ЖИГИТ
Краткий этимологический словарь кыргызского языкаКыргызча жигит сөзү эр жеткен уландарга карата айтылат. Алтай тилинде йиит кыс деп, бойго жеткен кыздарга карата да колдоно берүүгө болот. Мына ушул жигит сөзү байыркы түркчө йетик сөзүнүн т жана к тыбыштары орун алмаштырып, метатезаланган: йетик>йекит. Эки үндүүнүн ортосундагы к тыбышы кыргыз тилинде жумшарса, алтай тилинде түшүп калган: йегит>йигит, йиит. Жигит болгондо адам балалык доорду өткөрүп, жетилет. Чоңоюп калган уулдарга карата жигит болуп калыптыр деп айтышыбыз бекеринен эмес, жигит сөзүнүн өзү жет+ик морфелаларынан куралган. Эр жеткен же бойго жеткен кез баланын жетилгени болот. Ошондуктан жигит сөзү алгачкы жет сөзүнө зат атооч жасоочу -ак мүчөсү улануудан жаралып, жетилген курагына туура мүнөздөмө катары айтылган сөз болгон. к. жетик