Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Байыркы түркчө ышгун түрүндө айтылган сөз кыргызча ышкын, моңголчо гишүүнө болуп айтылат. Моңголчо гишүүнө сөзү гашуун «ачуу» сөзүнүн а тыбышы и тыбышына алмашуудан келип чыгышы мүмкүн. Ошондо ышкындын аты ачкыл даамына байланыштуу келип чыккан болот. Кыргыз тилине, байыркы түрк тилине бул сөз башкы г тыбышын түшүрүп, ышкын//ышгун болуп кабыл алынышы мүмкүн.