общественный; социальный; коомдук иш общественное дело; коомдук өндүрүш эк. общественное производство; коомдук ал-жай общественное положение; коомдук камсыздандыруу социальное обеспечение; коомдук пикир общественное мнение; коомдук өсүш общественное развитие; коомдук илимдер общественные науки.
коомдук коомдук айыптоочу коомдук жай коомдук жактоочу коомдук жер, (а.) ч. коомдук жумуштарга тартуу (ук.) коомдук зарыл эмгек коомдук имарат (а. ч.) коомдук керектөө фон дулары коомдук мамиле коомдук накта киреше коомдук пикир коомдук продукт коомдук тамактануу коомдук тартипти сак тоо коомдук уюмдар коомдук экономикалык формация коомдук эмгек коомдун саясий систе масы (ук.)
social data (noun)
A collection of features that can be used to store and share comments, shortcuts, descriptions, and other information about Web pages and items on a SharePoint site or the Internet.
КООМДУК АЙЫПТООЧУ – кээбир өлкөлөрдө, мисалы, РФ коомдук уюмду же эмгек жамаатын билдирүүчү кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн өзалдынча катышуучусу. Соттук тергөөгө катышууга соттун аныктамасы менен улуксат берилиши мүмкүн. К. к. далилдерди келтирүүгө, далилдерди иликтөөгө катышууга, сот алдында сунуштарды жана четке кагууларды билдирүүгө, сот алдында айыптоонун далилдүүлүгү, соттолуучунун жана анын кылган жосунунун коомдук коркунучтуулугу тууралуу өз пикирин билдирип сот алдында жарыш сөздөргө катышууга укуктуу. Кылмыш-жаза мыйзамдарын колдонуу, соттолуучуга жазык чараларын көрүү жана иштин башка маселелери боюнча пикирин билдире алат.
КООМДУК ЖАНА ДИНИЙ УЮМДАР (бирикмелер) – мыйзамдарда каралган тартипте руханий же дагы башка материалдык эмес керектөөлөрдү канагаттандыруу үчүн кызыкчылык жалпылыгына негизделүү менен түзүлгөн жарандардын өз демилгелүү коомдук бирикмеси. К. ж. д. у. коммерциялык эмес уюм болуп саналат. Алар өздөрү түзүлгөн максатка жетүү үчүн жана ошол максаттарга ылайык гана өндүрүштүк иштерди жана дагы башка чарбачылык иштерин жүргүзүүгө акысы бар.
social update (noun)
An action taken on Windows Live or on partner websites such as Facebook that is considered to have social relevance and that might appear in an activity feed. For example, photo activity and status updates are considered to be socially relevant. Within Windows Live, friends see one another's relevant actions in feeds within Messenger, on Windows Live Home, and other places. Depending on the partner and their settings, actions that a customer takes on Windows Live may be visible on partner sites, actions they take on partner sites may be visible on Windows Live, or both.
КООМДУК ЖУМУШТАР – соттолгон адам негизги ишинен же окуусунан бош убактарында коомдун пайдасы үчүн аткаруучу, түрү өкүмдүн аткарылышын көзөмөлдөөчү орган тарабынан аныкталуучу акысыз эмгек кылуудан көрүнгөн, жазалоо түрлөрүнүн бири. К. ж. 40тан 240 саатка чейинки убакытка белгиленет. Соттолуучу негизги ишинен жана окуусунан бош убактысында, күнүнө төрт сааттан көп эмес, ал эми иштебегендер – күнүнө 8 сааттан көп эмес убакыт бекер иштөө менен өтөшөт. Соттолгондор иштеген убакыт жоопкерчиликти жеңилдетүүчү жагдай катары эсепке алынат. К. ж.: аскер кызматкерлерине; 55 жаштан жогорку аялдарга, 60 жаштан жогорку эркектерге; кош бойлуу аялдарга; бала багуу боюнча эс алуудагы аялдарга; I жана II топтогу майыптарга; жашы жетелектерге белгиленүүсү мүмкүн эмес.
public-facing URL (noun)
A URL that is directly accessible over the Internet and that does not require special credentials or network access to connect to it.
КООМДУК КЕЛИШИМ – мамлекеттердин келип чыгуу жоромолу голланд окумуштуусу Г. Гроций, ошондой эле Т. Гоббсон, Д. Дидро, Ж. Ж. Руссо тарабынан сунуш кылынган. К.к.дин жактоочулары мамлекет бийлигинин кызыкчылыгы үчүн өзүнүн биркатар табигый кызыкчылыктарынан баштарткан адамдардын ортосунда түзүлгөн келишимдин натыйжасында келип чыккан деп эсептейт.
КООМДУК КЕНЧ – автордук укук тууралуу мыйзамдардагы автордун чыгармасын эч жолтоосуз эле пайдалана берүү мүмкүнчүлүгүн билдире турган түшүнүк. Автордук укуктун мөөнөтүнүн бүтүшү чыгарманын К. к-ке өткөндүгүн билдирет.КР аймагында коргоого алынбаган чыгармалардын баардыгы К. к-ке кирет. К. к-ке кирген чыгармаларды баардык жактар автордук сыйакы төлөбөстөн эле пайдалана берет. Ошол эле учурда, автордук укук, атына карата укук, чыгармага карата колтийгистик укук сакталууга тийиш.
КООМДУК КООПСУЗДУК – чогулуштардын, митингдердин, нааразылык көрсөтүүлөрдүн маалында жарандардын укугу, эркиндиги, денсоолугу жана коомчулуктун калыптанып калган каада-салттары аргандай коркутуп-үркүтүүлөр менен колсалуулардан корголуп турган абал.
КООМДУК КООПСУЗДУККА КАРШЫ КЫЛМЫШТАР – КР кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган, мамлекеттин жана коомдун, инсандын коопсуз жашоо шарттарына коркунуч келтирген кылмыштар. Террорчулук ; адамды барымтага алуу ; жапырт башаламандык ж. б. ошондой кылмыштарга кирет.
КООМДУК КОРГООЧУ – соттолуучунун мыйзамдуу өкүлү. Соттолуучунун коомдук коргоочусу катары юридикалык жактардын, саясий партиялардын, кесиптик биримдиктердин, укук коргоочу жана башка коомдук бирикмелердин өкүлдөрү чыга алашат.
КООМДУК КОРКУНУЧ – кылмыш-жаза укугундагы объективдүү (материалдык) кылмыш белгилери: белгилүү бир мамлекеттеги өкүм сүргөн коомдук мамилелер менен жашоо-турмушуна кыйла зыян келтирүү же иш жүзүндө ошондой кырдаал түзүү. Ал зыяндар: экономикалык, экологиялык, согуштук; жарандардын конституциялык укугун, башкаруу тартибин, коомдук тартипти бузуу ж. б.
КООМДУК КӨРҮСТӨН – өлгөндөрдүн керээзин эске алуу менен же өлүк көмүү иштери ыңгайлашкан кызматтардын чечими боюнча өлүктөрдү көмүүгө арналган көрүстөн. К. к. аткаруу бийлик органдарынын же жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагында турушу мүмкүн.
КООМДУК КЫЙМЫЛ – катышуучулары колдоо менен, социалдык, саясий жана коомдук пайдалуу максатты көздөгөн, мүчөлүгү жок жалпы коомдук бирикме. К. к-дын жогорку жетекчи органы – курултай (жыйын) же жалпы чогулуш.Курултай алдында отчет берүүчү шайланма акылдаштык органы (акылдаштар алкагы) анын туруктуу иштей турган жетекчи органы болуп саналат.
КООМДУК ТАРТИП – мамлекеттик, коомдук уюмдардын бейпил ишмердигин жана менчиктин баардык түрлөрүн коргоо, жарандардын колтийбестигин камсыз кылуу, алардын укуктарын жана эркиндиктерин сактоо максаттарында укук ченемдери жана чаралары аркылуу теске салынуучу коомдук мамилелер.
public group (noun)
An item in the global address list that provides an easy way to send messages to a group of people. A public group can include any item from a global address list, including other public groups.
КООМДУК ТҮЗҮЛҮШ (түзүм) – конституциялык укук теориясында коомдук мамилелердин, б. а. өндүрүштүн белгилүү деңгээли, өнүмдөрдү бөлүштүрүүнүн жана алмашуунун, жашоонун аркыл чөйрөлөрүндө адамдардын өзара аракеттенүүлөрүнүн салттары жана коомдук аң-сезимдин мүнөздүү өзгөчөлүктөрү менен шартталуучу коомдун уюмдашуусунун белгилүү бир тарыхый тутуму. Мамлекет жана мыйзамдар менен корголот.
social tag (noun)
A custom keyword or description and shortcut to a Web page or item on a SharePoint site or the Internet. All of these tags can be viewed, managed, and shared by using My Site.
КООМДУК УЮМ – өзүнүн түзүлгөн максатына жетүү үчүн тийешелүү чарбачылык иштерин, анын ичинде өндүрүш иштерин да жүргүзүүчү коммерциялык эмес уюм. К. у-дун мүчөлөрү ал уюмдун менчигине өткөрүлүп берилген мүлктөргө карата өз укуктарын сактап кала албайт.
КООМДУК УЮМДУН КЕПИЛДИГИ – кээбир өлкөлөрдүн кылмыш-жаза процесстик мыйзамдарында каралган бөгөт коюу чарасы; коомдук уюмдун шектүүнүн же айыпталуучунун талаптагыдай жүрүм-турумун, адепки тергөө жүргүзүүчүнүн, тергөөчүнүн, прокурордун жана сотттун чакыруусу боюнча келүүсүн камсыз кылууга жазуу жүзүндө берген милдеттенмеси. Кепилдик берүүчү коомдук уюмга ушул бөгөт коюу чарасы колдонулган иштин маани-маңызы жөнүндө кабарландырылуусу тийиш.
public folder (noun)
A folder on a public server that people can use to share information, such as work information, discussions, contacts, tasks, and classified ads. Access permissions determine who can view and alter the folder and to what extent.
КООМДУК ФОНД – өз ыктыярдуу мүлктүк салымдардын негезинде жана/же юридикалык жактар тарабынан уюштурулган жана социалдык, кайрымдуулук, маданий, агартуучулук жана башка коомдук пайдалуу максаттарды көздөгөн, мүчөлүккө ээ эмес уюм. Анын уюштуруучулары тарабынан К. ф. берилген мүлктөр фонддун менчиги болуп саналат. К. ф. мүлктөрдү К. ф. уставында аныкталган максаттар үчүн пайдаланат. Уюштуруучулар өздөрү түзгөн К. ф. , ал эми К. ф. өзүнүн уюштуруучуларынын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт. К. ф. 1 же бирнече укук жоопкерчиликтүү жеке жана/же юридикалык жактар тарабынан белгисиз же билгилүү бир мөөнөткө уюштурулушу мүмкүн. Уюштуруучунун (уюштуруучулардын) укугу уюштуруучунун (уюштуруучулардын) укук мурасчыларына өткөрүлүп берилбейт. К. ф. түзүлгөндөн кийин мүлк берген киши уюштуруучунун укугуна ээ боло албайт. К. ф. нотариус күбөлөндүргөн керээздин негизинде түзүлүшү мүмкүн. К. ф. жетекчи органы анын уюштуруучулары жана/же катышуучулары тарабынан, болбосо К. ф. уюштуруучуларынын чечими менен түзүлөт.