ЫШКЫН ТҮП
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Ышкын өсүмдүгүнүн тамырынан алынган сары боёк. Кыргыздар илгери ышкындын тамырын казып алып, койдун, текенин, бугунун терилерин ийлеп, өңдөп, ышкындын түбүнө малма кылып боёп, тон, шым тиккен. Акактай сары боётуп, Ышкын түпкө малдырган. Кашатка дейре ар түрдүү, Жибек менен сайдырган (Чоробаев). – Үшүп баратсам үйдө ышкын түпкө боёткон сары тонум бар (Бейшеналиев).