бүркүт
Т. Абдиев. "Сөз башат". Этимологические этюдыК.Сейдакматовдун ою боюнча, бул сөз бүре (бөрү) + куш = бөрү куш (жырткыч куш) дегенден келип чыккан жана бүре куш > бүрөкут > бүркүт болуп өзгөргөн (Сейдакматов 1988:71).
Бирок бул сөздүн теги казак тилинде сакталып калган бүр- «хватать добычу когтями» деген сөзгө барып такалышы мүмкүн. Этимологдордун ою боюнча, бул этишке кыймыл-аракеттин күчтүүлүгүн же кайталанышын билдирүүчү –ка//ке мүчөсү жалганып, бүркү- этиши жасалып, ага кыймыл-аракетти жасаган жакты туюндуруучу –т мүчөсү жалганган (ЭСТЯ :300). Кыргыз тилиндеги бүр- этиши да ушуга байланышы бардай сезилет: «бүр- II зашивать на скорую руку, чинить» (Юдахин 1965:168). Башкача айтканда, бүргөн учурда, тез тигилгендиктен, тигиш тегиз болбой, тырмак менен чапчыганга окшоп калат. Кыргыз тилинин Баткен говорунда бүркүттүн «бүргүк» деп аталышы (Мукамбаев 2009:271) да ушул ойго жем таштайт.
Бүркүт сөзү орус тилине «беркут» түрүндө өткөндүгү белгилүү. Жогорудагы тилдик далилдерден улам, монгол тилдериндеги бүргүд//бүргед да түрк тилдеринен өткөн деген божомолдор бар.