Коомдук жана диний уюмдар (бирикмелер)
Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)КООМДУК ЖАНА ДИНИЙ УЮМДАР (бирикмелер) – мыйзамдарда каралган тартипте руханий же дагы башка материалдык эмес керектөөлөрдү канагаттандыруу үчүн кызыкчылык жалпылыгына негизделүү менен түзүлгөн жарандардын өз демилгелүү коомдук бирикмеси. К. ж. д. у. коммерциялык эмес уюм болуп саналат. Алар өздөрү түзүлгөн максатка жетүү үчүн жана ошол максаттарга ылайык гана өндүрүштүк иштерди жана дагы башка чарбачылык иштерин жүргүзүүгө акысы бар.