Т. Абдиев. "Сөз башат". Этимологические этюды
«1. Аркардын эркеги. 2. Элдик календарь боюнча июнь айы» (КТС 2010:811). «Байыркы түрк тилинде коч, кочӊор, кочкар сөздөрү азыркы кыргызча кочкор сөзүнүн маанисин берген. Монгол тилиндеги хуц сөзү кыргыз тилинде кочкорду тергегенде куча болуп айтылат. Бул куча сөзү монгол тилинен кабыл алынган, монголчо хуц сөзү түркчө коч сөзүнүн үндүү тыбышы алмашкан варианты дешке болот. Монголчо хуц сөзүнүн келип чыгышы жөнүндө мындай пикир айтуу ылайык келет. Кыргыз тилиндеги кулжа сөзү монголчо угалз сөзүнүн башкы у тыбышы түшүшүнөн жаралган. Ал эми гулзайх этишинде сөз башындагы у тыбышы монгол тилинин өзүндө түшүп, «ийрилүү, ийилүү» маанисин берет. Ушуга караганда угалз//гулз деген сөздүн өзү байыркы монгол тилинде «ийри, ийрилген» маанисин билдирген. Анткени кулжанын мүйүзү имерилип, чыгырык сыяктанып өскөнү ушундай аталышына себеп болгон. Ошол угалз сөзү кулжа болуп өзгөрсө, кийин л тыбышы түшүүдөн кужа > куча болуп калган. Монголчо куц(а) сөзү түрк тилине байыркы кезде коч болуп кабыл алынса, кийин кыргыз тилине куча түрүндө кабыл алынган» (Сейдакматов 1988:150).