КАМАН
Краткий этимологический словарь кыргызского языкаМоңгол тилинде хамар сөзү «тумшукту» билдирет. Мына ушул сөздүн аяккы р тыбышы н тыбышына алмаштырылып кабыл алуудан каман сөзү жаралган болуу керек. Байыркы түрк тилинде каман сөзү болгон эмес. Ал кезде лагзын, кийинчерээк тоңуз сөздөрү колдонулган.
Жапайы же колдо багылган чочко башка жаныбарлардан жерди түртө турган тумшугу менен айырмаланат. Мына ушул өзгөчөлүгү анын эркектерин билдире турган сөз болуп кабыл алынышы мүмкүн.