Киргизско-русский словарь Юдахина
коом I
ар.
1. в разн. знач. общество;
социалисттик коом социалистическое общество;
керек-жарак коому потребительское общество;
коом курулушу общественный строй;
2. община;
мечит коому община верующих, объединённых одной мечетью; приход одной мечети.
коом II
бир коом убакыт значительное время, довольно много времени;
бир коом убакыт бар (ещё) есть довольно много времени.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
1. Адамдардын материалдык турмуштагы конкреттүү-тарыхый шарттар аркылуу биригишкен, бирге болгон тобу. Адамзат коому.
  1. 2.                  Белгилүү доордогу тарыхый-экономикалык түзүлүш жана анын өзүнө ылайык келген надстройкасы. Капиталисттик коом. Социалисттик коом. Коммунисттик коом.
  2. 3.                  Теги, социалдык абалы, кызыкчылыгы ж. б. жактары боюнча белгилүү жалпылыкта болгон адамдар чөйрөсү. Дворяндар коому. Ак сөөктөр коому.
  3. 4.                  Иши, алдыга койгон милдеттери боюнча чогуу болгон адамдар бирикмеси; мекеме. Спорттук коомдор. Акционердик коом. Саясий жана илимий билимдерди жайьитуу боюнча Бүткүл Союздук коом.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Турмуштун конкреттик-тарыхый шарттарында биригип жашаган адамдар тобу. Коомдун өнүгүшү. Коом жөнүндөгү илим. Коом зарыл Айтматовдун жардамына, Эн тамга – аялдардын маңдайында (Акматалиев). 2. Белгилүү бир доордогу тарыхый-экономикалык түзүлүш жана анын өзүнө ылайык келген бөтөнчөлүгү. Алгачкы коом. Капиталисттик коом. Социалисттик коом. 3. Теги, социалдык абалы, кызыкчылыгы ж. б. жактары боюнча белгилүү жалпылыкта болгон адамдар чөйрөсү. Ак сөөктөр коому. 3. Иши, милдети боюнча өз ара биргелешкен, чогуу аракетте болушкан адамдар тобу, уюм же мекеме. Спорттук коомдор. Акционердик коом. Өрт өчүрүү, өрттөн сактоо коому. «Билим» коому. Жаратылышты коргоо коому.

Киргизско-русский словарь Юдахина
дичащийся, сторонящийся людей, нелюдимый;
ачуулуу, коомай болуп алды он стал злым и нелюдимым;
коомай карады он посмотрел искоса и с опаской; он посмотрел недоброжелательно;
коомай олтур- сидеть стесняясь, несмело (напр. сесть на краешек чего-л., чтобы не стеснить других);
коомайраак кой- поставить что-л. отдельно, особо.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бошураак, калпысыраак, окчунураак. Мен столдун жанындагы орундукка коомай отурдум. Сен бизге кошулбай коомай жүрөйүн деген экенсиң («Ала-Тоо»). || Чечкин эмес, жайбаракат, шашпаган абалда. Бизге коомай карап койду да, ишин уланта берди («Ала-Тоо»). Кексе, карт жорулар коомай кыймылдап, айланасын карап сактанган болушат (Токомбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бир нерсени башкалардан окчунураак, алысыраак коюу, коомай абалда кылуу. Алмаларды ар бирин коомайлап коюп чыктым. || Жакындабай, кошулбай, четтегенсип жүрүү, жатыркагандай көрүнүү. Бири-биринен өтө эле коомайлаган эки жаштын таанышуусу бөтөнчө башталды («Чалкан»). Керим балдарга кошула албай, коомайлап турат.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. делать что-л. совместно, обществом, коллективно;
коомдошуп иште- работать коллективно;
2. обобществляться;
коомдошкон чарба эк. обобществлённое хозяйство;
коомдошкон ондүрүш эк. обобществлённое производство.

Киргизско-русский словарь Юдахина
общественный; социальный;
коомдук иш общественное дело;
коомдук өндүрүш эк. общественное производство;
коомдук ал-жай общественное положение;
коомдук камсыздандыруу социальное обеспечение;
коомдук пикир общественное мнение;
коомдук өсүш общественное развитие;
коомдук илимдер общественные науки.

Орфографический словарь кыргызского языка (Карасаев)
коомдук
коомдук айыптоочу
коомдук жай
коомдук жактоочу
коомдук жер, (а.) ч.
коомдук жумуштарга
тартуу (ук.)
коомдук зарыл эмгек
коомдук имарат (а. ч.)
коомдук керектөө фон дулары
коомдук мамиле
коомдук накта киреше
коомдук пикир
коомдук продукт
коомдук тамактануу
коомдук тартипти сак тоо
коомдук уюмдар
коомдук экономикалык
формация
коомдук эмгек
коомдун саясий систе масы (ук.)

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КООМДУК АЙЫПТООЧУ – кээбир өлкөлөрдө, мисалы, РФ коомдук уюмду же эмгек жамаатын билдирүүчү кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн өзалдынча катышуучусу. Соттук тергөөгө катышууга соттун аныктамасы менен улуксат берилиши мүмкүн. К. к. далилдерди келтирүүгө, далилдерди иликтөөгө катышууга, сот алдында сунуштарды жана четке кагууларды билдирүүгө, сот алдында айыптоонун далилдүүлүгү, соттолуучунун жана анын кылган жосунунун коомдук коркунучтуулугу тууралуу өз пикирин билдирип сот алдында жарыш сөздөргө катышууга укуктуу. Кылмыш-жаза мыйзамдарын колдонуу, соттолуучуга жазык чараларын көрүү жана иштин башка маселелери боюнча пикирин билдире алат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КООМДУК ЖАНА ДИНИЙ УЮМДАР (бирикмелер) – мыйзамдарда каралган тартипте руханий же дагы башка материалдык эмес керектөөлөрдү канагаттандыруу үчүн кызыкчылык жалпылыгына негизделүү менен түзүлгөн жарандардын өз демилгелүү коомдук бирикмеси. К. ж. д. у. коммерциялык эмес уюм болуп саналат. Алар өздөрү түзүлгөн максатка жетүү үчүн жана ошол максаттарга ылайык гана өндүрүштүк иштерди жана дагы башка чарбачылык иштерин жүргүзүүгө акысы бар.

Кыргызско-английский словарь компьютерных терминов Microsoft (2016)
social update (noun)
An action taken on Windows Live or on partner websites such as Facebook that is considered to have social relevance and that might appear in an activity feed. For example, photo activity and status updates are considered to be socially relevant. Within Windows Live, friends see one another's relevant actions in feeds within Messenger, on Windows Live Home, and other places. Depending on the partner and their settings, actions that a customer takes on Windows Live may be visible on partner sites, actions they take on partner sites may be visible on Windows Live, or both.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КООМДУК ЖУМУШТАР – соттолгон адам негизги ишинен же окуусунан бош убактарында коомдун пайдасы үчүн аткаруучу, түрү өкүмдүн аткарылышын көзөмөлдөөчү орган тарабынан аныкталуучу акысыз эмгек кылуудан көрүнгөн, жазалоо түрлөрүнүн бири. К. ж. 40тан 240 саатка чейинки убакытка белгиленет. Соттолуучу негизги ишинен жана окуусунан бош убактысында, күнүнө төрт сааттан көп эмес, ал эми иштебегендер – күнүнө 8 сааттан көп эмес убакыт бекер иштөө менен өтөшөт. Соттолгондор иштеген убакыт жоопкерчиликти жеңилдетүүчү жагдай катары эсепке алынат. К. ж.: аскер кызматкерлерине; 55 жаштан жогорку аялдарга, 60 жаштан жогорку эркектерге; кош бойлуу аялдарга; бала багуу боюнча эс алуудагы аялдарга; I жана II топтогу майыптарга; жашы жетелектерге белгиленүүсү мүмкүн эмес.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КООМДУК КЕЛИШИМ – мамлекеттердин келип чыгуу жоромолу голланд окумуштуусу Г. Гроций, ошондой эле Т. Гоббсон, Д. Дидро, Ж. Ж. Руссо тарабынан сунуш кылынган. К.к.дин жактоочулары мамлекет бийлигинин кызыкчылыгы үчүн өзүнүн биркатар табигый кызыкчылыктарынан баштарткан адамдардын ортосунда түзүлгөн келишимдин натыйжасында келип чыккан деп эсептейт.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КООМДУК КЕНЧ – автордук укук тууралуу мыйзамдардагы автордун чыгармасын эч жолтоосуз эле пайдалана берүү мүмкүнчүлүгүн билдире турган түшүнүк. Автордук укуктун мөөнөтүнүн бүтүшү чыгарманын К. к-ке өткөндүгүн билдирет.КР аймагында коргоого алынбаган чыгармалардын баардыгы К. к-ке кирет. К. к-ке кирген чыгармаларды баардык жактар автордук сыйакы төлөбөстөн эле пайдалана берет. Ошол эле учурда, автордук укук, атына карата укук, чыгармага карата колтийгистик укук сакталууга тийиш.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КООМДУК КООПСУЗДУК – чогулуштардын, митингдердин, нааразылык көрсөтүүлөрдүн маалында жарандардын укугу, эркиндиги, денсоолугу жана коомчулуктун калыптанып калган каада-салттары аргандай коркутуп-үркүтүүлөр менен колсалуулардан корголуп турган абал.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КООМДУК КООПСУЗДУККА КАРШЫ КЫЛМЫШТАР – КР кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган, мамлекеттин жана коомдун, инсандын коопсуз жашоо шарттарына коркунуч келтирген кылмыштар. Террорчулук ; адамды барымтага алуу ; жапырт башаламандык ж. б. ошондой кылмыштарга кирет.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КООМДУК КОРГООЧУ – соттолуучунун мыйзамдуу өкүлү. Соттолуучунун коомдук коргоочусу катары юридикалык жактардын, саясий партиялардын, кесиптик биримдиктердин, укук коргоочу жана башка коомдук бирикмелердин өкүлдөрү чыга алашат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КООМДУК КОРКУНУЧ – кылмыш-жаза укугундагы объективдүү (материалдык) кылмыш белгилери: белгилүү бир мамлекеттеги өкүм сүргөн коомдук мамилелер менен жашоо-турмушуна кыйла зыян келтирүү же иш жүзүндө ошондой кырдаал түзүү. Ал зыяндар: экономикалык, экологиялык, согуштук; жарандардын конституциялык укугун, башкаруу тартибин, коомдук тартипти бузуу ж. б.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КООМДУК КӨРҮСТӨН – өлгөндөрдүн керээзин эске алуу менен же өлүк көмүү иштери ыңгайлашкан кызматтардын чечими боюнча өлүктөрдү көмүүгө арналган көрүстөн. К. к. аткаруу бийлик органдарынын же жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагында турушу мүмкүн.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КООМДУК КЫЙМЫЛ – катышуучулары колдоо менен, социалдык, саясий жана коомдук пайдалуу максатты көздөгөн, мүчөлүгү жок жалпы коомдук бирикме. К. к-дын жогорку жетекчи органы – курултай (жыйын) же жалпы чогулуш.Курултай алдында отчет берүүчү шайланма акылдаштык органы (акылдаштар алкагы) анын туруктуу иштей турган жетекчи органы болуп саналат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КООМДУК ТАРТИП – мамлекеттик, коомдук уюмдардын бейпил ишмердигин жана менчиктин баардык түрлөрүн коргоо, жарандардын колтийбестигин камсыз кылуу, алардын укуктарын жана эркиндиктерин сактоо максаттарында укук ченемдери жана чаралары аркылуу теске салынуучу коомдук мамилелер.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КООМДУК ТҮЗҮЛҮШ (түзүм) – конституциялык укук теориясында коомдук мамилелердин, б. а. өндүрүштүн белгилүү деңгээли, өнүмдөрдү бөлүштүрүүнүн жана алмашуунун, жашоонун аркыл чөйрөлөрүндө адамдардын өзара аракеттенүүлөрүнүн салттары жана коомдук аң-сезимдин мүнөздүү өзгөчөлүктөрү менен шартталуучу коомдун уюмдашуусунун белгилүү бир тарыхый тутуму. Мамлекет жана мыйзамдар менен корголот.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КООМДУК УЮМ – өзүнүн түзүлгөн максатына жетүү үчүн тийешелүү чарбачылык иштерин, анын ичинде өндүрүш иштерин да жүргүзүүчү коммерциялык эмес уюм. К. у-дун мүчөлөрү ал уюмдун менчигине өткөрүлүп берилген мүлктөргө карата өз укуктарын сактап кала албайт.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КООМДУК УЮМДУН КЕПИЛДИГИ – кээбир өлкөлөрдүн кылмыш-жаза процесстик мыйзамдарында каралган бөгөт коюу чарасы; коомдук уюмдун шектүүнүн же айыпталуучунун талаптагыдай жүрүм-турумун, адепки тергөө жүргүзүүчүнүн, тергөөчүнүн, прокурордун жана сотттун чакыруусу боюнча келүүсүн камсыз кылууга жазуу жүзүндө берген милдеттенмеси. Кепилдик берүүчү коомдук уюмга ушул бөгөт коюу чарасы колдонулган иштин маани-маңызы жөнүндө кабарландырылуусу тийиш.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КООМДУК ФОНД – өз ыктыярдуу мүлктүк салымдардын негезинде жана/же юридикалык жактар тарабынан уюштурулган жана социалдык, кайрымдуулук, маданий, агартуучулук жана башка коомдук пайдалуу максаттарды көздөгөн, мүчөлүккө ээ эмес уюм. Анын уюштуруучулары тарабынан К. ф. берилген мүлктөр фонддун менчиги болуп саналат. К. ф. мүлктөрдү К. ф. уставында аныкталган максаттар үчүн пайдаланат. Уюштуруучулар өздөрү түзгөн К. ф. , ал эми К. ф. өзүнүн уюштуруучуларынын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт. К. ф. 1 же бирнече укук жоопкерчиликтүү жеке жана/же юридикалык жактар тарабынан белгисиз же билгилүү бир мөөнөткө уюштурулушу мүмкүн. Уюштуруучунун (уюштуруучулардын) укугу уюштуруучунун (уюштуруучулардын) укук мурасчыларына өткөрүлүп берилбейт. К. ф. түзүлгөндөн кийин мүлк берген киши уюштуруучунун укугуна ээ боло албайт. К. ф. нотариус күбөлөндүргөн керээздин негизинде түзүлүшү мүмкүн. К. ф. жетекчи органы анын уюштуруучулары жана/же катышуучулары тарабынан, болбосо К. ф. уюштуруучуларынын чечими менен түзүлөт.