КАРАКАЛПАК — этноним. «Манас» эпосунда эскерилген элдин аты Ар кандай эпизоддордо кездешет. Мисалы, Чубактын Бакайга кайрылып сүйлөгөн сөзүндө мындай деп айтылат:
Ногойдон Манас, нойгут мен,
Ойлонгун Бакай, муну сен!
Кара калпак, думара,
Карап турсаң буларга,
Атабыз бир экен деп,
Ар качандан бир качан
Катарыңдан калбастан
Бу да жүрөт убара (Курама варианты, 2. 240).
Бул саптарга караганда К-тар кыргыздарга тууган эл. Ал эми тарыхый даректерде, кыргыздардын арасында айтылган санжыра боюнча К-тар Адигинеден тарайт. Кээ бир санжырада тескерисинче, К-тардан саяктын ичиндеги каба уруусу чыгат. С. М. Абрамзондун А. Чоробаевден жазып алган маалыматтары боюнча бир кездерде кыргыз жергесинде К-тардын жетекчиси (же уруу башчыларынын бири) Эшмат өлтүрүлгөн. Ушул окуядан кийин К. душмандашып кеткен. Ошондон улам кыргыздардын айрым бир бөлүктөрүндө мындай ылакап сөз калган: «Кара калпак Эшматтын кунундай болду».
Кыргыздар менен К-тардын туугандыгына далил болгон Түш. Кыргызстандан жазып алган санжыралар бар. Мисалы, ал санжыралардын биринде Адигине, Тагайдын түпкү аталарынын бири катары — Ак-Чолпон деген адамдын аты эскерилет. Ал эми К-тардын санжырасында да Есим кандын кызы Ак-Шолпан Муйтен уруусунун негиз салуучусу катары белгилүү.
«Манаста» К-тардын кыргыздарга жакындыгы бозек аттуу уруунун эскертилиши менен бышыкталып турат. Себеби, бозан, бозек формасында К-тардын санжырасында кездешет. Дегинкиси «Манас» эпосунда жана кыргыз санжырасында кезиккен учурлар менен К-тардын санжырасына тиешелүү болгон кыпчак, коңурат, каңгы, катаган, курама, уйгур, түркмөн, мангыт, эштек (өстөк) аттуу уруулардын жалпылыгын белгилеп кетүү зарыл. Мындан тышкары эки элге жалпы болгон асан, байбиче, (каракалпакча — байбише), бакы, бешкемпир (бес кемпир), жаман, казак, калмак, кара курсак, кара моюн, кара тай, кызыл аяк, сарт, сары, сегизбек (сегизек), суу мурун, тогузак, тубай жана башкалар майда уруулардын аттары белгилүү.
Ошентип, «Манас» эпосу К-тар жөнүндөгү маалыматтарды тарыхый чындыктын негизинде чагылдырган. Бир кездерде К-тар менен бирге ак калпак кыргыз болуп жашаган. Бул мезгил «Алтын ордонун» убактысына туш келет. Эпостун Орто Азияда калыптанган мезгили болуп эсептелет.
И. Молдобаев
КАРАКАН — каарман. Каныкейдин атасынын ылакап аты. Өңү кара киши болгондуктан К. аталып кеткен. Өзүнүн ысмы Сагымбай Орозбаковдун вариантында Атемир, Саякбай Каралаевдин варианты боюнча Темиркан. Манасчы Жакшылык Сарык уулу Каныкейдин атасы К-ды дүнүйөкор, колу тар адам катары сүрөттөйт. Кызы Каныкей К-дын кара олпогун кадырын салып эки жолу сураса (биринде Манаска, экинчисинде Семетейге деп), урушуп бербей коёт, к. Темиркан.
КАРАКАН — «Манас» эпосунун бардык варианттарында кезигүүчү салттык туруктуу каарман. Айрым манасчылар (Сагымбай Орозбак уулу, Жакшылык Сарык уулу) Манастын түпкү аталарынын бири десе, айрымдары (Саякбай Карала уулу, Молдобасан Мусулманкул уулу, Актан Тыныбек уулу) Манастын чоң атасы дейт. Саякбай Каралаевдин варианты нда катылганды жайлап, душманга намыс бербеген баатыр, эл коргогон эр болгондугу жана К. олгөндөн кийин Алооке менен Молто кан кыргызга көп кордук көрсөткөндүгү айтылат (Саякбай Каралаев, 1.27—28, 35, 114). Түрк элдеринин оозеки чыгармаларында «күчтүү кан», «улуу кан» деген маанидеги титул ат катары кеңири кезигет. Айрым изилдөөчүлөр Манастын чоң атасы (түп атасы) К-дын прототиби катары азыркы Кыргызстандын аймагында 10—12-кылымда өкүмдарлык кылышкан Караханийлер сулалесин карашат.
КАРАКЕСЕК — эпизоддук кейипкер, окчу уруусунан. Алтайдан Анжыянга көчөлү деген кеңешке катышат жана Кер-Көлдөгү Орго канды көздөй жөнөгөн аскердин ичиндеги баатырлардын катарында аты аталат (Сагымбай Орозбаков, 2. 14, 68).
КАРАКОЖО — этноним. Эпос боюнча казак урууларынын бири: «Алчын, Үйшүн, Найман бар, Аргын, Кара кожо бар» (Курама варианты, 1. 69). К. казактардын аргын уруусунун ичине кирген же болбосо аларга жакын уруунун аты. Эпосто К. кээде уруунун, кээде кейипкердин аты катары колдонула берет. Реалдуу турмушта казак, кыргыз жана башкалар элдердин курамындагы уруулардын бири катары адам аттарынан пайда болгонун көрөбүз. Казак окумуштуу лары К. аргындардын урааны катары колдонулганын белгилеп жүрүшөт. Буга караганда К. уруусунун аты адам атынан алынып коюлган жана ал «Манас» эпосунда кеңири чагылдырылган.
КАРАКОЖО — эпизоддук кейипкер. Сагымбай Орозбаковдун вариантында аргын уруусунун билерманы, эл аксакалы. Манастын бала чагын жана анын Алтайдан Ала-Тоого көчүп келишин баяндаган окуяларда К. казактын чоң урууларынын бири аргындардын башчысы катары уруу аксакалдарынын кеңештерине, ар түрдүү иштерине активдүү катышат (Сагымбай Орозбаков, 1. 104, 164, 232, 250; 2. 14, 23, 25, 39, 68, 94). Манас жолдоштору менен салбырынга баргандагы эпизоддо Калдардын атасы делет (Сагымбай Орозбаков, 1. 255). Кийин Манастын кырк чоросунун катарында «Аргын Каракожосу, Акылга бирге кошосу» деген туруктуу стилдик форма менен сыпатталган, акылман, чечкиндүү кейипкер катары көрүнөт. Чоң казат мезгилинде, он башы болгон Тазбаймат өз тобундагы Манасты унутуп койгондо, К. душмандын босогосунда турганда он кишини жакшылап көзөмөлдөй албаган мындай башчы шек жок жаза тартыш керек деп чечкиндүүлүк кылат (Сагымбай Орозбаков, 4. 169 —170). Манас Каныкейге күйөөлөп баргандагы ат чаап жар тандоодо аты Желтаман он бешинчи келген К. тагдырына буюрган Кусабүбүгө үйлөнөт (Сагымбай Орозбаков, 2. 419, 424).
А. Жайнакова
КАРАКОЛ — топоним. Манас башта кытай-калмак басып алган ата-журтун бошото баштаганда анын Үрбү, Мунаркан башкарган колу Кочкор өрөөнүн бийлеген калмак Арсы жаң-жуңдун кол башчылары Таргыл жайсаң, Дангабылды жеңген жер (Кол жазмалар фондусу, 576-инв., 536— 539-б.). Географиялык реалияда Кочкор өрөөнүнүн түндүк -батышындагы аймак.
«Тоноп алуу, тартып алуу» маанисиндеги каракта сөзү карак+та бөлүктөрүнөн турат. Сөздүн уңгусу карак азыркы кыргыз тилинде өзүнчө айтылбайт. Бирок башкыр, ногой тилдеринде карак сөзү «уруу» маанисинде азыр да колдонулат. Татар тилинде ошол эле сөз «ууру» дегенди билдирсе, караим тилинде «тоноо, талоон» дегенди билдирет (Кар-РПС, 293)- Кыргыз тилиндеги каракта этишиндеги карак сөзү мына ушул караим тилиндегидей маанидеги сөз болгон, ага этиш жасоочу -ла мүчөсү уланып, каракта сөзү келип чыккан.
Бирөөнүн дүнүйөсүн, кийим-кечесин ж. б. тоноп кетүү, тартып алуу, каракчылык кылуу. Куршаб дарыясынын өйүз-бүйүзүндө карактап кетүү өнөкөтү көп болор эле (Абдукаримов). Жолдон өткөн кишинин, Атын сойгон карактап (Барды).
небрежно, неразборчиво написанная буква, неразборчиво нарисованный значок // Я стоял подле него и смотрел, как он выводил каракули. И. А. Гончаров, «Фрегат «Паллада»», 1855 г. Айрым этимологдордун ою боюнча, бул сөз түрк тилдеринен алынган: кара «чёрный; плохой» кул//кол «почерк». Кол сөзүнүн «почерк» деген мааниси кыргыз тилинде да бар: Кат уулум тарабынан жазылганына көзүм жетти, колунан тааныдым («Алат-Тоо») (КТС 2010:721).
«1. Козуларынан баалуу көрпө алынуучу кылчык жүндүү кой тукуму. 2. Белгилүү тукумдагы койдун (каракүл коюнун) козусунан алынуучу тармал жүндүү баалуу көрпө» (КТС 2010:649). Бул сөз Өзбекстандын Бухара шаарынын жанындагы Кара-Көл оазисинен улам келип чыккан, тактап айтканда, 19-кылымда 3-4 күндүк козу терилерин ушул жерден чыгарып сата башташкандыктан, теринин аты жердин аты менен орус тилинде «каракуль» (Иссык-Куль деген сыяктуу) деп аталып калган. Кыргыз тилине каракүл болуп өткөн. Европага Астрахань шаары аркылуу кеткендиктен, каракүл немис жана француз тилдеринде «астракан» деп аталат.
1. Козуларынан баалуу көрпө алынуучу, кылчык жүндүү кой тукуму. 2. Белгилүү тукумдагы койдун (каракүл коюнун) козусунан алынуучу тармал жүндүү баалуу көрпө.
1. грабитель, разбойник; ууруну каракчы урат погов. вор у вора дубинку украл (букв. вора бьёт грабитель); аба каракчылары воздушные разбойники; 2. то же, что карачкы; таң каракчысы предрассветное время; Жети Каракчы то же, чтоЖети Аркар (см.жети).
зат.1. Талоончу, тоноочу, карактап тартып алуучу. Илгери жети каракчы болгон экен («Жомоктор»). Каракчы болуп мал уурдап, Канча бир жылы жашаган («Эр Табылды»).
2. Эски кийимден, чүпүрөктөн ж. б. жасалган короонун же огороддун четине коркутуу үчүн коюлган сөлөкөт. Ичи жаргак бешманттан Каракчы кылып жасады (Жантөшев).
3. Жаман көргөндө же эркелеткенде айтылуучу сөз. Итирейген каракчы.. дарыядан барып суу алып кел (Турусбеков). — Садагаң болоюн, жаман каракчым (Сыдыкбеков).
4. Кир, булганч, таза эмес, кебете-кешпири кеткен. — Каракчыдай болуп кантип барам (Сыдыкбеков).
1. Талоончу, карактап кетүүчү, каракчылык кылуучу, Каракчылардын колунан эмне келет? (Сасыкбаев). Каракчылар кол салышып, жүгүбүздү талап алышты («Жомоктор»). 2. Эски кийимден, чүпүрөктөрдөн ж. б. жасалып, таранчыдан же башка нерседен эгинди, бакчаны ж. б. коруу максатында сайып коюлган сөлөкөт. Карга, кузгун келбеске, Эт менен тери бар жерге, Каракчы кылып салалы («Эл адабияты»). 3. Кебетеси жаман, булганч, жүдөө кишиге карата же бирөөнү кодулоо, кемсинтүү иретинде айтылат. Селпейген каракчы деп уруп-согуп, Ажаандар айбандарча алды кекти (Турусбеков). Кармалаба, селпейген каракчы (Жантөшев). Каракчыдай болуп кантип барат элем (Сыдыкбеков).
«Киши сөлөкөтүнө окшотуп эски кийим-кечеден жасалып, короонун же огороддун четине орнотулган нерсе» маанисиндеги каракчы сөзү метатезаланып, кээде карачкы болуп да айтылат. Бул сөз карак+чы бөлүктөрүнөн куралган. Анын карак уңгусу – азыркы кароо деген кыймыл атоочтун байыркы кездеги формасын сактаган варианты. Ага кесипти билдирген -чы мүчөсү уланган. Келип чыккан каракчы сөзү «кароочу» маанисин берген.
Каракчы жаман-жуман нерселерден жасалып, коркунучтуу көрүнгөн. Ошондуктан анын алгачкы «кароочу» деген түз мааниси өзгөрүп, «кейпи суук нерсе» деген өтмө мааниси жаралган.
КАРАКЧЫЛЫК – КР кылмыш-жаза укугундагы менчикке каршы кылмыштын бири; уурдоонун эң коркунучтуу зомбулук түрү. К. башка бирөөнүн менчигине ээ болуу максатында, өмүр менен денсоолукка коркунучтуу зордук-зомбулукту колдонуу же мындай зомбулукту колдоно тургандыгы менен коркутуу аркылуу жасалган колсалуу.
КАРАКЫШ — топоним. Эпос боюнча кыргыздардын Алтайдан Ала-Тоого көчүү жөнүндөгү кеңешине К-тан да келишет:
Анын арка жагынан
Каракыш шаардын Бурчагы
Каркап кырк миң кол менен
Каптап келди бу дагы (Сагымбай Орозбаков, 2. 30).
Географиялык реалияда Синьцзяндагы Каракаш шаарчасына туура келет.