Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бой жеткен, эр жеткен эркек, боз улан. Чүкө ойнобойт, Жигит болгон кулунуң (Турусбеков). Жигит болуп калган уулу бар эле (Сыдыкбеков). Кара мурутун багжайта койдурган кызыл жигит (Жантөшев). || Тайманбаган, тартынбаган кайраттуу жаш адам, азамат. Жигит өлөр жерине күлүп барат (макал). Эр жигит эл четинде, жоо бетинде (макал). Эр Жунуш, баракелде, жигит дешип, Калың эл күбүрөшөт, кибиктешип (Токомбаев). || Күйөө боло турган же көңүлү жакын жаш адам. Жигит келсе, кыз даяр (макал). Айша жигитинин адамгерчиликтүүлүгүнө, акылдуулугуна, билимдүүлүгүнө ыраазы болуп, ичинен элжиреп жакшы көрүп, сыймыктанып карап олтурду («Эркин тоо»). 2. тар. Хандардын, кол башчыларынын ж. б. кызматын кылуу менен бирге, алардын өздөрүн да кайтаруу, атайын тапшырмаларын орундатуу иштерин жүргүзүп туруучу кишиси. Чакырып келгин деп хан жигитин жибериптир («Жомоктор»). || тар. Бийлик башында тургандардын, болуштардын ж. б. аткаруу иштерине жумшоочу кызматкери. Самсаалы Сагынбай старчындын жигити, менен айтыша кетти (Абдукаримов).