өлү, өлүү 1. мёртвый; өлүбү балам, тирүүбү? мой ребёнок мёртв или жив? өлүүсү менен тирүүсүн билбедим мёртв ли он, жив ли - я не знаю; өлүү менен тирүүнүн ортосунда жатамын лежу я ни жив ни мёртв; 2. омертвевший; жоор өлүү болуп калыптыр место раны (или ссадины) омертвело; өлү кан дурная, испорченная кровь; 3. перен. мусор, отбросы; өлүнүн баарын жерге көмдүк все отбросы мы закопали в землю; өлү тил мёртвый язык; өлү буюмдар уст. движимое имущество (вещи, предметы); уст. офиц. мёртвый инвентарь; өлүү дүнүйө добро (одежда, ковры, посуда и т.п.); толуп жаткан өлүү дүнүйөмдү бербей койду он не отдал (мне) большую часть моего добра; өлүү жер бросовая, негодная для возделывания земля.
Ачуусу келгенде аялдар тарабынан айтылуучу акарат кеп. Өлүгүңдү гана көрөйүн жубарымбек, колума бир түшөрсүң! ...Сени элеби, сага элеби... калкалап алар Көкшүн таятаң экөөңдү тең карап тур!... (Айтматов). – Отур былк этпей, өлүгүңдү көрөйүн көк мээ, куюшканга кыпчылбай шүк отур (Айтматов). – Як, өлүгүңдү көрөйүн! – деп союлун шилтеп калды (Исмаилов). В.: Өлүк-тиригиңди көрөйүн! О, өлүк-тиригиңди гана көрөйүн, арам ит десе. Хамилдин аялы жаалданып: өлүк-тиригиңди көрөйүн шерменде, – деп, топ элдин көзүнчө кызга качырып сала берди («Ала-Тоо»).
1. мертвец, труп; арам өлүк падаль; өлүк жан мёртвый человек; өлүк-тирик ортосу полуживой, чуть живой; жакшы ит өлүгүн көрсөтпөйт погов. хорошая собака свой труп не показывает (т.е. скрывается, почувствовав приближение смерти; говорится о человеке, которому лучше скрыться, удалиться от позора); өлүгүө ит сийсин! проклятие чтоб на его труп пёс помочился!; өлүгүңө отура калайын бран. испражнюсь-ка я на твой труп; 2. перен. (о человеке) никудышный, пустой; тик басып, тирүү жүрсө да, өзүнчө жаман өлүк бар стих. есть и своеобразные никудышные дохлые (люди), хотя они и живы и ходят не горбясь; өлүк салык (о человеке) лишённый способности или возможности свободно передвигаться (напр. о находящемся в тюрьме); өлүгүңдү көрөйүн или өлүк-тиригиңди көрөйүн! (женская брань) чтоб тебе подохнуть!; ит өлүк кыл- см.ит.
зат.1. Адамдын жана башка жан-жаныбарлардын өлгөндөн кийинки денеси, сөөгү. Жакшы ит өлүгүн көрсөтпөйт (макал).
2.өт.Жансыз, өсүп-өнбөгөн, көгөрбөгөн.Дарыялар, Өлүк жерге жан болор, Кубат кайнап, Караңгы үйгө шам болор (Маликов).Өлүк талаа жан байлады, Уйкусунан ойгонуп(Бөкөнбаев).
3.өт. Колунан эч нерсе келбеген, эч аракети жок, киши санында жок.
1. Адамдын жана башка жан-жаныбарлардын өлгөндөн кийинки денеси, сөөгү. Жакшы ит өлүгүн көрсөтпөйт (макал). 2. өт. Жансыз, өсүп-өнбөгөн, көгөрбөгөн. Дарыялар, Өлүк жерге жан болор, Кубат кайнап, Караңгы үйгө шам болор (Маликов). Өлүк талаа жан байлады, Уйкусунан ойгонуп (Бөкөнбаев). 3. өт. Колунан эч нерсе келбеген, эч аракети жок, киши санында жок. Тик басып, тирүү жүрсө да, өзүнчө жаман өлүк бар (Юдахин).
ӨЛҮККАНА (ӨЛҮКЖАЙ, ТАБЫТКАНА) – ооруканалар менен сот-медициналык мекемелеринин алдындагы адам өлүгүн сактай турган, тааныта турган, союп текшере турган, жакындарына көмүү үчүн бериле турган атайын жай.
Өзүнчө ээн-эркин басып-тургусу, иштегиси, кыймылдагысы келбей эле бош жата бергендик. Эртеден-кечке эле өлүк-салык болуп жатасың, сыртка чыгып кичине кыймылдасаң боло (Сыдыкбеков).
ӨЛҮКТҮ КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮ – криминалистикада таануу мүмкүнчүлүгүн түзүү үчүн өлүктүн тирүү кезиндеги кейпин берүү. Адатта, ал белгисиз бирөөнүн өлүгү, бет келбети таанылгыс кылып кескиленген өлүк, кыйроонун же дагы башка кырсыктын натыйжасында таанылбай калган өлүк табылганда жүргүзүлөт. Криминалчылыкта Ө. к. к. адам келбетин далдаштыруу максатында жасалат. Ө. к. к. сот-медициналык эксперттер жана анын жардамчылары тарабынан жүргүзүлөт.
ӨЛҮКТҮ КАРОО – 1) тергөөчү же алгачкы тергөө органдары тарабынан өлүктү тапкан жерде жабырлануучунун инсанын тактоо, өлүмдүн себептерин жана жерин, убактысын, жагдайларын аныктоого мүмкүндүк берүүчү, ошондой эле мүмкүн болуучу кылмышкерди көрсөтүүчү белгилерди табуу максатында жүргүзүлгөн тергөө иш-аракеттери. Ө. к. калыс күбөлөрдүн жана сот-медициналык эксперттин (же башка врачтын), зарылдыгына жараша башка адистердин катышуусу менен өткөрүлөт. Ө. к-до түздөнтүз баамга урунган иш жүзүндөгү маалыматтар; өлүктүн жаткан абалы жана жайы, болжолдуу жаш курагы, дене түзүлүшүнүн өзгөчөлүгү, ж. б; кийим-кечелеринин жана бут кийиминин өзгөчөлүгү жана абалы, нерселер, документтер, өлүктөгү жана анын айланасындагы издер, ошондой эле денесиндеги жабыркоолор жана өлүктүн өзгөрүүлөрү белгиленет. Өлүк фотосүрөткө тартылат, чийме чийилет, издердин кептери жана калыптары даярдалат, чачтын, кандын, дене ткандарынын үлгүсү, манжалардын изи алынат; 2) өлүктү соёрдун алдындагы соттук–медициналык экспертизанын ажырагыс бөлүгү; Ал сырткы анотомиялык (жынысын, жаш курагын, дене түзүлүшүн ж. б.) жана дененин айрым бөлүктөрүнүн патологиялык өзгөрүүлөрүн, ошондой эле жаракаттарды (эгер алар болсо) окуп үйрөнүүдөн көрүнөт. Ө. к. жүрүшүн жана жыйынтыктарын баяндоо эксперттин корутундусуна кошулат.
смерть; ооруну жашырса, өлүм ашкере кылат погов. если скрывать болезнь, то смерть (её всё равно) выявит; өлүм бардын малын чачат, жоктун көтүн ачат погов. у богатого смерть скот расходует (на поминки), а у бедняка - зад открывает (ему не на что справлять поминки); өлүм бол- стать мёртвым, умереть; төрт жүз сексен кишиси өлүм болуп жатыптыр фольк. четыреста восемьдесят человек из них лежат мёртвыми; өлүм кыл- умертвить; Манас Эсенкандын жиберген кишилерин өлүм кылып, төөлөрүн элиме талатканы фольк. о том, как Манас людей, посланных Эсенханом, умертвил, а верблюдов их отдал народу на разграбление; бөөдө өлүм напрасная смерть; курулай эрдик кылам - деп, бөөдө өлүм болду он хотел своей храбростью хвастнуть, да зря погиб; өлүм-житим смертность; урон в людях или в скоте; малдын өлүм-житимине өзүң жооп бересиң за падёж скота ты сам ответишь; ит өлүмү собачья смерть (жалкая, бесславная смерть); кой (или жылкы) өлүмү кылып (о человеке) зарезав как овцу (или лошадь); өлүм оозунда при смерти, чуть живой.
ӨЛҮМ – соттук медицинанын негизги түшүнүктөрүнүн бири; тирүүлүктөн биологиялык өлүмгө (организмдин өмүр сүрүүсүнүн таптакыр токтошуна) чейинки баскычтагы жүрүмдү билдирет. Азыркы мезгилде медицина адамдын өлүмүн мээсинин таптакыр өлгөн учурунан тартып тааныйт. Ө. жөнүндө корутунду КР Саламаттык сактоо министрлиги бекиткен жолжобого ылайык мээнин таптакыр иштебей калуусун (мээнин өлүүсүн) каттоонун негизинде берилет.
Ажал; өмүрдүн, жашоонун бүтүшү. Бирөөнүн өлүмүн тилегенче, өзүңдүн өмүрүңдү тиле (макал). Баатыр өлүмдү билбейт, коркок өмүрдү билбейт (макал). Өлүмдүн Сиз жолун бууп токтоосуз, Өлбөй коё тура турган болсоңуз (Акматалиев).
ӨЛҮМ ЖАЗАСЫ – адам өмүрүнө колсалуу менен байланышкан өзгөчө оор кылмыштар үчүн гана берилүүчү өзгөчө жаза чарасы. Ө. ж. ырайым кылуу иретинде 30 жылга эркиндигинен ажыратуу менен алмаштырылышы мүмкүн. Ө. ж. боорукердик максаттарда аял-затына жана жашы жете элек кезинде кылмыш жасаган адамга карата колдонулбайт.
Бул сөз оозеки речте өлмөсөк болуп да айтылат. Ал экөө тең алгачкы өлүмсүрөк деген сөздөн келип чыккан. Алгачкы өлүмсүрөк сөзү өл+үм+сүрө + к деген морфемалардан куралган: өл деген этиштен келип чыккан өлүм сөзүнө -сыра мүчөсү жалганып, жетим деген сөздөн жетимсире сөзү келип чыккан сыяктуу өлүмсүрө этиши пайда болгон, ага этиштен атооч жасоочу -к мүчөсү уланганда өлүмсүрөк деген сын атооч жасалган. Сөздүн ортосундагы үр тыбышгары ттшүп калышынан өлүмсөк сөзү пайда болгон.
Бирөөгө док урунуу, милдетин артып өжөрлөнүү, салмагын салуу. Кудай сактасын, мен сизге өлүмтүгүмдү артпайм. (Абдукаримов). Кичинекей кыйынчылык болсо кыйналып иштеп, эмгек кылыштын ордуна турмушка нааразы болуп, колхозго өлүмтүгүмдү артып жатып алчумун (Абдукаимов). – Неге өлүмтүгүңдү артасың? Жубарымбек, отунга бар, отунга (Осмоналиев).
Бирөөгө док урунуу, милдетин артып өжөрлөнүү, салмагын салуу. Кудай сактасын, мен сизге өлүмтүгүмдү артпайм (Абдукаримов). Кичинекей кыйынчылык болсо кыйналып иштеп, эмгек кылыштын ордуна турмушка нааразы болуп, колхозго өлүмтүгүмдү артып жатып алчумун (Абдукаимов). - Неге өлүмтүгүңдү артасың? Жубарымбек, отунга бар,отунга (Осмоналев)
өлүү I и. д. отөл- II умирание, смерть; өлүүдөн корксоң, элиң үчүн эчтеме да кыла албайсың если ты боишься смерти, то для своего народа ничего не сможешь сделать. өлүү II см.өлү.
Iсын. Тирүү эмес, өлүк, өлгөн. Өлүүбү же тирүүбү? ♦ Өлүүтил — азыркы мезгилде колдонуудан чыгып калган, жок болуп кеткен тилдер.
ӨЛҮҮIIөл этишинин кыймыл атоочу.
к. ӨЛҮҮ МАЛ
Адамдар, эркиндикти асырагыла, ...өлүү дүйнөнүн кулу болбогула (Ашымбаев). Андай адамга өлүү дүйнө ашыкча жүк болору айдан ак го (Ашымбаев).
Жансыз мүлк, байлык, оокат. Көп дүнүйөсү бар экен, Жайыттагы малынан, Өлүү малы көп экен («Манас»). В.: Өлүү дүйнө. Адамдар, эркиндикти асырагыла, өлүү дүйнөнүн кулу болбогула (Ашымбаев). Андай адамга өлүү дүйнө ашыкча жүк болору айдан ак го (Ашымбаев).