беркут (старые киргизские соколятники насчитывают до шестидесяти пяти видов, подвидов и разновидностей беркута, особо выделяя из них, как лучших, девятнадцать);
жалпы бүркүт кыраандеп, айта берет билбеген фольк. кто не знает, тот говорит, что все беркуты хватки;
бүркүт сары деген бар, аштыкчы тыйын чычканды, аңдып жүрүп, жеген бар фольк. есть так называемый "бүркүт сары", он выслеживает и ест полевых мышей;
ак баш бүркүт деген бар, карасаң бүркүт сыягы - ышкын, бака жеген бар фольк. есть беркут белоголовый, на вид подобен беркуту, (но) ест он ревень и лягушек;
дал-дал кылат каманды бүркүттөрдүн кырааны стих. сильнейший из беркутов на клочки разрывает дикого кабана;
бүркүтүнө бир түлкү, бир карышкыр алдырыптыр он своим беркутом поймал лисицу и волка;
бүркүт карыса, чычканчыл болот погов. беркут, состарившись, становится мышеловом (в молодом и зрелом возрасте он берёт лисицу, волка и т.п.);
суу бүркүт орлан;
бала бүркүт птенец беркута до года;
тор бүркүтү беркут, пойманный сетью;
бүркүт жай- сев. пускать беркута на добычу, охотиться с беркутом (при словах, обозначающих охоту с другими ловчими птицами, употребляется глагол сал-);
Шодокондун бүркүтүндөй болбо не жадничай чрезмерно (по преданию беркут Шодокона держал в левой лапе одну лисщу, в правой - другую, в клюве - третью, а глазами зарился на пробегавшую мимо четвёртую).
зат. 1. Аңчылыкка колдонуучу чоң жырткыч, алгыр куш. Тоо бүркүтү. Талаа бүркүтү. Бүркүт карыса, чычканчыл болот (макал).
2. өт. Баатыр, кыраан, жүрөктүү, эр. Мен — бир бүркүт Тянь-Шанда шаңшыган (Аалы).
бүркүт, бүркүтү, бүркүттү
К.Сейдакматовдун ою боюнча, бул сөз бүре (бөрү) + куш = бөрү куш (жырткыч куш) дегенден келип чыккан жана бүре куш > бүрөкут > бүркүт болуп өзгөргөн (Сейдакматов 1988:71).
Бирок бул сөздүн теги казак тилинде сакталып калган бүр- «хватать добычу когтями» деген сөзгө барып такалышы мүмкүн. Этимологдордун ою боюнча, бул этишке кыймыл-аракеттин күчтүүлүгүн же кайталанышын билдирүүчү –ка//ке мүчөсү жалганып, бүркү- этиши жасалып, ага кыймыл-аракетти жасаган жакты туюндуруучу –т мүчөсү жалганган (ЭСТЯ :300). Кыргыз тилиндеги бүр- этиши да ушуга байланышы бардай сезилет: «бүр- II зашивать на скорую руку, чинить» (Юдахин 1965:168). Башкача айтканда, бүргөн учурда, тез тигилгендиктен, тигиш тегиз болбой, тырмак менен чапчыганга окшоп калат. Кыргыз тилинин Баткен говорунда бүркүттүн «бүргүк» деп аталышы (Мукамбаев 2009:271) да ушул ойго жем таштайт.
Бүркүт сөзү орус тилине «беркут» түрүндө өткөндүгү белгилүү. Жогорудагы тилдик далилдерден улам, монгол тилдериндеги бүргүд//бүргед да түрк тилдеринен өткөн деген божомолдор бар.
1. Аркар, кулжа, түлкү сыяктуу ири аңдарды алууга жарай турган күчтүү, чоң алгыр куш. Ала барчын, курч текөөр Бүркүтү бар Ала-Тоо (Бөкөнбаев). Бир кезде чыйкылдатып алып учту Кийиктин баласына бүркүт тийип (Токомбаев). 2. өт. Кыраан, кыраакы, эр жүрөк, баатыр. Мен бир бүркүт Тянь-Шанда шаңшыган (Токомбаев).
Байыркы кезде бүре+куш деген эки сөз биригип, бүркүт түрүнө келген. Мунун бүре сөзү татарча айтылган бөрү «бөрү» сөзү болсо, экинчиси — «куш» деген сөз. Бөрү куш «жырткыч куш» деген маанидеги сөздүн куш дегени кут болуп өзгөргөн: бүре куш--> бүрөкут--> бүркүт.
Создуктуруу, алаксытуу, алдоо маанисиңде. Ал кубаттуу душманы менен убактысынча болсо да, көңүлүн бүркүткө чырга сүйрөткөндөй кылып алаксыта туруш үчүн да анын башына жалгыз аяк кызыл башты садага чаап коюушу толук ыктымал болучу (Касымбеков).
Создуктуруу, алаксытуу, алдоо маанисинде. Ал кубаттуу душманы менен убактысынча болсо да, көңүлүн бүркүтө чырга сүйрөткөндөй кылып алаксыта туруш үчүн да анын башына жалгыз аяк кызыл башты садага чаап коюушу толук ыктымал болучу (Касымбеков).
зат. Бүркүт таптап, бүркүт салуучу адам. Алыстан агарып таң сүргөн кезде, Туш болду бүркүтчүгө булар келип (Бөкөнбаев).
Бүркүттү таптап аңга салуучу. Саякбай Каралаев – чоң бүркүтчү.
бүркүтчүлүк, бүркүтчүлүгү, бүркүтчүлүккө
Бүркүт таптап, бүркүт салуу кесиби, бүркүт салуучулук. Бүркүтчүлүк менен күн көрүү. Бүркүтчүлүк – аңчылыктын бир түрү.