Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бир нерсени башкалардан окчунураак, алысыраак коюу, коомай абалда кылуу. Алмаларды ар бирин коомайлап коюп чыктым. || Жакындабай, кошулбай, четтегенсип жүрүү, жатыркагандай көрүнүү. Бири-биринен өтө эле коомайлаган эки жаштын таанышуусу бөтөнчө башталды («Чалкан»). Керим балдарга кошула албай, коомайлап турат.