Мамлекеттик түзүлүштүн таризи
Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)МАМЛЕКЕТТИК ТҮЗҮЛҮШТҮН ТАРИЗИ – конституциялык укук теориясында союз түзүүчү мамлекеттердин же мамлекеттин аймактык уюштуруу ыкмасы. Үч М. т. т. айырмаланат: федеративдик (биримдик), конфедеративдик (кошунду) жана унитардык (бирөңчөй) мамлекет. Калкынын курамы көп улуттуу өлкөлөргө карата кээде «улуттук-мамлекеттик түзүлүш таризи» деген түшүнүк колдонулат.