КООМ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Турмуштун конкреттик-тарыхый шарттарында биригип жашаган адамдар тобу. Коомдун өнүгүшү. Коом жөнүндөгү илим. Коом зарыл Айтматовдун жардамына, Эн тамга – аялдардын маңдайында (Акматалиев). 2. Белгилүү бир доордогу тарыхый-экономикалык түзүлүш жана анын өзүнө ылайык келген бөтөнчөлүгү. Алгачкы коом. Капиталисттик коом. Социалисттик коом. 3. Теги, социалдык абалы, кызыкчылыгы ж. б. жактары боюнча белгилүү жалпылыкта болгон адамдар чөйрөсү. Ак сөөктөр коому. 3. Иши, милдети боюнча өз ара биргелешкен, чогуу аракетте болушкан адамдар тобу, уюм же мекеме. Спорттук коомдор. Акционердик коом. Өрт өчүрүү, өрттөн сактоо коому. «Билим» коому. Жаратылышты коргоо коому.