иш дело государственной важности; мамлекеттик чек ара государственная граница; мамлекеттик түзүлүш государственный строй.
мамлекеттик мамлекеттик автомо биль инспекциясы (МАИ) мамлекеттик аймак мамлекеттик айыптоо чу мамлекеттик акционер дик коом (МАК) мамлекеттик алым (гос пошлина) мамлекеттик аң уулоо фондусу мамлекеттик аппарат мамлекеттик ардакта малар (госнаграды) мамлекеттик архив мамлекеттик баалуу кагаз мамлекеттик банк мамлекеттик басма мамлекеттик башкаруу мамлекеттик белги мамлекеттик бийлик мамлекеттик бюджет мамлекеттик герб мамлекеттик гимн мамлекеттик даража мамлекеттик департа мент мамлекеттик дума мамлекеттик желек мамлекеттик жөнгө са луу (экон.) мамлекеттик зайым мамлекеттик инновация лык саясат мамлекеттик ишкер дик (экон.) мамлекеттик казына мамлекеттик камсыз дандыруу мамлекеттик камсыз доо мамлекеттик карыз мамлекеттик катчы мамлекеттик келишим мамлекеттик кеңеш мамлекеттик кеңешме мамлекеттик кеңешчи мамлекеттик киреше лер мамлекеттик комитет мамлекеттик контроль мамлекеттик коопсуз дук мамлекеттик көзөмөл мамлекеттик кредит мамлекеттик кызмат мамлекеттик кызмат орду мамлекеттик кызмат кер мамлекеттик кызыкчы лык мамлекеттик кылмыш мамлекеттик мектеп мамлекеттик монопо лия мамлекеттик орган мамлекеттик рантье (экон.) мамлекеттик сапат бел гиси мамлекеттик сатып ал малар мамлекеттик саясий башкарма мамлекеттик стандарт мамлекеттик статус мамлекеттик сыйлык тар мамлекеттик сыр мамлекеттик тапшы рык, заказ мамлекеттик тартип мамлекеттик тейлөө мамлекеттик телеком паниялар мамлекеттик тизим мамлекеттик тил мамлекеттик токой фондусу мамлекеттик тышкы карыз (экон.) мамлекеттик укук мамлекеттик финансы мамлекеттик фонд мамлекеттик чек ара мамлекеттик чогулуш мамлекеттик чыгымдар мамлекеттик чыккын чылык мамлекеттин аба айма гы мамлекеттин киреше саясаты
МАМЛЕКЕТТИК АЙМАК – жер мейкиндигинин кандайдыр бир мамлекеттин бийлигинде турган, анын эгемендүүлүгүнө баш ийген бөлүгү. М. а-тын тутумуна: а) материктик (континенталдык) жана аралдык кургак жерлер кен-байлыктары менен; б) ички сууларды (өзөн сууларын, көлдөрдү, жасалма суу объекттерин) камтыган суу мейкиндиктери, ички деңиз суулары (деңиз бекеттеринин, деңиздеги булуңдардын, куйма, чыккан суулардын, куйма булуңдардын, эстуарилердин суулары) жана аймактык суулар (аймактык деңиздер); г) жер атмосферасынын бир бөлүгү болгон кургак жер жана суунун үстүндө жайгашкан аба мейкиндиктери кирет. М. а-тардын тышкы чектери чектеш мамлекеттердин ортосунда түзүлгөн макулдашууларга ылайык, болбосо тарыхий калыптанган каада-салттардын негизинде аныкталган мамлекеттик чегара тилкеси менен белгиленет. Мамлекет өзүнө таандык аймакка карата үстөмдүккө ээ болот (кара:Аймактык үстөмдүк); М. а-ты ошол аймактык эгемендүүлүктүн макулдугусуз чет жактардын пайдалануусу мүмкүн эмес.
МАМЛЕКЕТТИК АЙЫПТООЧУ – сот алдында кылмыш-жаза иши боюнча айыптоону ишке ашыруучу прокурор. М. а-нун ыйгарым укуктары КР процесстик мыйзамдары менен аныкталат. М. а-нун соттук тергөөгө катышуусу – сот өндүрүшүнүн ачыктыгынын белгиси.
МАМЛЕКЕТТИК АЛЫМДАР – мамлекет тарабынан белгиленген акчалай төлөмдөр, юридикалык мааниге ээ иш-аракеттерди жасаган же болбосо документтерди берген ыйгарым укуктуу органдардан жана кызмат адамдарынан алынат. М. а.: сотторго берилүүчү доо жана башка арыз – даттануулардан, нотариустар ишке ашырган нотариалдык аракеттеринен; жарандык абалды жазуучу органдардын жарандык абалды каттоо актыларынан жана башка юридикалык мааниге ээ иш-аракеттеринен; соттор, мекемелер жана органдар көрсөткөн документтерди берүүдөн; КР жарандыгын алууга жана КР жарандыгынан чыгууга байланыштуу документтерди берүүдөн жана кароодон, ошондой эле мыйзам тарабынан аныкталган юридикалык мааниге ээ иш-аракеттерди жасоодон алынат. М. а-дын 2: жөнөкөй жана теңдештик түрү бар. Жөнөкөй М. а. туруктуу өлчөмдө алынат. Теңдештик М. а. тийиштүү суммага пайыздык катышта алынат.
МАМЛЕКЕТТИК АҢЧЫЛЫК ФОНДУ – КР мыйзамдары боюнча баардык жапайы айбанаттар, канаттуулар, табигый шарттарда сойлоочулар жана жерде-сууда жашоочулар, ошондой эле алар жашаган аймак кимдин пайдалануусунда экенине карабастан, аң жайыттарына көбөйтүү максатында коё берилген жаныбарлар. М. а. ф-н пайдалануу аңчылык эрежелерин сактоо менен ишке ашырылат.
МАМЛЕКЕТТИК АППАРАТ – конституциялык укук илиминдеги мамлекет милдеттерин иш жүзүндө жүзөгө ашыруучу органдар тутуму. Тар маанисинен алганда, мамлекеттик башкарууну жүргүзө турган аткаруу (административдик) бийлик органдарынын жыйындысы.
МАМЛЕКЕТТИК АСЫЛ-ТУКУМ КЫЗМАТЫ – өз ишмердигин мамлекеттин атынан жүргүзүп, малчарбачылыгында асыл-тукум иштерин уюштуруу жана жүргүзүү боюнча адистештирилген тутумду түзүүчү бирикмелердин, илимий мекемелердин, асыл-тукум ишканаларынын, асыл-тукум заводдорунун, асыл-тукум чарбаларынын, асыл-тукум фермаларынын, мамлекеттик атканалардын, атмайдандардын ж. б. уюмдардын жыйындысы.
МАМЛЕКЕТТИК АСЫЛ-ТУКУМ РЕГИСТРИ – асыл-тукум үйүрлөр тууралуу маалыматтардын жыйнагы. М. а.-т. р. кымбат баалуу жаныбарларды жана канаттууларды идентификациялоо максатында мамлекеттик асыл-тукум кызматы тарабынан жүргүзүлөт. КРде асыл-тукум иштери менен мамлекеттик ишканалар, кооперативдик, фермердик, дыйкан чарбалары жана мамлекеттик асыл-тукум кызматы тарабынан берилүүчү лицензия алган башка асыл-тукум иштеринин субъекттери алектенүүгө укуктуу. Асыл-тукум малдары бар юридикалык жактар жана жарандар КР Айыл чарба министрлиги бекиткен Асыл-тукум чарбаларды аттестациялоо жөнүндө жобого ылайык аттестацияланууга тийиш.
МАМЛЕКЕТТИК АТАЙЫН ТАБИГЫЙ КОРУКТАР –
жаратылыш комплекстерин же алардын компоненттерин сактоо же калыбына келтирүү
жана экологиялык теңдештикти кармоо үчүн өзгөчө мааниси бар аймак (акватория).
КР мыйзамдары боюнча М. а. т. к-ды түзүү негизги жер пайдалануучудан тийешелүү
жер участкасын (суу объектисин) алып коюуга алып келбейт. Жер пайдалануучулар
чарбалык иштерди жүргүзүүдө М. а. т. к-дын тартибин сактоого милдеттүү.
Максаттык арналышы боюнча М. а. т. к. төмөнкүлөргө бөлүнөт: комплекстүү,
зоологиялык, ботаникалык, токой жана гидрогеологиялык. М. а. т. к. КР Өкмөтү
жана облраймамадминистрациялар тарабынан түзүлөт жана тийешелүү түрдө (10 жана
андан көп жылдык мөөнөткө түзүлүүчү) республикалык жана (5 жылга чейинки
мөөнөткө түзүлүүчү) жергиликтүү маанидеги болуп бөлүнөт.
МАМЛЕКЕТТИК БААЛУУ КАГАЗ – бийликтин өкмөттүк борбордук, жергиликтүү органдары тарабынан карыздарды жайгаштыруу жана акча каражаттарын багыттоо максатында чыгарылган облигациялар, казына векселдери ж. б. мамлекеттик милдеттенмелер.
Параметры аукциона государственных ценных бумаг (Parameters of auction government securities) —Информация об аукционе государственных ценных бумаг, содержащая дату проведения аукциона, выставляемый на продажу объем государственных ценных бумаг, номер и дату эмиссии, а также дату погашения государственных ценных бумаг.
Обратный выкуп государственных ценных бумаг (Backward redemption of government securities) —Операция по покупке эмитентом государственных ценных бумаг, находящихся в обращении.
Прямой участник на рынке государственных ценных бумаг (Primary dealer on Government securities market) —Коммерческие банки и институциональные инвесторы, осуществляющие деятельность на рынке государственных ценных бумаг и заключивший договор с Национальным банком Кыргызской Республики о работе в качестве прямого участника.
МАМЛЕКЕТТИК БААРАКЫ – социалдык камсыздоонун мамлекеттик фондунан жарандарга төлөнүүчү бааракы. КРда камсыздандырылган жарандар, республика аймагында жашаган, ошондой эле мыйзамдарда каралган шартта жана негизде мамлекеттик бааракы боюнча социалдык фондуга төгүмдөрдү төлөп турган чет өлкө жарандары менен жарандыгы жок жактар бааракы алууга акылуу. Жалпы эмгек жылдарына кире турган эмгектик ж. б. коомго пайдалуу ишмердүүлүгүнө байланыштуу М. б. чектелет: карылыгына, майыптыгына, багуучу адамын жоготкондугуна, иштеген жылдарына, эмгектик ж. б. коомго пайдалуу ишмердүүлүгүнө байланышкан шарттар боюнча же кандайдыр бир себептерден улам бааракы алууга укугу жок жарандарга социалдык бааракы төлөнөт.
МАМЛЕКЕТТИК БААРАКЫ КАМСЫЗДАНДЫРУУСУ – жарандарды карылыгына, майыптыгына, багуучудан айрылганына байланыштуу жана иштеген жылдары үчүн бааракы менен камсыз кылуу максатында жумуш берүүчүлөрдүн жана жарандардын милдеттүү камсыздандыруу мүчөлүк акыларынын эсебинен ишке ашырылуучу камсыздандыруунун түрү.
Органы государственного управления (Public Authorities) —Юридические субъекты, как правило, образованные согласно конституции страны и обладающие законодательной, судебной или исполнительной властью, которая распространяется на другие институциональные единицы, расположенные в пределах той или иной территории.
МАМЛЕКЕТТИК БИЙЛИККЕ КАРШЫ КЫЛМЫШТАР – КР кылмыш-жаза мыйзамдары боюнча конституциялык түзүлүштүн негиздерин, мамлекеттин коопсуздугун, мамлекеттик бийлик органдарынын ойдогудай иштөөсүн, кызмат кызыкчылыктарын, сот адилеттигин жана башкаруунун белгиленген тартибин ойдогудай ишке ашырууга каршы багытталган кылмыштардын түрлөрүнүн бири.
МАМЛЕКЕТТИК БИЙЛИК ОРГАНДАРЫ – мыйзамдарга ылайык түзүлгөн жана бийликтин ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруучу органдар. М. б. о.өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде мамлекеттин атынан чыгышат жана өздөрүнүн аракеттери менен мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарды жана милдеттенмелерди ишке ашырышат жана өздөрүнө алышат, ошондой эле сотто доочу же жоопкер катары чыгышат.
Бюджет государственный (State budget) —Имеющая официальную силу смета доходов и расходов государства на определенный период времени, чаще всего на год, составленная с указанием источников поступления государственных доходов и направлений расходования средств. Государственный бюджет составляется правительством, утверждается и принимается высшими законодательными органами.
МАМЛЕКЕТТИК БЮДЖЕТ (фр. budget ) – мамлекеттик бийлик органдарынын ишмердүүлүгүн жана мамлекеттик иштин аткарылышын камсыз кылуу үчүн акча каражатын түзүү менен чыгымдоонун бир таризи. М. б. республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден туруп, мамлекеттин баардык киреше менен чыгашаларын өзүнө камтыйт.
МАМЛЕКЕТТИК БЮДЖЕТ БАЛАНСЫ – мамлекеттин акчалай кирешеси менен чыгымдарынын өзара катышы. Чыгымдардын кирешеден оодук болуусу бюджет таңсыктыгын туудурат.
МАМЛЕКЕТТИК ВАЛЮТА ЖЕКЕБАСАРЛЫГЫ – валюта баалуулуктары менен иш жүргүзүүгө же мындай аткарымдарды белгилүү бир органдар менен уюмдардын жүргүзүүсүнө улуксат берүүгө, валюта каражаттарын колдонуу тартибин аныктоого мамлекеттин өзгөчө укугу. М. в. ж. валюталык аткарымдарды жөнгө салууну, валюта каражаттарын пайдаланууга көзөмөл кылууну, анын натыйжалуулугун арттыруу чараларын ишке ашырууну көздөйт.
мамлекеттик визит - мамлекет башчынын башка өлкөгө болгон жогорку категориядагы иш визити.
----
Чет мамлекет менен жетишилген эки тараптуу мамилелердин жогорку саясий деңгээлин белгилөө максатында Кыргыз Республикасына жүргүзүлүүчү визиттин жогорку түрү, ал чет мамлекет башчысынын бийликтеги ыйгарым укуктарын үзгүлтүксүз аткарып жаткан мезгилинде бир жолу гана жүзөгө ашырылышы мүмкүн. Ушул Мыйзамда каралган аземдик сый көрсөтүүнүн көлөмү боюнча мамлекеттик визит кыйла толук болуп эсептелет. (Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу)
МАМЛЕКЕТТИК ГЕРБ (поляк. herb , нем. Erbe – мурас) –
мамлекеттин ырасмий символдорунун бири болуп эсептелүүчү айырмалоочу белги;
желектерге жана тууларга, акча белгилерине, имараттардын маңдайына, жыйын
жайларына, жумушчу бөлмөлөргө, чегара белгилерине (мамыларына), мөөрлөргө,
бланктарга, ырасмий документтерге жана мамлекеттик сыйлыктарга түшүрүлөт. КР
мыйзамдары боюнча КР М. г-и КР мамлекеттик символу болуп эсептелет жана КР М.
г-и мамлекеттик органдардын же жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын,
ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан, айрым мамлекеттик-бийликтик ыйгарым
укуктар берилген уюмдардын мөөрлөрүнө жана бланктарына жайгаштырылат. КР М. г-и
КР жаранынын инсандыгын ырастоочу документтерге жана КР мамлекеттик органдары
берүүчү жалпы мамлекеттик үлгүдөгү башка документтерге түшүрүлөт. Бланктарды,
мөөрлөрдү жана КР М. г-и түшүрүлгөн башка булактарды даярдоо, пайдалануу, сактоо
жана жок кылуу тартиби КР Өкмөтү тарабынан аныкталат.
МАМЛЕКЕТТИК ГИМН (гр. hymnos – салтанаттуу ыр) – атамекенди, тарыхый окуяларды, алардын каармандарын даңктоочу музыкалык-поэтикалык чыгарма; мамлекеттин ырасмий символдорунун бири. КР М. г-и – КР мамлекеттик символу, мыйзамда каралган учурларда аткарылуучу музыкалык-поэтикалык чыгарма түрүндө болот. КР М. г-и бекитилген музыкалык редакцияга жана текстке так ылайыкта аткарылууга тийиш. КР М. г-ин так аткарууга байкоо жүргүзүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине, ошондой эле КР уюмдарына жүктөлөт.
МАМЛЕКЕТТИК ДЕҢИЗ СООДА КЕМЕЛЕРИНИН ИММУНИТЕТИ – мамлекет иммунитетинин билдирүүсүнүн бири, анын мааниси мындай кемелерге карата же андай кемелерге байланыштуу (анын колдонуу түрлөрүнө карабастан) чет өлкөлүк сот мекемелерине доо коюлушуна, ошондой эле чет өлкөлүк суубекеттер менен сууда доону камсыздандыруу да, ал кеме менчигинде турган мамлекеттердин макулдугусуз чыгарылган сот чечимдерин мажбурлап аткартуу максатында да, мажбурлап кармоого, камоого же төлөтүүгө жол берилбегендигинде турат.
МАМЛЕКЕТТИК ЖАНА МАМЛЕКЕТТИК ЭМЕС ЖЫЙЫНДЫ КАРЫЗ – өлкөнүн кредиттик макулдашуу же башка карыз милдеттенмеси боюнча алынган өздөштүрүлгөн жана төлөнө элек мамлекеттик жана мамлекеттик эмес карыздарынын белгилүү бир убакытка карата кошундусу.
МАМЛЕКЕТТИК ЖАРАТЫЛЫШ ЭСТЕЛИКТЕРИ – экологиялык, илимий, тарыхый-маданий жана эстетикалык жактан сейрек кездешүүчү, өтө баалуу объекттер. Жаратылыш объекттери атайын ыйгарым укуктуу органдардын сунушу боюнча КР Өкмөтү тарабынан М. ж. э. катары жарыяланат жана ага тийешелүү жерлер (суу объекттери) анын ээлери менен пайдаланып жүргөн тараптардан тартылып алынбайт.
МАМЛЕКЕТТИК ЗАЙЫМ КЕЛИШИМИ – зайым келишиминин КР жарандык мыйзамдарында каралган өзгөчө түрү. М. з. к. боюнча зайым алуучу КР болот, ал эми зайым берүүчү катары жаран же юридикалык жак чыгат. Мамлекеттик карыздар ыктыярдуу болуп саналат. М. з. к. зайым берүүчүнүн мамлекет тарабынан чыгарылган, зайым берүүчүнүн карыз алуучудан ага карыз берилген акча каражаттарын же (зайымдын шарттарына байланыштуу) башка мүлктөрүн, белгиленген үстөк пайыздары менен же мүлккө ээлик кылуу укуктарын зайымдарды чыгаруу шарттарында көрсөтүлгөн мөөнөттө алуу укугун күбөлөгөн облигацияларды же башка баалуу кагаздарды сатып алуу жолу менен түзүлөт. Жүгүртүүгө чыгарылган зайымдардын шарттарын өзгөртүүгө жол берилбейт.
МАМЛЕКЕТТИК ИЧКИ КАРЫЗДЫ ЖОЮУ – мамлекеттин карыз боюнча милдеттенмелеринен толук баш тартуусу. Ал адатта, саясий бийликтин алмашуусу шарттаган кескин чара болуп эсептелет.
Государственное предприятие (Public Enterprise) —Определяется как нефинансовое или финансовое предприятие, которое находится под контролем со стороны органов государственного управления, при этом контроль над предприятием определяется как способность устанавливать общую политику предприятия путем выбора, при необходимости, соответствующих директоров.
Государственные казначейские векселя (Treasury Bills) —Краткосрочные государственные дисконтные ценные бумаги Правительства Кыргызской Республики и других государств.
МАМЛЕКЕТТИК КАЗЫНАЛЫК БИЛЕТ – мамлекеттин милдеттенмеси, эл арасына таратылган, ээлери акча каражаттарын чегеришкенин күбөлөгөн жана аларга милдеттенмеге ээлик кылуу мөөнөтү ичинде киреше алууга укук берген баалуу кагаздар. 5 жылдан 25 жылга чейинки узак мөөнөттүү милдеттенмелердин купондору болот жана аларга жыл сайын киреше төлөнүп турат. Кыска мөөнөттүү милдеттенмелердин купону болбойт, ал эми киреше милдеттенмени сатып алганда жана жойгондо төлөнөт.
МАМЛЕКЕТТИК КАЗЫНАЛЫК МИЛДЕТТЕНМЕЛЕР (МКМ) – ыктыярдуу негизде жайгаштырылуучу (калк жана юридикалык жактар арасында) мамлекеттик баалуу кагаздардын түрү, аларды кармоочулардын мамлекеттик бюджетке акча каражаттарын төлөшкөнүн жана ал баалуу кагаздарга ээлик кылган баардык мөөнөттө белгилүү киреше алууга укуктуулугун күбөлөө. Бюджеттин аткарылышын жакшыртуу жана инфляциянын темпин төмөндөтүү максатында чыгарылат. КРде КР Каржы министрлиги МКМ эмитенти болуп саналат. МКМ документтик эмес таризде чыгарылат жана ыйгарым укуктуу банк эсептерине каттоо менен жүгүртүлөт.
Государственные казначейские облигации (Treasury Obligations) —Долгосрочные государственные ценные бумаги Правительства Кыргызской Республики и других государств с процентным доходом (купоном), выпускаемые как в бездокументарной, так и документарной (бумажной) формах.
МАМЛЕКЕТТИК КАМСЫЗДАНДЫРУУ – камсыздандыруучу катары мамлекеттик уюм чыккан камсыздандыруунун уюштуруу тариздеринин бири. Өнүккөн өлкөлөрдө М. к. өзгөчө коркунучтуу жана айрыкча тобокелчиликтерди (өзгөчө согуш мезгилиндеги аскердик, атомдук жана космостук тобокелчиликтерди, кредиттик камсыздандырууларды) камтыйт.
Государственный долг (Public debt) —Сумма задолженности государства внешним и внутренним кредиторам. Различают внешний государственный долг и внутренний государственный долг.
МАМЛЕКЕТТИК КАРЫЗ – мамлекеттин кредиттик макулдашуулары жана башка карыздык милдеттенмелери боюнча белгилүү күнгө карата өздөштүрүлгөн жана жоюлбаган ички жана тышкы карыздарынын жалпы кошундусу. КРде М. к. КР Өкмөтүнүн карамагындагы баардык активдер менен камсыз кылынат.
МАМЛЕКЕТТИК КАРЫЗДАРДЫ БАШКАРУУ – мамлекеттин зайымдарды жоюу, алар боюнча кирешелерди төлөөнү уюштуруу, мурда чыгарылган зайымдардын шарттарын жана мөөнөттөрүн өзгөртүү, ошондой эле жаңы карыздардын милдеттенмелерин жайгаштыруу боюнча каржылык ишчараларынын жыйындысы. Мындай ишчараларга кайра каржылоо, зайымды конверсиялоо, зайымдарды топтоштуруу, жоюу жана турпатташтыруу кирет.
МАМЛЕКЕТТИК КАТЧЫ – КР мыйзамы боюнча түздөнтүз КР Президентине баш ийген жана мамлекет башчысынын конституциялык ыйгарым укуктарын ишке ашыруу, КРдин ички жана тышкы саясаттарын иштеп чыгуу жана ишке ашыруудагы аракеттерди координациялоо боюнча анын тапшырмаларын аткаруучу кызмат адамы. М. к-нын негизги кызматтык милдети: ага КР Президенти ыйгарган өкүлчүлүк милдетин аткаруу; КР мамлекеттик саясатын маалыматтык-талдоо жана идеологиялык жактан камсыз кылуу жумуштарын координациялоо; саясий партиялар, коомдук уюмдар жана диний конфессиялар менен байланыштарды кармап туруу; бирдиктүү кадр саясатын ишке ашыруу; КР Президентинин башка тапшырмаларын аткаруу болуп саналат.
МАМЛЕКЕТТИК КОНТРАКТ – мамлекеттик керектөөлөр үчүн товар берүүчү (аткаруучу) өзү чыгарган товарды мамлекеттик тапшырыкчыга же анын көрсөтмөсү боюнча башка адамга берүүчү, ал эми тапшырыкчы берилген товарлардын акысын төлөөнү камсыз кылууга милдеттенген келишим. М. к. берүүчү (аткаруучу) кабыл алган мамлекеттик тапшырыктын негизинде түзүлөт. Мамлекеттик тапшырыкчы үчүн М. к. түзүү дайыма сөзсүз шарт болуп саналат, ал эми аткаруучу үчүн мыйзамда белгиленген учурларда жана тапшырыкчы берүүчүнүн (аткаруучунун) М. к. аткарууга байланыштуу тарткан чыгымдарынын баарын төлөп берген шарттарда гана керек.
МАМЛЕКЕТТИК КОР – КР мыйзамдары боюнча КР мобилизациялык муктаждыктарын камсыз кылууга багытталган материалдык баалуулуктардын мамлекеттик өзгөчө жыйымы; табигый кырсыктардын жана өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуда биринчи кезектеги иштерди камсыз кылуу; ички базарда сунуш менен суроо-талаптардын ортосундагы дал келбестиктердин шарттарында, азык-түлүктөр, жылуулук-энергетикалык ресурстар жана маанилүү чийки заттар менен жабдуу убактылуу бузулганда экономиканы турукташтыруу максатында уюмдарга экономиканын аркыл тармактарына мамлекеттик колдоо көрсөтүү; гуманитардык жардамдарды ишке ашыруу. М. р. мамлекеттик менчиктин өзгөчө колтийгис объектиси болуп саналат жана КР Президентинин жардыгы жана буйругу, КР Өкмөтүнүн токтому жана буйругу менен гана пайдаланылышы мүмкүн.
МАМЛЕКЕТТИК КОРГОО ТАПШЫРЫГЫ – мамлекеттик муктаждыктар үчүн мамлекеттин коргонуу жөндөмдүүлүгүн жана коопсуздугун зарыл болгон деңгээлде кармап туруу максаттарында тийиштүү продукцияларды: курал жарактарды, ок-дарыларды, аскер техникаларын, аскердик жабдууларды, жабдуучу бөлүктөрдү, материалдарды берүү, жумуштарды аткаруу, кызмат көрсөтүү, ошондой эле эларалык келишимдерге ылайык чет мамлекеттер менен аскердик-техникалык кызматташуу жаатындагы экспорттук-импорттук алмашууларды алдынала караган укуктук акт.
МАМЛЕКЕТТИК КӨЗӨМӨЛ – мамлекеттик бийликти ишке ашыруучу, мамлекеттик органдар тарабынан чыгарылган мыйзамдардын ж. б. укуктук актылардын сакталышын камсыз кылуучу тариздердин бири. М. к. аркыл органдар: парламент, эсеп палаталары, конституциялык сот, шайлоо комиссиялары ж. б. тарабынан ишке ашырылат. Ошого жараша парламенттик көзөмөл, каржы көзөмөлү, конституциялык көзөмөл ж. б. болуп бөлүнөт
МАМЛЕКЕТТИК КРЕДИТ – берүүчүсү мамлекет, алуучусу жеке же юридикалык жактар болгон кредит. Ал негизинен калкка сатылуучу мамлекеттик зайымдар, облигациялар аркылуу ишке ашырылат.
МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ – 1) мамлекеттик органдардагы мамлекеттик кызматчылардын КР Конституциясында ж. б. ченемдик укуктук актыларында аныкталган милдеттерин, иш-милдеттерин жана бийлик ыйгарым укуктарын кесиптик негизде жүзөгө ашыруу боюнча иши; 2) административдик укуктун борбордук институттарынын бири.
МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТКЕР – КР мыйзамдары боюнча мамлекеттик кызматта турган, туруктуу негизде белгилүү акчалай акы үчүн өз кызматына ылайык берилген ыйгарым укуктарын аткарууда кесиптик ишмердикти аркалап жүргөн жана алардын орундалышына жооптуу КР жараны.
МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ ОРУНУ – КР мыйзамдарында каралган кызмат оруну, болбосо мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттик органдын штаттык бирдиги катары аны ээлеген адам үчүн бул мамлекеттик органдын ыйгарым укуктарын аткаруу жана камсыз кылуу боюнча милдеттердин чөйрөсүн аныктоо менен уюмдаштырылган кызмат оруну. Мамлекеттик кызмат орундары саясий мамлекеттик кызмат оруну жана административдик мамлекеттик кызмат оруну болуп
бөлүнөт.
МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТТЫН КЕҢЕШЧИСИ – КРде мамлекеттик улук кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик кызматкерге ыйгарылуучу класстык чин. Ал 1, 2 же 3-класс болуп бөлүнөт.
МАМЛЕКЕТТИК КЫЛМЫШ – мамлекеттин коомдук жана саясий түзүлүшүнө, ошондой эле мамлекеттин коопсуздугуна каршы багытталган кылмыш жосундары. КРде мындай М. к-тар кылмыш-жаза мыйзамдарында (мамлекеттик чыккынчылык , куралдуу козголоң , диверсия , шпионаж ж. б.) каралган.
МАМЛЕКЕТТИК МЕНЧИК – мамлекетке менчик укугунда таандык мүлктөр. Мамлекет өз ишмилдетин аткарууда зарыл болгон каалагандай мүлккө ээ боло алат. М. м. республикалык жана жергиликтүү казынадан, ошондой эле мыйзам актыларына ылайык мамлекеттик юридикалык тараптарга бекитилип берилген мүлктөрдөн турат.
МАМЛЕКЕТТИК МУКТАЖДЫКТАР ҮЧҮН ТОВАРЛАРДЫ ЖЕТКИРИП БЕРҮҮ – алып келип берүү келишиминин бир түрү; мамлекеттик контракттын, ошондой эле ага ылайык түзүлгөн алып келип берүү келишимдери боюнча мамлекеттик муктаждыктар үчүн товарларды алып келип берүү (белгиленген тартипте аныкталган КР керектөөлөрүн бюджеттик жана бюджеттен тышкаркы каражат булактарынын эсебинен камсыз кылуу) менен жүзөгө ашырылат.
МАМЛЕКЕТТИК ОРГАН – КРде КР Конституциясына, КР конституциялык жана башка мыйзамдарына, КР Президентинин жарлыктарына ылайык туруктуу негизде уюмдаштырылган, мыйзам чыгаруу, аткаруу же соттук мамлекеттик бийликтин, ошондой эле КР Президентинин Администрациясынын ишмилдеттерин жүзөгө ашырууга, милдеттүү түрдө аткаруу үчүн чечимдерди кабыл алууга жана алардын ишке ашырылышын камсыз кылууга ыйгарым укуктуу, мамлекеттик бюджеттен каржылануучу уюм. «М. о.» деген аталгы ошондой эле борбордук мамлекеттик органдын иш-милдеттерин же ишмилдеттеринин бир бөлүгүн жүзөгө ашыруучу кандай болбосун аймактык бөлүмчөнү же түзүмдүк бирдикти билдирет.
МАМЛЕКЕТТИК САНИТАРДЫК-ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК КӨЗӨМӨЛГӨ АЛУУ – министрликтердин, ведомстволордун ж. б. уюмдардын, ошондой эле жарандардын санитардык ченемдер менен эрежелерди сактоолоруна көзөмөл жүргүзүү; санитардык-эпидемиологиялык кызмат тарабынан ишке ашырылат. М. с.-э. к. а.: КР мамлекеттик чегаралары аркылуу өткөрүү пункттарындагы санитардык-карантиндик көзөмөлдү; санитардык мыйзамдарды бузууга бөгөт коюу чараларын; мамлекеттик деңгээлде калктын санитардык-эпидемиологиялык жыргалчылыгын камсыз кылуу жаатында статистикалык байкоо жүргүзүүнү; мамлекеттик маалымат ресурстарын жана башка иш-чараларды калыптандыруу максатында калктын санитардык-эпидемиологиялык саламаттыгын камсыздоо тармагынын , жашаган чөйрөлөрүнүн зыяндуу таасирлерине байланыштуу жугуштуу илдеттердин, кесиптик оорулардын, жугуштуу эмес (уулануу) жапырт оорулардын статистикасын мамлекеттик эсепке алууну камтыйт.
Государственный сектор (Public Sector) —Включает сектор государственного управления, центральный банк и те структуры в составе сектора депозитных учреждений и других секторов, которые являются государственными предприятиями и организациями.
МАМЛЕКЕТТИК СИМВОЛДОР (гр. symbolon – белги) – айкын мамлекеттин улуттук эгемендүүлүгүнүн жана өзалдынчалыгынын жүзүн көрсөтүүчү мыйзамда белгиленген айырмалоо белгилери. Негизги М. с-го төмөнкүлөр кирет: мамлекеттик туу, мамлекеттик герб, мамлекеттик гимн, мамлекеттик түстөр, мамлекет башчысынын штандарты, мамлекеттик мөөр, мамлекеттик ураан. КРде М. с. болуп КР Мамлекеттик туусу, КР Мамлекеттик герби, КР Мамлекеттик гимни эсептелет.
МАМЛЕКЕТТИК СТАНДАРТ (МАМСТ) – продукциянын, өндүрүш жүрүмүнүн (усулдарынын), сактоону, ташууну, сатып өткөрүүнү, пайдаланууну жана таштандыларды иштетүүнү, жумуштарды же кызмат көрсөтүүлөрдү ыктыярдуу түрдө көп жолу пайдалануунун эрежелери, жалпы принциптери, мүнөздөмөлөрү белгиленүүчү консенсуска негизделип иштелип чыккан стандартташтыруу боюнча мамлекеттик органдар тарабынан ка-был алынган документ. М. с. аталгыга, символикага, таңгактоого, маркирлөөгө жана/же этикеттөөгө карата талаптарды камтышы мүмкүн.
МАМЛЕКЕТТИК СЫЙЛЫК – мамлекеттин көрүнүктүү өндүрүштүк натыйжалары үчүн, илимди жана техниканы, адабиятты жана искусствону өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн жарандарды сыйлоо.
МАМЛЕКЕТТИК СЫЙЛЫКТАР – КР мыйзамдарына ылайык белгиленген ордендер, медалдар, ардак наамдар, ардак грамоталар. КРде М. с. КР жарандарын сыйлоонун жана алардын мамлекетти жана демократиялык коомду, эл биримдигин, өлкөнүн экономикалык, интеллектуалдык жана руханий мүмкүнчүлүктөрүн чыңдоого жана коргоого кошкон салымдарын, ошондой эле мамлекет жана эл алдында коомдук, гуманитардык, кайрымдуулук ж. б. иштерде сиңирген эмгектерин таануунун жогорку таризи болуп саналат. М. с. менен КРге эмгек сиңирген чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар да сыйланышы мүмкүн. КР «Кыргыз Республикасынын Баатыры» жогорку артыкчылык даражасы, ордендер, медалдар, ардак наамдар, КР Ардак Грамотасы КРдин М. с-ы болуп эсептелет. М. с. КР ЖК тарабынан белгиленет. М. с-дын аталышы мамлекеттик жана ырасмий тилдерде бекитилет.
МАМЛЕКЕТТИК СЫР – аскердик, тышкы саясий, экономикалык, чалгындоо, контрчалгындоо жана ыкчам-иликтөө ишмердиги жаатындагы мамлекет тарабынан коргоого алынган маалыматтар; анын таркап кетүүсү мамлекеттин коопсуздугуна залака келтириши мүмкүн.
МАМЛЕКЕТТИК СЫРДЫ ЖАРЫЯЛОО – КР кылмыш-жаза мыйзамдары боюнча конституциялык түзүлүштүн негиздери менен мамлекеттин коопсуздугуна каршы жасалган кылмыштын бир түрү. Мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтарды ачыкка чыгаруу менен, чоочун адамдардын ээ болушуна жол ачуу жосуну М. с. ж. катары түшүндүрүлөт. Аткарган ишинин же кызмат милдетинин мүнөзү боюнча ошол маалыматтарды алууга мүмкүн болбогон жак чоочун адам катары таанылат. Мамлекеттик сырга жаткан маалыматтардын чет өлкөлүк чалгынчылардын колуна тийип, андан улам мамлекеттик иш-чаралардын үзгүлтүккө учуроосу, келечектүү илимий изилдөөлөрдүн токтоп калуусу, өзгөчө тартиптеги объектилердин орун которушу ж. б. М. с. ж-нун оор кесепети болуп саналат.
МАМЛЕКЕТТИК СЫРЛАРДЫ КОРГОО ТУТУМУ – мамлекеттик жашыруун сырлардын сакталышын жана корголушун камсыз кылуунун КР мыйзамдары жана мамлекеттик бийлик органдарынын башка ченемдик актылары менен белгиленген бирдиктүү тартиби.
МАМЛЕКЕТТИК ТАПШЫРЫК – ыйгарым укуктуу мамлекеттик уюмдун башка бир уюмга мамлекеттик керектөөлөр үчүн товар берүү, жумуш жасоо, кызмат көрсөтүү тууралуу жиберген сунушу. Мамлекеттик керектөөлөр үчүн продукцияларды сатып алуучулар мыйзам менен аныкталат. Юридикалык жак статусуна ээ мамлекеттик органдар, бюджеттик уюмдар, мамлекеттик каражаттарга уюштурулган фонддор, мамлекет 51 пайыздан кем эмес акциясына ээ акционердик коомдор ошондой аткаруучу боло алат.
МАМЛЕКЕТТИК ТӨҢКӨРҮШ – конституциялык укук илиминде – күч колдонуу жана конституцияны бузуу же конституциялык (мамлекеттик) түзүлүштү кулатуу аркылуу ишке ашырылган, же мамлекеттик бийликти ким тарабынан болбосун басып алуу. Эгер М. т. аскердин катышуусу менен ишке ашырылса, ал аскердик төңкөрүш деп да аталат.
МАМЛЕКЕТТИК ТУРАКЖАЙ ФОНДУ – 1) мамлекетке тийешелүү турак үйлөр менен башка курулмалардагы туракжайлар; 2) мамлекеттин менчигинде турган жана мамлекеттик ишканалардын чарбалык керектөөлөрүндө же мамлекеттик мекемелердин ыкчам башкаруусундагы ведомстволук туракжай фонду.
МАМЛЕКЕТТИК ТУУ – мамлекеттин негизги символдорунун бири, анын ырасмий айырмалоочу белгиси, эмблемасы; мамлекеттин эгемендүүлүгүн көрсөтөт. Ошол өлкөнүн коомдук-саясий жана мамлекеттик түзүлүшүн чагылыдырышы мүмкүн. М. т-нун баяндалышы конституция же атайын мыйзам менен аныкталат; мамлекеттик герб же башка эмблема түшүрүлгөн же андайы жок бир түстүү же көп түстүү кездеме түрүндө болот. М. т. баардык мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарынын; чет өлкөлөрдөгү, ачык деңизде сүзүүчү кемелердеги жана чет мамлекеттердин суу аймактарындагы элчиликтеринин, соода өкүлчүлүктөрүнүн, консулдуктарынын имараттарында көтөрүлөт ж. б. КР мыйзамы боюнча КР М. т-су. КРдин мамлекеттик символу. КР М. т-су КР Өкмөтүнүн тийиштүү улуксаты бар юридикалык жактар тарабынан даярдалат.
МАМЛЕКЕТТИК ТҮЗҮЛҮШ – бир катар чет мамлекеттерде мамлекеттик бийлик органдарынын биригүүчү ченемдерин, тутумдарын белгилөөчү, алардын максат-милдеттерин, ичара мамилелерин, түзүлүш тартибин жана айрым убактарда административдик-аймактык түзүлүшүнүн ченемдерин аныктоочу конституциялык-укуктук институттун аталышы. Эреже катары, тийиштүү ченемдер Конституциялардын окшош аталыштагы бөлүктөрүндө аныкталат. КРде андай институт «Мамлекеттин түзүлүшү жана иши», Бразилияда – «Мамлекеттин уюштурулушу», Өзбекстанда – «Мамлекеттик бийликтин уюштурулушу» деп аталат.
МАМЛЕКЕТТИК ТҮЗҮЛҮШ – конституциялык укук ченемдеринде белгиленген жана бекитилген социалдык, экономикалык жана саясий-укуктук мамилелердин тутуму. М. т. конституциялык түзүлүш дегенге караганда бир кыйла кеңири түшүнүк болуп саналат.
МАМЛЕКЕТТИК ТҮЗҮЛҮШТҮН ТАРИЗИ – конституциялык укук теориясында союз түзүүчү мамлекеттердин же мамлекеттин аймактык уюштуруу ыкмасы. Үч М. т. т. айырмаланат: федеративдик (биримдик), конфедеративдик (кошунду) жана унитардык (бирөңчөй) мамлекет. Калкынын курамы көп улуттуу өлкөлөргө карата кээде «улуттук-мамлекеттик түзүлүш таризи» деген түшүнүк колдонулат.
МАМЛЕКЕТТИК ТҮЗҮМҮ ӨЗГӨРТҮЛГӨН ЗАЙЫМДАРДЫН ОБЛИГАЦИЯСЫ – карыздардын түзүмүн өзгөртүү максатында чыгарылган мамлекеттик баалуу кагаздар. Мамлекеттик баалуу кагаздарга жолжоболоштурулган КРУБдун алдындагы кредит жана карыз боюнча КР Өкмөтүнүн негизги карыздарын кайра түзүү М. т. ө. з. о-н чыгарып, аны КРУБка өткөрүп берүү жолу аркылуу жүргүзүлөт. М. т. ө. з. о. жүгүртүү мөөнөтү менен пайыз чени чектелбеген мамлекеттик баалуу кагаз болуп саналат. Күндөлүк базар чени боюнча акча-кредит саясатынын максаты үчүн КРУБ М.т. ө. з. о-н кыска мөөнөттүү (6 айга чейин) РЕПО аткарымдарына пайдаланууга укугу бар.
Государственный внешний долг (Public External Debt) —Остаток непогашенных фактических обязательств по ссудам и займам сектора государственного управления и органов денежно-кредитного регулирования страны.
МАМЛЕКЕТТИК ТЫШКЫ КАРЫЗ – белгилүү бир мөөнөткө карата, мамлекеттин резидент эмес кредиторлордун алдындагы өз багытында жумшалып, бирок жоюла элек мамлекеттик тышкы зайым ж. б. мамлекеттик карыздардын милдеттенмелеринин курамдык бөлүгү.
МАМЛЕКЕТТИК ТЫШКЫ КАРЫЗДАР – мамлекеттин жоюлбаган тышкы карыздары жана алар боюнча төлөнбөгөн пайыздар боюнча карыздары. М. т. к. мамлекеттин эларалык жана мамлекеттик банктарга, өкмөттөргө, чет өлкөлүк жеке менчик банктарга ж. б. карыздарынан куралат. Учурдагы М. т. к. төлөө мөөнөтү үстүбүздөгү же жакынкы бюджеттик жылы келүүчү карыздар; капиталдык карыздарга төлөө мөөнөтү али келе элек карыздар жатат.
МАМЛЕКЕТТИК УКУК – укуктун бир тармагы, ал ошол мамлекеттин коомдук түзүлүштүн жана саясаттын негиздерин бекемдөөчү мамлекеттик-укуктук ченемдерди, жарандардын укуктук абалын, алардын укугун, эркиндигин, милдеттерин, улуттук-мамлекеттик түзүлүштү жана мамлекеттик ж. б. органдардын тутумун түзөт. Аталган мамилелер конституциялык жөнгө салуунун объектиси болуп эсептелгендиктен М. у-ту конституциялык укук деп да аташат.
МАМЛЕКЕТТИК (УЛУТТУК) КООПСУЗДУК ОРГАНДАРЫ – негизги ишмердиктери мамлекеттик (конституциялык) түзүлүшкө каршы кылмыштарды ашкерелөөгө жана болтурбоого, мамлекеттин тышкы жана ички коопсуздугун камсыз кылууга багытталган мамлекеттик органдар. М. (у.) к. о-нын компетенциясына ошондой эле чалгындоо-маалыматтык мүнөздөгү, жогорку мамлекеттик органдарды кайтаруу, мамлекеттик байланышты камсыз кылуу, мамлекеттик чегараны кайтаруу милдеттери да кирет. Демократиялык мамлекеттерде М. (у.) к. о. кылмыш-жаза кылмыштары, террорчулук , мамлекеттик чыккынчылык, шпиондук, диверсиялык, мамлекеттик ишмерлердин өмүрүнө кол салуу, бийликти күч колдонуу менен ээлеп алуу жана куралдуу көтөрүлүш деген сыяктуу кылмыштарга да каршы күрөш жүргүзүшөт. Демократиялык эмес (төбөлдүк, жеке башкаруучулук) мамлекеттерде М. (у.) к. о-нын ишмердиктери жогоруда көрсөтүлгөн кылмыш-жаза кылмыштарына (көп учурларда «саясатташтырылган» мүнөзгө ээ) да, ошондой эле бийликтин саясий оппоненттеринин, диссиденттердин тынч эле коомдук активдүүлүктөрүнө да каршы багытталат. КРде М. (у.) к. о. КРдин коопсуздугун камсыз кылуучу жана инсандын, коомдун жана мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуучу күчтөрдүн ажырагыс бөлүгү болуп саналат, чет өлкөлүк атайын кызматтардын жана уюмдардын чалгынчылык-бузукулук иштерине, ошондой эле КР аймактык бүтүндүгүнө жана эгемендүүлүгүнө, конституциялык түзүлүшүнө кол салуулар боюнча укукка каршы аракеттерди алдыналуу жана болтурбоо боюнча иштерди жүргүзөт.
МАМЛЕКЕТТИК (ФИСКАЛДЫК ) ЖЕКЕБАСАРЛЫК – кеңири керектелүүчү товарларды (тамеки, туз ж. б.) өндүрүүгө жана сатууга мамлекеттин жекебасарлыгы. Эгер мамлекет кайсы бир товарды өндүрүүгө да, сатууга да жеке ээлик кылса, ал толук, эгер өндүрүүгө же сатууга гана жеке ээлик кылса жарым-жартылай болушу мүмкүн. Италияда (тамеки, ширеңке, сыра, спиртке), Японияда (туз, тамеки, спирт, апийимге), ГФРде (шарапка) ж. б. өлкөлөрдө жекебасарлыгы бар.
МАМЛЕКЕТТИК ЧЕГАРАНЫН КОЛТИЙГИСТИК ПРИНЦИБИ – жеринде чегара сызыгын кандай гана болбосун бир тараптуу өзгөртүүгө, ошондой эле эларалык келишимдерди жан мамлекеттин ички эрежелерин бузуу менен чегарадан өтүүгө тыюу салган эларалык укуктун жалпы таанылган принциби. Чегара сызыгынын кандай гана болбосун өзгөрүүсү чектеш мамлекеттердин макулдашуулары боюнча жана эларалык укукка ылайык жүргүзүлөт. Өз эгемендүүлүгүнүн, алып айтканда, аймактык артыкчылыгынан улам арбир мамлекет өз чегарасынан жарандардын унаа жана жүк менен өтүү тартибин өзалдынча аныктайт же андай тартип кызыкдар тараптардын макулдашуулары боюнча эларалык укук ченемдерин жана принциптерин эсепке алуу менен аныкталат.
МАМЛЕКЕТТИК ЧЕГАРА ТИЛКЕСИ – эларалык келишимдер менен аныкталуучу жана улуттук ченем актылары менен бекитилген, эгемендүү мамлекеттин аракеттеринин мейкиндиктик чектерин белгилөөчү, жердин үстүнө перпендикулярдуу өткөн тик тилке. Ал тилкесинин техникалык-экономикалык милдети конкреттүү мамлекеттин кургактагы, суудагы жана аба мейкиндигиндеги аймактарын, ошондой эле анын байлыктарын, ачык деңиздеги акваториясын жана анын үстүндөгү аба мейкиндигин чектеш мамлекеттерден ажыратып чектөөдө турат.
МАМЛЕКЕТТИК ЧЫККЫНЧЫЛЫК – КР кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык мамлекеттин коопсуздугуна каршы иштелген бир кыйла оор кылмыш. КР жаранынын чет мамлекетке же чет өлкөлүк уюмга КРдин тышкы коопсуздугуна зыян келтирүүчү кастык иштерин жүргүзүүгө жардамдашуусу же болбосо мамлекеттик сырды берүүсү катары аныкталат.
МАМЛЕКЕТТИК ШААРКУРУУ НАРККАТТАМЫ – шаар куруу ишинде зарыл болуучу маалыматтардын, анын ичинде кыймылсыз мүлк объекттерин өзгөртүү үчүн керек болуучу маалыматтардын жыйнагы. М. ш. н. КР мамлекеттик маалыматтык-укуктук нарккаттамдар тармагына кирет жана кыймылсыз мүлктөрдүн мурдагы жана азыркы учурдагы юридикалык жана нарктык абалдары тууралуу маалыматтарды, ошондой эле аймактарды жана калктуу конуштарды куруунун жана өнүктүрүүнүн шааркуруу пландоосу, аймактардын жана объекттердин тийешелүү иштөө чөлкөмдөрүнө алардын учурдагы жана келечектеги ылайык келүү багыты жөнүндө, экологиялык, инженердик-геологиялык, суугеологиялык жана сейсмикалык кырдаалдары, инженердик камсыз болуусу тууралуу маалыматтарды камтыйт.
МАМЛЕКЕТТИК ЭМЕС БААРАКЫ – бааракы келишимдеринин шарттарына ылайык, мамлекеттик эмес бааракы фондунан жарандарга төлөнө турган бааракы. Адатта, ал мамлекеттик бааракыга кошумча төлөм иретиндеги мүнөздө болот
МАМЛЕКЕТТИК ЭМЕС БААРАКЫ ФОНДУ – ыктыярдуу негизде жарандарды бааракы менен камсыз кылуучу коммерциялык эмес уюмдун өзгөчө уюштуруу-укуктук таризи. М. э. б. ф. мамлекеттик бааракы менен камсыз кылуу тутумуна көзкарандысыз жана аларды толуктоо иретинде иш жүргүзөт. Бааракы келишиминин негизинде ыктыярдуу мамлекеттик эмес бааракы менен камсыз кылуу кордун адаттан тыш иш-аракетинин түрү болуп саналат. М. э. б. ф-нун иши бааракы төгүмүн бекемдөөдө, бааракы милдеттенмелерин эсептөөдө, көбөйтүү максатында бааракы активдерин жайгаштырууда жана алуучуларга мамлекеттик эмес бааракыны төлөп берүүдө турат.
МАМЛЕКЕТТИК ЭМЕС БААРАКЫ ФОНДУ – ыктыярдуу негизде жарандарды бааракы менен камсыз кылуучу коммерциялык эмес уюмдун өзгөчө уюмдаштырылган-укуктук таризи. М. э. б. ф. мамлекеттик бааракы менен камсыздандыруу тутумуна көзкарандысыз жана ага толуктооч катары иштейт. Бааракылык келишимдердин негизинде жеке адамдарды бааракы менен мамлекеттик эмес ыктыярдуу камсыз кылуу М. э. б. ф. ишмердүүлүгүн өзгөчө түрү болуп саналат. М. э. б. ф. ишмердүүлүгү бааракылык мүчөлүк акыларды бир жерге топтоодо, бааракылык милдеттенмелерди эсепке алууда, аларды арбытуу максатында бааракылык активдерди жайгаштырууда жана алуучуларга мамлекеттик эмес бааракыларды төлөп берүүдө турат.
МАМЛЕКЕТТИК ЭМЕС ЗАЙЫМДАР – резиденттер ички же чет өлкөлүк кредиторлордун кредиттик келишимдер же башка карызкор милдеттенмелер боюнча алышкан акча каражаттары, баалуулуктар же кызмат көрсөтүүлөр.
МАМЛЕКЕТТИК ЭМЕС ИШКАНАЛАРДАГЫ ЖАНА УЮМДАРДАГЫ КЫЗМАТ КЫЗЫКЧЫЛЫГЫНА КАРШЫ КЫЛМЫШТАР – КР кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган, мамлекеттик орган, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органы, мамлекеттик мекеме болуп эсептелбеген коммерциялык жана башка уюмдардын талаптагыдай башкаруучулук ишмердигине кол салуучу, зыян келтирүүчү, же жарандардын же уюмдардын укуктарына жана мыйзамдуу кызыкчылыктарына, болбосо коомдун же мамлекеттин мыйзам тарабынан корголгон кызыкчылыктарына олуттуу зыян келтирүүчү же коркунуч туудуруучу атайылап жасалган коомдук коркунучтуу жосун (аракет же аракетсиздик). Аларга: коммерциялык же башка уюмдардын кызматкерлеринин ыйгарым укуктарын кыянат пайдалануусу; коммерциялык сатып алуу; жеке нотариустардын жана аудиторлордун ыйгарым укуктарын кыянат пайдалануулары кирет.