Киргизско-русский словарь Юдахина
ревень (семена его в голодное время шли в пищу);
ышкын түп ревенный корень (из него готовили жёлтую краску для овчин);
ышкындай болгон жигит парень -кровь с молоком; здоровый, бравый, стройный парень;
ышкындай кылып кийинтип одев кого-л. в облегающую одежду.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Тоодо өсүүчү жазы жалбырактуу, сөңгөктүү, даамы кычкыл келген, солкулдак кезинде желе турган өсүмдүк. Ышкын терүү. Саякатка чыккан балдар бир колтук ышкынды көтөрүшүп, чарчоону сезбей жадырап келишкен (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Тоодо өсүүчү жазы жалбырактуу, сөңгөктүү, даамы кычкыл келген, солкулдак кезинде желе турган өсүмдүк. Ышкын терүү. Саякатка чыккан балдар бир колтук ышкынды көтөрүшүп, чарчоону сезбей жадырап келишкен (Сыдыкбеков). 2. диал. Ашыктык, кумардык. Ышкынга салган дарт ушул, досум.

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Байыркы түркчө ышгун түрүндө айтылган сөз кыргызча ышкын, моңголчо гишүүнө болуп айтылат. Моңголчо гишүүнө сөзү гашуун «ачуу» сөзүнүн а тыбышы и тыбышына алмашуудан келип чыгышы мүмкүн. Ошондо ышкындын аты ачкыл даамына байланыштуу келип чыккан болот. Кыргыз тилине, байыркы түрк тилине бул сөз башкы г тыбышын түшүрүп, ышкын//ышгун болуп кабыл алынышы мүмкүн.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
сын. Күчү толуп, солкулдап турган, кырчындай (жаштарга карата). Өңкөй ышкындай жаш жигиттер аскер кишисинин командасы алдында.. жүрүп келатат (Сыдыкбеков).
Ышкын түп — ышкындын тамырынан жасалган боёк. — Үшүп баратсам үйдө ышкын түпкө боёткон сары тонум бар (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского ремесленничества (Кыргыздын кол өнөрчүлүгү) А. Акматалиева
Ышкындын тамыры жана андан колго даярдалган боек. Ышкындын тамыры кеч күздө, ышкын түп бышкан кезде казылып алынат да, кабыгы аарчылып, майда-майда кертилип, көлөкө жерге өрүк кагындай кургатылат. Андан соң сокуга жанчылат. Кээде ага эчки талдын кабыгы да кошулуп даярдалат. Ышкын түп менен боелгон жүн, өңдөлгөн тери кочкул сары түскө өтөт.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Ышкын өсүмдүгүнүн тамырынан алынган сары боёк. Кыргыздар илгери ышкындын тамырын казып алып, койдун, текенин, бугунун терилерин ийлеп, өңдөп, ышкындын түбүнө малма кылып боёп, тон, шым тиккен. Акактай сары боётуп, Ышкын түпкө малдырган. Кашатка дейре ар түрдүү, Жибек менен сайдырган (Чоробаев). – Үшүп баратсам үйдө ышкын түпкө боёткон сары тонум бар (Бейшеналиев).