Киргизско-русский словарь Юдахина

1. (ср. куран II, делдеш, аркар) взрослый горный баран-самец;
"кулжанын куулугу түшөт" деп, түлкү ачка өлүптүр погов. ожидая, пока у горного барана мошонка отвалится, лиса с голода издохла;
кулжанын жүгүрүшү брачный период у горных баранов (в сентябре);
2. июнь (см. ай I 2);
кулжадай болгон абышка высокий, сухощавый и степенно важный старик;
ак кулжа (в эпосе "Манас") то же, что куу кулжа (см. куу I).

Т. Абдиев. "Сөз башат". Этимологические этюды
«1. Аркардын эркеги. 2. Элдик календарь боюнча июнь айы» (КТС 2010:811). «Байыркы түрк тилинде коч, кочӊор, кочкар сөздөрү азыркы кыргызча кочкор сөзүнүн маанисин берген. Монгол тилиндеги хуц сөзү кыргыз тилинде кочкорду тергегенде куча болуп айтылат. Бул куча сөзү монгол тилинен кабыл алынган, монголчо хуц сөзү түркчө коч сөзүнүн үндүү тыбышы алмашкан варианты дешке болот. Монголчо хуц сөзүнүн келип чыгышы жөнүндө мындай пикир айтуу ылайык келет. Кыргыз тилиндеги кулжа сөзү монголчо угалз сөзүнүн башкы у тыбышы түшүшүнөн жаралган. Ал эми гулзайх этишинде сөз башындагы у тыбышы монгол тилинин өзүндө түшүп, «ийрилүү, ийилүү» маанисин берет. Ушуга караганда угалз//гулз деген сөздүн өзү байыркы монгол тилинде «ийри, ийрилген» маанисин билдирген. Анткени кулжанын мүйүзү имерилип, чыгырык сыяктанып өскөнү ушундай аталышына себеп болгон. Ошол угалз сөзү кулжа болуп өзгөрсө, кийин л тыбышы түшүүдөн кужа > куча болуп калган. Монголчо куц(а) сөзү түрк тилине байыркы кезде коч болуп кабыл алынса, кийин кыргыз тилине куча түрүндө кабыл алынган» (Сейдакматов 1988:150).

Энциклопедия "Манас". ч.1.

КУЛЖАтопоним. Эпосто кыргыздар жана ага жамаатташ жашаган элдер мекендеген жер катары көп эскерилет. Нескара менен Манастын урушунда: «Ошо суунун аягы Эми да аты өчкөн жок «Кулжа» аттанып калыптыр» (Сагымбай Орозбаков, 1. 245); Көкөтөйдүн ашында Жолой менен Кошой күрөшкө чыкканда Жолойду кордогону Кошойдун сөзү аркылуу эскерилет:

Кулжа-Тоонун оюнда,
Кутман байдын тоюнда...
Катылам деп Кошойго
Кан жөткүргөн жериң бар (Сагымбай Орозбаков, 3. 219).

Кытай-калмак байгеге зордук кылып уруш чыгарганда: «Кужулдап кытай, калмагы Кулжага жакын барганы» (Сагымбай Орозбаков, 3. 280),— деп айтылат. Географиялык реалия катары Кулжа — Иле дарыясынын алабындагы тоо. Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономия районунундагы (Синьцзяндагы) суу, жер, шаар.

 

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Аркардын эркеги. Аркар, кулжа жайлаган, Тоосу сонун биздин эл (Осмонкул). Карарган тоонун арасын, Кулжалар оттоп жон кылган (Жеңижок). Кырбусунда жашаган, Кулжалары калжайып (Казыбек). 2. Элдик календарь боюнча июнь айы. Капырай, Кулжа айынын капортосуна чейин күндүн мурду сыныкпады... Ушул жакшылык дейсиңби!.. Мунун баары тиги кан күйгөн казаттын капшабы го!.. Ай жараткан (Өмүрбаев).