Энциклопедия "Манас". ч.1.

КУЛЖАтопоним. Эпосто кыргыздар жана ага жамаатташ жашаган элдер мекендеген жер катары көп эскерилет. Нескара менен Манастын урушунда: «Ошо суунун аягы Эми да аты өчкөн жок «Кулжа» аттанып калыптыр» (Сагымбай Орозбаков, 1. 245); Көкөтөйдүн ашында Жолой менен Кошой күрөшкө чыкканда Жолойду кордогону Кошойдун сөзү аркылуу эскерилет:

Кулжа-Тоонун оюнда,
Кутман байдын тоюнда...
Катылам деп Кошойго
Кан жөткүргөн жериң бар (Сагымбай Орозбаков, 3. 219).

Кытай-калмак байгеге зордук кылып уруш чыгарганда: «Кужулдап кытай, калмагы Кулжага жакын барганы» (Сагымбай Орозбаков, 3. 280),— деп айтылат. Географиялык реалия катары Кулжа — Иле дарыясынын алабындагы тоо. Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономия районунундагы (Синьцзяндагы) суу, жер, шаар.