1. юность, молодость;
жигиттик өттү ашкан белдей фольк. молодость миновала, как перейдённый перевал;
2. молодечество.
сын. 1. Жигитке таандык, жигит кездерде болгон. Буга, булбул, кайгырба, Жигиттик милдет ушул да (Үмөталиев). Жыргап жүргөн бир кезек Жигиттик доор жашымда (Тоголок Молдо).
2. Эрдик, баатырдык, азаматтык, ар-намыстуулук. — Балам, бир жигиттик кыл («Чалкан»).
жигиттик, жигиттиги,
жигиттикке
жигиттин гүлү
1. Жигит курагы, жигит мезгили. Чоңойдум. Жигиттикке күндөр жетти (Осмонов). 2. Жигит кезге, жигит курагына таандык, бозойлорго таандык. Жыргап жүргөм бир кезек, Жигиттик доор жашымда (Тоголок Молдо) || Азаматтык, эр жигитке таандык сапаттар. Жалындап жоого аттан деп сүрөп турат, Жигиттик, эрдик, кайрат, ата намыс (Маликов).