1. парень, молодой мужчина; молодец; жигит өлөр жерине күлүп барат погов. молодец к месту смерти идёт смеясь; жигит үйдө туулат, жоодо өлөт погов. молодец родится дома, а умирает на войне; 2. жених; жигит келсе, кыз даяр погов. если придёт жених, невеста готова (дело не за нами); боз жигит 1) молодой парень; 2) южн. ковыль волосистый; 3. ист. служащий (независимо от возраста) манапа, который был всегда при нём, ухаживал за его конём, исполнял все его поручения, вплоть до совершения уголовных дел; 4. ист. низший служащий-киргиз при должностном лице, исполнявший обязанности посыльного, рассыльного; 5. ист. джигит (член ханской или батырской дружины, личной охраны); ата уулунун баарысын жигит кылып алмакка фольк. чтобы взять в джигиты всех достойных (букв. отцовских) сыновей; жигит-жалаң ист. конная свита правителя или знатного лица.
зат.1. Улан, бойго жеткен эркек бала, эр жеткен эркек. Жигит өзүн менсинет, жигитти кимдер теңсинет (макал). Жаш жигит.
2. Эр, тайманбаган, тартынбаган адам, азамат. Намыс кылбай, ар кылбай, Жигит болуп калалык, Төштүк («Эр Төштүк»).
3. эс. Манаптын, болуштун жана башка бийлөөчү таптын кызматын кылып, жандап жүргөн адам, малай. Самсаалы Сагынбай старчындын жигити менен айтыша кетти(Абдукаримов). Рыскулбектин кырк жигитинин бири болуп Какшаал кыргыздарына, Иле казактарына жортуулга барып, эчен ирет жылкы да тийиштим (Аалы).
Кыргызча жигит сөзү эр жеткен уландарга карата айтылат. Алтай тилинде йиит кыс деп, бойго жеткен кыздарга карата да колдоно берүүгө болот. Мына ушул жигит сөзү байыркы түркчө йетик сөзүнүн т жана к тыбыштары орун алмаштырып, метатезаланган: йетик>йекит. Эки үндүүнүн ортосундагы к тыбышы кыргыз тилинде жумшарса, алтай тилинде түшүп калган: йегит>йигит, йиит. Жигит болгондо адам балалык доорду өткөрүп, жетилет. Чоңоюп калган уулдарга карата жигит болуп калыптыр деп айтышыбыз бекеринен эмес, жигит сөзүнүн өзү жет+ик морфелаларынан куралган. Эр жеткен же бойго жеткен кез баланын жетилгени болот. Ошондуктан жигит сөзү алгачкы жет сөзүнө зат атооч жасоочу -ак мүчөсү улануудан жаралып, жетилген курагына туура мүнөздөмө катары айтылган сөз болгон. к. жетик
1. Бой жеткен, эр жеткен эркек, боз улан. Чүкө ойнобойт, Жигит болгон кулунуң (Турусбеков). Жигит болуп калган уулу бар эле (Сыдыкбеков). Кара мурутун багжайта койдурган кызыл жигит (Жантөшев). || Тайманбаган, тартынбаган кайраттуу жаш адам, азамат. Жигит өлөр жерине күлүп барат (макал). Эр жигит эл четинде, жоо бетинде (макал). Эр Жунуш, баракелде, жигит дешип, Калың эл күбүрөшөт, кибиктешип (Токомбаев). || Күйөө боло турган же көңүлү жакын жаш адам. Жигит келсе, кыз даяр (макал). Айша жигитинин адамгерчиликтүүлүгүнө, акылдуулугуна, билимдүүлүгүнө ыраазы болуп, ичинен элжиреп жакшы көрүп, сыймыктанып карап олтурду («Эркин тоо»). 2. тар. Хандардын, кол башчыларынын ж. б. кызматын кылуу менен бирге, алардын өздөрүн да кайтаруу, атайын тапшырмаларын орундатуу иштерин жүргүзүп туруучу кишиси. Чакырып келгин деп хан жигитин жибериптир («Жомоктор»). || тар. Бийлик башында тургандардын, болуштардын ж. б. аткаруу иштерине жумшоочу кызматкери. Самсаалы Сагынбай старчындын жигити, менен айтыша кетти (Абдукаримов).
Бирөөнүн жанында кошо жүргөн жигиттерине же кошо жүргөн жолдошторуна карата жалпылоо иретинде колдонулат. Жаныңда жигит-жалаңдарыңдан бирөө жарым жок беле? (Өмүрбаев).
сын.1. Жигитке таандык, жигит кездерде болгон. Буга, булбул, кайгырба, Жигиттик милдет ушул да (Үмөталиев). Жыргап жүргөн бир кезек Жигиттик доор жашымда (Тоголок Молдо). 2. Эрдик, баатырдык, азаматтык, ар-намыстуулук. — Балам, бир жигиттик кыл («Чалкан»).
1. Жигит курагы, жигит мезгили. Чоңойдум. Жигиттикке күндөр жетти (Осмонов). 2. Жигит кезге, жигит курагына таандык, бозойлорго таандык. Жыргап жүргөм бир кезек, Жигиттик доор жашымда (Тоголок Молдо) || Азаматтык, эр жигитке таандык сапаттар. Жалындап жоого аттан деп сүрөп турат, Жигиттик, эрдик, кайрат, ата намыс (Маликов).
Мыктысы, өтө чыгааны. - Чоо жайыңды билдик. Табып десе табып, ырчы десең ырчы, Жигиттин гүлү белемсиң (Бейшеналиев). Кайран Мокем жигиттин гүлү эмес беле, кайран киши (Байтемиров).
Жигиттин мыктысы, өтө чыгааны. – Чоо жайыңды билдик. Табып десе табып, ырчы десең ырчы, Жигиттин гүлү белемсиң (Бейшеналиев). Кайран Мокем жигиттин гүлү эмес беле, кайран киши (Байтемиров).
зат. Жигитке, жигит кезге, жаш чакка таандык болгон касиеттер, сапаттар. Кош эми, жигитчилик арың болсо, — Бул тулпар сага ылайык, жетип алгын! (Осмонов).