кабан (дикий), вепрь (по преданию, его мясо в давние времена считалось средством против оспы);
бир камандын этине бир жегенде тойбогон фольк. (такой обжора, что) съев мясо целого кабана, не насыщался;
ноктолуу каман старый кабан, у которого клыки уже слабы (ср. кылгыйма, см. кыйма);
күл каман своенравный, властный.
зат. Жапайы чочко.
2. Бакма чочконун эркеги.
1. Жапайы чочко. Кырчындуу ткейден жапайы каман да жолугат (Сыдыкбеков). Экөөнүн алдынан каман чыкты («Жомоктор»). Бакма чочконун эркеги. 2. өт. Зулум, канкор, бирөөгө жакшылык кылбаган кара ниет, кан ичкич. Кармалып үчөө жолукту, Азуусу бычак каманга (Тоголок Молдо). Күрсүлдөөчү ошолор, Каманындай дүйнөнүн (Калык).
Моңгол тилинде хамар сөзү «тумшукту» билдирет. Мына ушул сөздүн аяккы р тыбышы н тыбышына алмаштырылып кабыл алуудан каман сөзү жаралган болуу керек. Байыркы түрк тилинде каман сөзү болгон эмес. Ал кезде лагзын, кийинчерээк тоңуз сөздөрү колдонулган.
Жапайы же колдо багылган чочко башка жаныбарлардан жерди түртө турган тумшугу менен айырмаланат. Мына ушул өзгөчөлүгү анын эркектерин билдире турган сөз болуп кабыл алынышы мүмкүн.
КАМАН АЛП — мифтик каарман. Эпосто дайыма Китен алп, Кутан алп, Манжуу алп сыяктуулар менен бирге жолугат. «Кайчы кулак Каман алп» (Сагымбай Орозбаков, 3. 99, 107; Саякбай Каралаев, 1. 80) да «куман» («коман») этноними менен байланыштуу деп айтууга негиз бар.
К. а. Сагымбай Орозбаковдун вариантында жезтумшук чыңыроо калкынын алпы делет. Көкөтөйдүн ашына чакыртылып, ашка башка алптар менен бирге келгени айтылат: «Дөөкүрсүгөн Чоюн алп, Жору куйрук Жоон алп, Кайчы кулак Каман алп, Киндиги темир Китен алп Жезтумшуктун уругу, Жергеси бөлөк бу бир калк» (Сагымбай Орозбаков, 3. 99, 107). Саякбай Каралаевдин варианты нда дөөлөр менен согушуп Жолой «Кулагы темир Кутан алп, Маңдайы темир Манжуу алп, Киндиги темир Китен алп, Карагер минген Казан алп, Кайчы кулак Каман алп» бешөөнү байлап алып, эл кылат (Саякбай Каралаев, 1. 80). Ошол эле учурда К. а. шибээ журтунун алпы делет. Манасты байлап келүүгө Эсенкан Жолой менен Дөңгөнү баш кылып Чоң Дөөдүрдү, Жоон алп менен К. аты кошуп жибергендеги согушта Манастын колунан өлөт (Саякбай Каралаев, 1. 102 — 103).
КАМАНБАЙ — эпизоддук кейипкер, оогандын белгилүү баатырларынын бири. Курама вариантында Түмөнбай, Ажыбай менен кошо Кашканын уулу К-дын Айчүрөктү алабыз деп Ооганды камап турган Чынкожо, Толтойдун алдына элчиликке барганы айтылат (Курама варианты, «Семетей», 195—199).
КАМАНБЕК — эпизоддук кейипкер, калмак Жүзгөндүн уулу. Балбан күрөшкө түшөрүндө белин тебелетип жаткан Кошойду көрүп: «Чалын тебелеп өзүлөрү өлтүргөнү жатыр, биздин Жолой баатыр муну коймок беле» (Сагымбай Орозбаков, 3. 217),— деп мактаныч кылат.
южн.
то же, что кантала I.
диал. Кантала. Түндөсү камандек талап уктатпайт.