Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КООМДУК КООПСУЗДУККА КАРШЫ КЫЛМЫШТАР – КР кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган, мамлекеттин жана коомдун, инсандын коопсуз жашоо шарттарына коркунуч келтирген кылмыштар. Террорчулук ; адамды барымтага алуу ; жапырт башаламандык ж. б. ошондой кылмыштарга кирет.