Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Улан, бойго жеткен эркек бала, эр жеткен эркек. Жигит өзүн менсинет, жигитти кимдер теңсинет (макал). Жаш жигит.
  1. 2.           Эр, тайманбаган, тартынбаган адам, азамат. Намыс кылбай, ар кылбай, Жигит болуп калалык, Төштүк («Эр Төштүк»).
  2. 3.           эс. Манаптын, болуштун жана башка бийлөөчү таптын кызматын кылып, жандап жүргөн адам, малай. Самсаалы Сагынбай старчындын жигити менен айтыша кетти (Абдукаримов). Рыскулбектин кырк жигитинин бири болуп Какшаал кыргыздарына, Иле казактарына жортуулга барып, эчен ирет жылкы да тийиштим (Аалы).