Киргизско-русский словарь Юдахина
1. человек;
ургаачы киши женщина;
эркек киши мужчина;
көп кишинин бири ничем не примечательный человек; мелкая сошка;
киши-кара собир. люди;
киши-кара келип калды какие-то люди прибыли;
киши-кара келип калбасын как бы кто вдруг не пришёл;
киши-кара көрүнбөйт не видно ни единой живой души (ни одного человека);
киши-кара көрбөдүм, эч кандай кабар укпадым фольк. никаких людей я не видел, никаких вестей я не слышал;
киши кийик дикарь, дикий человек;
киши-миши кое-какие люди;
2. настоящий человек;
киши бол-
1) стать человеком;
2) (о больном) поправиться, оправиться;
ал киши болбойт
1) из него человека не выйдет; ничего путного из него не выйдет;
2) (о больном) он не выздоровеет;
3. (в старом быту) мужчина;
үйдө киши барбы? дома кто (из мужчин) есть?
4. другой, посторонний;
кишиге айтпа никому не говори; посторонним не говори;
кишиники принадлежащий другому человеку; чужой.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Ойлоого, аң-сезимге, тилге жана эмгек куралдарын өңдүрүүгө, аларды коомдук процессте пайдалануу жөндөмдүүлүгүнө ээ болгон тирүү жан; адам. Эркек киши. Аял киши. Чоң киши. Кадырлуу киши. Киши жаманы кирип чыкканча билинет, өз жамандыгын өлгөнчө билбейт (макал).
¨ Киши-кара — адам, кимдир бирөө, жалпы эле киши. ..Чачыкей.. отун алган жериңден киши-кара көрдүңбү, кандай кабар уктуң? («Эр Табылды»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Ойлоо, сүйлөө жөндөмдүүлүгү бар, акыл-эстүү жан, адам. Эркек киши. Аял киши. Чоң киши. Төмөнкү имерилиштен бир киши көрүндү (Жантөшев). Шамбет кары кишиге артык тамаша айтпай, ажарлуу гана күлүп койду (Сыдыкбеков). Миң кишинин атын билгенче, бир кишинин сырын бил (макал). Кишиден башка эч ким жогото албайт муну, кишиден башкага кереги жок мунуңдун... (Усубалиев). 2. Аң-сезимдүүлүгү, жөндөмдүүлүгү, кишилик сапаты бар адам. Бул сага караганда киши экен, айткандарын аткарды («Чалкан»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Чоңоюу, эс тартып, өз оокатын өзү жасагыдай болуп калуу. Аман жүрсө киши болор. Жаман чүрпөлөрү киши болуп калды («Ала-Тоо»). 2. Оорудан жакшы болуу, айыга баштоо, баш көтөрүп калуу. Кагылайын ачык айтып, ак сүйлөчү, абалы кандай, киши болчудайбы? (Бердикеев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Чоңоюу, эс тартып, өз оокатын өзү жасагыдай болуп калуу. Аман жүрсө киши болор. Жаман чүрпөлөрү киши болуп калды («Ала-Тоо»). 2. Оорудан жакшы болуу, айыга баштоо, баш көтөрүп калуу. Кагылайын ачык айтып, ак сүйлөчү, абалы кандай, киши болчудайбы? (Бердикеев).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КИШИДАШ — мифтик кейипкер. «Таш киши» деген мааниге ээ. Перилердин балбаны.
Кишидаш жайын сурасаң
Сайса найза теше албайт.
Чапкан кылыч кесе албайт.
Жаракка адам ишенсе
Адам уулу бет албайт (Сагымбай Орозбаков, 3. 99),
— деп Бокмурун Көкөтөйдүн ашына чакырат.

Т. Абдиев. "Сөз башат". Этимологические этюды
Бул сөздүн мааниси К.К.Юдахиндин сөздүгүндө собир. люди (Юдахин 1965: 390) деп чечмеленип, көп маанилүү кара компонентинин төмөнкүдөй тарыхый маанилери бар экени белгиленген: кара 11. ист. простолюдин; 14. ист. распространенный эпитет раба, рабыни (Юдахин 1965:346).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Өз ажалынан эмес, бирөө тарабынан өлүм табуу, өлтүрүп коюу. Мунун киши колдуу болуп өлгөнун же өз ажалынан мурт кеткенин кийин аныктарбыз (Бектенов). - Осоке, Жоодар киши колдуу болуптур! -деди (Өгөбаев). Алымкул аталыктын киши колдуу болушу булардын ортосун ого бетер суутуп кетти (Касымбеков). 2. Уурдалуу. Саап турган ую киши колдуу болду. Жылкы жоголбой эле киши колдуу болгону билинди (Ш. Үмөталиев). Акынды менден жакын билген киши жок, дептери киши колдуу болуп кетиптир (Абдукаимов). Билип коюңуз, дептер киши колдуу болгон жок, биз да бирдемени түшүнөбүз (Абдукаимов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Өз ажалынан эмес, бирөө тарабынан өлүм табуу, өлтүрүп коюу. Мунун киши колдуу болуп өлгөнүн же өз ажалынан мүрт кеткенин кийин аныктарбыз (Бектенов). – Осоке, Жоодар киши колдуу болуптур! – деди (Өгөбаев). Алымкул аталыктын киши колдуу болушу булардын ортосун ого бетер суутуп кетти (Касымбеков). 2. Уурдалуу. Саап турган ую киши колдуу болду. Жылкы жоголбой эле киши колдуу болгону билинди (Ш. Үмөталиев). Акынды менден жакын билген киши жок, дептери киши колдуу болуп кетиптир (Абдукаимов). Билип коюңуз, дептер киши колдуу болгон жок, биз да бирдемени түшүнөбүз (Абдукаимов). В.: Душман колдуу болуу. Жөнөкөй кишилер эмес, кадимки даңазалуу баатырлар да капилет басканда душман колдуу болушкан (Абдукаимов). Ал душман колдуу болуп, майып кылынышы айдан ачык («Ала-Тоо»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
кишилик I
1. человечность; то, что относится к человеку или характеризует его;
кишиликтен чыккан адам конченый человек;
үч жүз кишилик клуб клуб на триста человек;
беш кишилик аш количество пищи на пять человек;
2. вежливость, воспитанность;
3. отзывчивость, гуманность.
кишилик II
сиденье седла.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Кишичилик, адамгерчилик. Колунда малың турганда, Кишиликти унуттуң (Осмонкул). Кишилиги жок наадан тура («Чалкан»). 2. Канча кишиге тете экендигин же нерсенин көлөмү, өлчөмү канча кишиге таандык болорун, туура келерин билдирүү үчүн колдонулат. Деги сенин канча кишилик алың бар! («Ала-Тоо»). Зубайда өзүнө бир кишилик башка төшөк жайлап алды. (Убукеев). Үйдүн сол жаккы капталында эки кишилик чоң кровать (Жантөшев).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КИШИМЖАН — эпизоддук кейипкер, Ысмайылдын кызы. Ысмайыл багып алган балтыр бешик Семетейди көтөрүп чоңойтот. Семетей он экиге келип, Сарытаздан ата-тегин угуп, аны жашырган Каныкейге тарынып жатканда келип, жалынып-жалбарып тургуза албай коёт (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 135).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кандайдыр бир киши абалында болуу, ошондой абалдагы кишиге окшоп көрүнүү, колунан бирдеме келген, бирдемеге жарагыдай, арзыгыдай киши сыяктануу, кишилик сапаты бар өңдөнүү. – Кел, балам, чайың муздап калды! – деп, атам да мага жаны ачыган кишисинди (Жантөшев). Элге кур кетүүнү ылайык көрбөй жүргөн элем,– дедим кишисинип («Ала-Тоо»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
(о жеребце, о верблюжьем жеребце) свирепый, набрасывающийся на человека;
кишичил айгыр свирепый жеребец (бросающийся на людей, бьющий задом, кусающийся);
кишичил буура свирепый верблюд (жеребец).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кишиге кол салма, качырып тийме адаты бар, киши жегич (бука, буура сыяктуу үй айбандарына жана жырткычтарына карата айтылат). Кишичил бука. Кишичил жолборс. Сопу бийдин кишичил кара буурасы кубалап келип, Токтогулду жарга камады (Токомбаев).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Кишичилик, адамгерчилик. Колуңда малың турганда кишиликти унуттуң (Осмонкул).
  1. 2.                  Кишиге таандык нерсенин өлчөмүн, көлөмүн билгизүү үчүн колдонулат. Беш кишилик аш. Үйдүн сол жаккы капталында эки кишилик чоң кровать (Жантөшев).
  2. 3.                  Ээрдин үстү, киши отуруучу (көчүк коюучу ) жайы.